Шашылыш кабар:

Абас Чикеев: «Сыйлыкты эрте алган деле болбойт го, баркын билбей, көөп кетишиң мүмкүн»

Май 7th, 2018 | by Каныкей Бозгунова
Абас Чикеев: «Сыйлыкты эрте алган деле болбойт го, баркын билбей, көөп кетишиң мүмкүн»
биздин жолдор
0

«Биздин жолдордо» бул ирет 7-май — Эл аралык радио жана байланыш күнүнө карата КРнын Эмгек сиңирген артисти, Жогорку категориядагы диктор, Кыргыз теле-радиосунун ардактуу ардагери, ырчы, обончу, учурда Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Абас Чикеев менен студиябызда маектештик.


— Абас агай саламатсызбы! Студиябызга кош келдиңиз! Алдын ала биздин чакыруубузду кабыл алып келип бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем!Алдыда 7-май эл аралык радио күнү. Сиз көп жылдар теле-радио жаатында диктор болуп эмгектендиңиз. Андыктан бул майрам сизге түдөн түз тиешелүү. Андан сырткары, 9-май Улуу Жеңиш күнү. Ошондуктан, алгач сизди май майрамдарыңыз менен чын дилден куттуктайм!

— Рахмат! Мен дагы кыргыз элин, ардагерлерди, радио кызматкерлерин алдыдагы майрамдары менен куттуктайм! Ар бир үйдө жакшылык, майрам болсун! Илгери 1-май, 9-май майрамдарын өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгилечү элек. Азыр андай эмес… Элибизге тынчылык, жакшылык, бакубат жашоо каалайм!

 — Акыркы учурларда сиздей залкарларды ушундай майрамдарда, майрамдык кечелерде эле көрүп калып атабыз. Деги эле ушул мезгилдерде эмне менен алек болуп жатасыз?

— Чыгармачыл адам болгондон кийин чыгармачылык менен эле алектенет экенсиң. Музыка жан дүйнөңдү ээлеп алгандан кийин ал такыр кетпейт экен. Деги эле кыргыз калкы музыкага, обонго жакын калкпыз. Ошол талантты мага кичине көбүрөөк берип койсо керек. Азыр дагы жаңы обондор жазылып, аны ырчылар аткарып жатышат. Мисалы, өзүмдүн иним Чолпон менен Алия келиниме арнап чыгарган «Байбичем» жана «Ысык-Көлүм» деген ырларды Алтынбек Сапаралиев, ошондой эле, башка ырларымды жаш аткаруучулар дагы ырдап жүрүшөт. Негизи, чыгармачылык жеке эле өзүң үчүн эмес, эл үчүн болгондуктан, эл ырдаса дейт экенсиң. Анткени алар өзүңдүн балаңдай болуп калат.

 — Кудай буюрса 71 жаш кутман куракка келип калдыңыз. Ушул жашта адам көбүрөөк эмне тууралуу ойлонуп калат экен? Коомду карап туруп эмнеге кубанып, эмнеге көбүнчө күйүп-бышып, капаланып каласыз?

— Ар бир күн өзүнчө башкача болот. Бир күнү үй-бүлөңдү, бала-бакыраңды, алардын келечегин ойлойсуң. Бир күнү теле-радиону угуп алып, ага дагы бушайман болосуң, тынччылык болсо экен деп. Мына жаңы президент келди. Эми ал эл үчүн жакшы иштеп берсе экен. Согуш деген апаат жаман нерсе да, ошондуктан, Кыргызстанда деги эле дүйнө жүзүндө тынччылык болсо экен. Ушундай ойлордон улам дагы жакшы обондор жаралат.

 — Колуңузда неберелер бар да. Алар дагы чыгармачылыкка өзгөчө эргүү берет бекен?

— Ооба. Өзүбүз деле ошентип чоңойгонбуз, бирок, небереники башкача болот экен. Аларга болгон сезимди сөз менен айтып жеткире албайм. Кечээ бир неберем «ырдап берем» деп комузун көтөрүп алыптыр. Бул нерсени мен обон менен жеткиришим мүмкүн.

 — Айткандай быйыл 71ге чыктыңыз. Бирок, 70 жылдык мааракени ушул жылы белгилейин деп жатыптырсыз. Эмне себептен убагында белгиленбей калды?

— Кыргызда ырым кылып мааркени дал убагында эмес, өткөрүп белгилейт деп сакалдуу кишилер айтышты. Ага дагы ынанып калдым, анын үстүнө шарт деле ошого ылайык болуп калды. Жакшылыктын эрте-кечи жок, аманчылык болсо өткөрөөрбүз.

 — Сиз өзүңүз музыкалык окуу жайларда билим алган экенсиз. Бирок, жогоруда айткандай, бир топ жыл теле-радиодо диктор болуп иштедиңиз. Бул тармакка кандайча келип калдыңыз?

— Ал убакта бизде дикторлорду окуткан окуу жай болгон эмес. Бизде Аблезим Ниязов дикторлорду чогултуп, өзү сабак берчү. Ал дагы бизге чоң сабак болду, ошондон аттандык. Бирок, ага чейин 1964-жылы М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга келгенде, обончу Аксуубай Атабаев менен жатаканада чогуу жашап калдык. Мен ага чейин эле аккордеон черткенди үйрөнүп келгем. Ошол жылы Атабаевдин «Үлөнүү той» деген ырын биринчи ырдап чыгып элге таанылып калгам. Андан тышкары, Матановдун «Накинай» деген ырын ырдагам. Чындыгында бул чыгармалар жакшы чыккандыктан, бардык жерде Чикеев, Каныкей Эралиева жана башкалардын ырларды жаңырып тураар эле. Бирок, радио-теледе Турсун Уралиевдин аркасы менен көп аралашып жүргөм. Андан кийин мен аскерге кетип калдым. Ал жактан келсем, ал кезде Болот Малдыбаев филармониянын жетекчиси эле, ал чакырып «эртеңден баштап бизге иштейсиң, биз сени кабыл алдык, Алтынбек Сапаралиевдер менен чогу ырдайсың» деп колума формамды карматып койду. Мен аскерде «Искра» ансамблинде ырдап жүргөм. Анан үйгө барсам, карындашым «радиодо дикторлукка сынак болуп жатыптыр, сиздин тааныштарыңыз бар эле, мен радиого иштегим келет, айтыңыз» деп калды. Барсак, баары эле мен тааныган кишилер, Турсун Уралиев, Орозбек Кутманалиевдер баштап жүрүшкөн экен. Аңгычакты, Турсун Уралиев «студияга кирип Ыбырай Туманов жөнүндө бир текст окуп бер» деп бир тутам кагаз берди. Мен кадимкидей эле запись экен деп жарым саат окудум. Укмуш жазылган текст экен өзүм дагы ыйлагым келди. Чыккандан кийин тигилер «элдин баарын ыйлаттың» дешти. Ошол замат эле Аблезим Ниязовду чакырышты, ага «ушул уктурууну ким окуду, мындан кийин ошол окусун» деп ак үйдөн чалышыптыр. Аблезим агай мени «эртеңден баштап ушул жерде диктор болуп иштейсиң» деди. Мен филармонияга жумушка алып коюшкан деп болбой атам. Ал болсо «ушул жерде иштейсиң, же такыр башка жерде иштебейсиң» деп койду. Ошону менен унчукпай калып калдым. Бул 1969-жылдын күз айлары болчу. Ошондо мени менен бирге Жеңишбек Ашымов, Абдубачаев, Мырзабек Абдыкалиев деген жигит келген экен. Аны менен катар эле өзүмдүн обондорумду чыгарып, ырдап жүрдүм. Кийин Ысык-Көлгө теле-радио ачылганда ошол жакка кеткем.

 — 7-май – Эл аралык радио күнү. Учурунда сиздер бул майрамды чоң салтанат менен белгилесеңиздер керек? Азыр бул майрамдын мааниси сиз үчүн кандай?

— Ал кезде эми майрамдардын бардыгы өзгөчө белгиленчү да. Борбордук аянтта өткөн ар бир салтанатта кыргызча сүйлөгөнгө көбүнесе мени чакырышчу. Кийин ал майрамдардын бардыгы жок болуп кетти. Көрсө, ошол майрамдардын шаңы дагы элдин биримдигине чоң өбөлгө болчу экен. Элдин маанайы дагы өзгөчө болоор эле, анын баары бир туруп эле жок болуп кеткенде эл томсоруп калды. Анан кийин митингдер, нааразычылыктар көбөйө башташты.

— Азыр эми диктор деген кесип жокко эсе болуп, эркин алып баруучулукка өтүп кеттик. Ушул нерсеге кандай көз карашта болдуңуз? Радио, телени карап туруп алардын деңгээлине кандай баа бересиз?

— Убагында бизди окутканда ар бир тамга, ар бир сөздүн теледе, радиодо кандай айтылыш керектигин үйрөтчү да. Кийин журналисттер өздөрү алып барып баштады. Алардын тили, үнү ар башка дегендей. Ушундан улам дикторлордун баркы түшүп кетти. Бирок, азыркы учурда билимдүү, сүйлөгөнү олуттуу, өңдүү-түстүү жаштар көбөйө баштады. Алар өзүнүн деңгээлине жараша жакшы алып барып жатышат. Эркин алып баруучулук мага жакшы эле таасир калтырып жатат. Биздин учурда бир гана «Кутмандуу күн» деген эркин берүү бар эле, ошондо гана Гүлшан Молдоева, Шалиман Нурматова, Турдубай Абракуновдор менен көп алып бардык.

 — Адамдын үнү дагы өзү менен кошо карыйт турбайбы. Азыркы учурда деле сизге тексттерди окутуп калышабы?

— Ооба. Көбүнесе повест, романдарды окуп бериңиз деп кайрылып калышат.

 — Дикторлук билимиңизди Өзбекстандан барып жогорулатып келген экенсиз. Юрий Левитандан сабак алган деп укканбыз…

— Ал кезде союздук өлкөлөрдүн бардыгынан ошентип окутуп турчу. Мен барганда Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстандан дикторлор келишкен. Кийинчерээк бизден Бактыбек Мамытов барып калды. Жаңыдан үйрөнүп келе жаткан биз үчүн Юрий Левитан сыяктуу дикторлордон сабак алуу абдан чоң жолдомо, багыт, таасир, келечегибизге жардам болду. Мен дайыма Левитанды туурай берчүмүн. Бир күнү көрүп калып, ошондон кийин «мой любимчик» деп калган. Бактыбек экөөбүздү тең жакшы көрүшчү. Билимибизди жогорулатып келгенден кийин көптөгөн уктурууларды алып бара баштадык. Ал учурда радиодо иштеп, таалим алмайынча телеге жиберилчү эмес. Анда ар бир тамга, сөздүн айтылышын текшерип жатып окучубуз.

 — Өзүңүздүн педагогикалык билимиңиз дагы бар экен. Бул тармакта иштедиңизби?

— Ал багытта иштеген жокмун. Аны жогорку билим керек болгон үчүн окугам. Мен өмүр бою эле диктор болуп жана обончулукту алып кеттим. Андан тышкары көптөгөн обончу, композиторлордун ырларын аткардым. Өзүмдүн обондорум 100гө чамалады, бирок, анын баарын өзүм аткарган жокмун, ырчылар ырдап жүрүшөт. Гүлзат Батырканова алгачкы ырларымдын бири болгон «Жоокердин издерин» 9-майда ырдап калчу.

 — Ырлардын сөздөрүн дагы жазып каласызбы?

— Жок мен сөз жазбайм. Жазылган сөздөрдү обонго ылайыктап оңдойм. Себеби, бир кайрыктары жетпей калат же ашып кетет. Бир учурда ыр жазып дагы көргөм, себеби, апам ыр жазчу. Бирок, өзүмө жакпай калды, өзүмдүн колуман келген ишти кылайын дедим.

 — Адамды чөйрө тарбиялайт эмеспи. Сиз чыгармачылык жолуңузда кимдерден көбүрөөк таасир ала алдыңыз?

— Менин чыгармачылык жолумда ошол эле мени менен катарлаш жүргөн обончу, аткаруучу жана башка чыгармачыл адамдар, досторум таасир берди. Алардын ичинен Асанкан Жумакматов мага чоң таасир берди. Ал кишинин жөө жүргөнү дагы, сүйлөгөн сөзү дагы жакчу. Ошол кишидей болсом деп калчумун. Ошол эле, Кубанычбек Осмоновдун «Тоолук кыз», «Энекебай» деген ырларын алгач ырдап чыккам, бүгүнкү күндө «Аталар» деген ырын ырдап жүрөм. Же болбосо, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов деген залкарлардын таасири көп эле тийди. Менин өзүмдүн атам Обкомдун 1-катчысы болуп иштеген киши эле, Шаршенбай Кулов менин аталаш бир тууганым ыр жазчу. Ошондой, кызматчылардан дагы көп таалим алдым.

 — Ушул жолду тандаганыңызга өкүнгөн учурлар болгон жокпу?

— Мен антип айткандан алысмын. Адамга жарлаганда эле бир касиет берилсе керек. Мисалы, мен атамдын жолун жолдоп кызматчы болуп кетсем деле болмок, аны деле кылмакмын. Бирок, мен ырчылыкты тандадым. Демек, адам ар кандай нерсеге шыктуу болот. Анын ичинен Кудай берген нерсеге ыктап кетет экенсиң. Өкүнбөйм.

 — Ар бир адамдын баскан жолу ар кандай болот эмеспи. Сиздин басып өткөн өмүр жолуңуз бир калыпта болдубу же ашуу, бел, бороон-чапкынды көп кезиктирдиңизби?

— Аралаш эле болот экен. Бирок, алдыңа бир беткей максат койсоң аны багынтууга аракет кыласың. Ошол элге жакшы чыгармаларды тартууласам деген эле максат менен келе жатам. Эл ошону жаш кездегидей угуп, ырдап турса, бакыт эмей эмне.

— Анын ичинен өтө татаал жолдор деп кайсы мезгилди эсептейт элеңиз?

— Татаал жолдор болбой койбойт, кырсыктар болот экен… Менин атам каза болгондо мага чоң сокку болду. Ошондо белим сынгандай бир сынгам. Апам каза болгондо дагы ошондой болдум. Бирок, тирүүчүлүктө өзүңдү кармап, башкаларга үлгү болгонго аракет кылат экенсиң. Кандай күйүп-бышып, жүрөгүң сынып турса дагы күлүп-жайнап жашооңду улантканга туура келет экен…

 — Сиз сыяктуу элдин көзүндө жүргөн адамдардын элдин сый-урматына ээ болуп, кадыр-барк топтоп, анан ошол бийиктикте кармалып калуу дагы оор болсо керек?

— Оор. Бир калыпта жүрүү, күн сайын адам болуу кыйын экен. Ошентсе дагы адеп-ахлак деген бар, ошондон алыс чыкпайын, жаман көрүнбөйүн, эл түшүнсө экен, жакшы жагынан көрсө экен деп үмүт кылат экенсиң. Дайыма эле ачык жүрө албайсың, дайыма карманып жүрөсүң. Ошо жагы бар.

 — Ал эми сиздин кыргыз маданияты, эл үчүн жасаган эмгектериңиз мамлекет тарабынан кандай деңгээлде бааланды деп эсептейсиз? Же нааразы кылган учурлар дагы болдубу? Дегеним, сиз Эмгек сиңирген артист деген наамды дагы кечирээк, 1993-жылы алыптырсыз…

— Бул сыйлыкты эрте алсанда деле болмок эмес экен деп ойлойм кээде. Анткени, жаш кезде көөп кетишиң, же баркын билбей калышың мүмкүн. Орто жашта алсаң эмгегиңдин баалангандыгын түшүнүп, башкача кабыл алат экенсиң. Бирок, мен кайда барбайын элдер Эл артисти деп айта беришет. Буга мен эмес, элдин нааразы болуп калган учурларына кездешип калам. Мен «силер берсеңер болду» деп калам.

 — Басып өткөн жолуңузда убакыттан эмнени уттурдум деп ойлойсуз? Азыр ушул жашыңызда жаштыгыңызга анализ жүргүзүп жатсаңыз керек?

— Көп учурда анализ жасап эле жүрөм. Мен учурунда чыгармачылык деп эле, элди, ишимди ойлоп, үй-бүлөмдү, өзүмдү ойлобоптурмун, көңүл бөлбөптүрмүн. Бул менин кемчилигим деп эсептейм. Жардам сурап келген адамдардын бардыгына жок деп айтпаптырмын. Өзүмдү эч ойлобоптурмун. Азыр эсиме келип, көзүм ачылып келе жатат. Азыр ойлоп күлкүм келет…

 — Абас агай сизге убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергендигиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем! Бекем ден-соолук каалайм! Көп жашаңыз!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache