Шашылыш кабар:

Журналистке айланган белгилүүлөр

Журналистке айланган белгилүүлөр
Билим жана Маданият
0

Радио жана байланыш күнүнө карата “Марал” радиосу атайын чыгарылыш менен обого чыкты. Тагыраагы түрдүү кесип ээлери өздөрүн журналист катары сынап көрүштү. Медиа эксперт Алмаз Турдумаматов “Күн чабыт” программасын алып чыкса, эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов “Айлампа” программасында журналист катары өзүн сынап көрдү. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге саат башында диктор катары кабар окуу кандай сезим калтырды? Төмөнкү материалдан тааныша аласыз.


Эстрада ырчысы Урмат Усенов буга чейин алып баруучулукта өзүн сынап көрсө да, бүгүн “Маралдын” толкунунда саат башында жаңылык окуу оор болгонун жашырбайт. Ал расмий маалыматты тааныштыруунун, жеткирүүнун жүгү оор экенине токтолду.

Буга чейин көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөм. Бирок расмий жаңылыктар менен тааныштыруу ачыгын айтсам оор экен. Балким ката кетирип алам деп, ойлонуп жаттым. Жоопкерчилик чоң. Ошондуктан, бул эфирге чыккандан кийин журналисттердин ишин жон терим менен сездим.

Радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата уюштурулган атайын эфирде Урмат Усенов сыяктуу башка маданият өкүлдөрү, саясатчылар, мурдагы министрлер, коомдук ишмерлер алып барышты. Маселен эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов “Айлампа” программасында бүгүн конок эмес, алып баруучулукту колго алды.

Буга чейин түз эфирге чыгып жүргөн менен эфирди башкаруу оор экенин айткан депутат буларга токтолду.

-Анча-мынча сүрдөө болду. Алып баруучу болуу дагы кыйын экен. Өзгөчө мен үчүн эфирдин жүрүшүндө коноктордун сөзүн бөлүп, башкаруу кыйын болду. Анткени мен да көп эле конок болуп эфирге катышып жүрөм. Бир теманы баштаса, башка жакка кетип калмай адатыбыз бар да.

Саат башындагы кабарларды окууга чакырылган депутат Акылбек Жамангулов эфирге чейин сүрдөбөй жатканын айтты эле. Бирок эфирден чыккандан кийин:

“Кыйын турбайбы. Негизи интервью бергенде жакшы эле берчи элем. Көрсө эфирге чыгуу башкача экен. Эми дагы чакырсаңар үйрөнүп калабыз”,-деп журналисттердин жумушуна баа берип кетти.

Ал эми мурдагы вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев “Марал” радиосунда саат 10:00 дөгү кабарды окуду. Канчалык өзүңө ишенсең да, микрофонду сыйлоо керек деп, саат башындагы жаңылыкты окуп жатып, бираз сүрдөгөнүн, айрым жерлерде мукактанып калганын айтты.

Чакырсаңар келип турам. Мага эфирге алып баруучу катары чыккан жагып калды. Микрофондун сүрү бар, анан аны сыйлаш керек. Маселен көп тажрыйбасы бар ырчылар да сахнага ар чыккан сайын сүрдөнөт. Анткени сахнага болгон сыйы бар. Ошондой эле, эфирлерге карата мамиле да ошондой болуш керек.

Ал эми ди-джейлердин ордуна оюндарды ойноткон ырчы Мерген Турган айрым учурда оюн шартын тескерисинче угармандардан үйрөнгөнүн жашырган жок.

Мен жай сүйлөйм да. Анан мага бөлүнгөн оюнда суроону бат-баттан айтуу керек экен. Аракет кылдым. Ачыгын айтканда айрым учурда угармандар да мага эскертүү берип жатышты. Бирок бара-бара үйрөнүп калдым. Үйрөнгөндөн кийин мага бөлүнгөн эфир да бүтүп калды.

Саат башында кабар окуу сезимин татып көргөн “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков болсо, ар бир иштин оорчулугу бар экенин, радиодогу обого чыгуу да көп эмгекти талап кыларына көзү жеткенин айтып өттү.

Бирөөнүн кадырын билиш үчүн анын ишин жасап көр деген сөз бар. Акыркы кезде биз саясатчыларды, ырчыларды, журналисттерди баарын сындап калдык. Ошол сыяктуу мен азыр бүгүн биринчи жолу түз эфирде кабар окуп көрдүм. Кабар окуу жөнөкөй иш эмес экен. Артикуляция деген бар, тилдин так чыгышы, ар бир сөздү туура айтуу деген талаптар бар.

«Марал ТВ» теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрынан тарта компаниянын алдында “Марал” радиосу түзүлүп, 2012-жылдын январь айынан баштап 24 саат тынымсыз уктурууларын баштады. Негизинен төрт багытта: маалымат, тил, маданият жана адеп-ахлак жаатында эфирге чыгууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache