Шашылыш кабар:

Бүгүн радио жана байланыш күнү белгиленди

Май 7th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бүгүн радио жана байланыш күнү белгиленди
Билим жана Маданият
0

Бүгүн, 7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында орус физиги Александр Попов биринчи болуп үналгыны дүйнө коомчулугуна жарыя кылган. Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Учурда дүйнөдө байланыштын ар кандай түрү пайда болуп, өнүгүүдө.


Мирлан Жусупов байланыш тармагындагы жаш кадрлардын бири. Өздүк курам менен интернет байланыш менен камсыздап келет. Бул тармакта эмгектенгенине 10 жылга чукулдап калса да, майда зымдарды кошуу, бөлүштүрүү жагын мыкты өздөштүргөн. Алган маянасынын аздыгына карабай, күн сайын изденүүнүн үстүндө. Жаш болсо да ишинен баар таап, Кыргызтелекомдун алдынкы кызматкерлеринин катарын толуктайт.

-Интернет зымын тартууда биздин ишибизге суу тоскоол болот. Бирок жумуштун көзүн билген үчүн мага жасоо оңой эле.

Мындан 123 жыл мурун 7-майда орус физиги жана электортехник Александр Попов дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган. Мына ошол күндөн баштап 7-май-радио күнү катары белгиленип келет.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан.

Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө радиодон башка да байланыштын түрү өнүгүүдө. Тагыраагы уюлдук байланыш жана интернет кеңири жайылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюлдук байланыш менен 7 млндон 200 миң абонент камсыздалган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Өлкөдө оптикалык кабель менен байланыш 70 пайыз камсыздалган. Жалпы байланыш менен камсыздалбаган 43 гана айыл калды. Алар график менен байланыш менен камсыз болот. Биз байланыштарда жаңы технологиялар менен камсыздоодобуз. Сапариптик берүүгө өтүүдө өлкө жакшы көрсөткүчтөрдү жасады.

Азыркы күндө калктын 70 пайызга чукулу  интернет пайдаланышат. Кыргызстан интернетти 2 жол менен алат. Биринчиси 90 пайызга чейин Казакстандан алынса, Элкат компаниясы келишимдин негизинде Орусиядан түз алып келет. Бирок ал жол да Казакстан аркылуу өткөндүктөн транзит үчүн акы төлөнөт.  Өлкө эркин интернет пайдалануу  рейтинги боюнча  чөлкөмдөгү  өлкөлөрдөн  алдыда деген менен баасы жана ылдамдыгы начар экенин IT адис Рустам Айтбеков билдирди.

-Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы өтө эле төмөн. Муну эл аралык изилдөөлөрдө көрүүгө болот. Албетте интернетти колдонгондордун саны көбөйдү. Ошону менен бирге интернетти сунуштаган провайдерлердин саны да өстү. Болгону кошумча пакеттер гана сунушталат. Жалпы сапаты жогорулады деп айта албаймын.

Көп жылдан бери байланыш тармагында иштеген ардагер Туниса Калмаматованын айтымында, мурун бир айылдан экинчисине байланыш кылуу үчүн замдар тартылчу. Азыр андай кыйынчылыктар жок. Жада калса жайлоодо чабандарда байланыштын ылдам түрүн колдонуп калды деп кошумчалады.

-Сөзсүз, байланыш өнүгүүдө. Мындан кийин дагы өнүгөт. Биз иштеп турганда байланышты жеткирүү татаал эле.

Учурда радио интернеттен кийинки эле эң ыкчам маалымат булагы болуп саналат. Кыргызстанда азыр жыйырмадан ашык радиоканал бар. Алардын дээрлик баарында саат сайын жаңылыктар окулуп турат. «Марал» радиосу алгач ирет 2011-жылдын 11-декабрда обого чыккан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache