Шашылыш кабар:

Кара-Суу: 800 гектардан ашуун жер сугат суудан кыйналат

Кара-Суу: 800 гектардан ашуун жер сугат суудан кыйналат
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн маселеси жөнүндө сөз кылдык. Бизге келген маалыматтарга ылайык, аймакта суу татыштыгы, жол жана жер көйгөйлөрү бар. Аймактын ушул жана башка маселелерин айыл тургундарынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Кара-Суу айыл аймагынан жергиликтүү кеңешинин депутаты Жаныбек мырза:

— Кара-Суу Нарын облусундагы чоң айыл өкмөттөрүнүн бири. Бизде 6 миң 8 жүздөн ашуун калк бар. Кара-Суу үч айылды камтыйт. Айылдын күн батыш тарабында 800 гектардан ашуун жерге суу келиши абдан татаал. СССРдин убагынан бери эч кандай ирригациялык система курулган эмес. Сай менен келген суунун жарымы сайга сиңип кетет, калганын эптеп өз күчүбүз менен чыгарып жүрөбүз. Трактор менен эле сайдын ичин кырдап иштетип жүрөбүз. Долбоор жазып, өкмөттүк, бейөкмөт уюмдарга кайрылып, сайдын ордуна лоток койдуруш керек. Башка арга жок. 6 км узундуктагы жерге канал курууга айыл өкмөтүнүн өзүнүн күчү жетпейт. Суу жетишпейгендиктен дыйкандар аз  түшүм алышат. Суу жетпей чөптөр куурап да кетет. Орточо эсеп менен лотоктун цементине эле 2 млн 800 миң сом кетет экен. Жумушчулардын айлык акысын, темирлерди эсепке алганда 10 млн сомдой каражат керек.

Андан сырткары, башкы план боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Биздин план 1973-жылдагы экен. Башкы план кымбатка турат. Бир айылдын плани 500-600 миң сомдон чийилет.  Өкмөт тараттап колоо болоорун да билбейм. Азыр архитектуралык жагдайларды эске албай курулуштарды куруп салышкан. Башкы план боюнча жол маселеси да бар. Айылда калк көп болгондуктан ичүүчү суу толук жетпейт. Таза суу киргизебиз деп ички түтүкчөлөрдү желим түтүкчөлөргө алмаштырганы менен үстүңкү колонкалар мурдагы бойдон калды.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Кабаев:

— Биздин айыл өкмөт экиге бөлүнөт. Айылдын жогору тарабында 800 гектар жер мөңгү суусунан сугарылат. Суу үч каналга бөлүнөт. Кар жакшы жаап, мөңгү ээриген кезде суу келет, аны дароо каналдарга буруп, сугат иштерин жүргүзөбүз. Мөңгү аз болсо келе жаткан суу сайга сиңип жок болот. Айыл өкмөт дотацияда тургандыктан өз каражаты менен канал кура албайт. Мамлекет колдоо көрсөтпөсө биз чече албайбыз. Келген чондорго, жогору жактагыларга да кайрылганбыз. Каналга көп каражат кетет. Мен кызматка келгиниме бир жарым жыл болуп калды. СССР тараган соң жаңы конуштар пайда болду, эски план менен жүрөбүз. Башкы план үчүн бюджеттен 300 миң сом бөлдүк. Бирок план чийген мекемелер 500 миңден чийет экен. Ошентсе да башкы планды чийүү иштерин баштайбыз.

Аймак тургуну Сталбек мырза:

— Биз мөңгүнүн суусун сугат сууга пайдаланабыз. Сайдын туурасы 1 жырам километрдей болсо, узундугу 8 км. Канал жок. Долбоор жазып да көрүштү, бирок майнап чыккан жок. Атайын сууга деген техникабыз да жок. Мамлекет жардам берсе эл менен кеңешип колдоо көрсөтөбүз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache