Шашылыш кабар:

Мугалимдер «окусаң оку, болбосо жок» дегендей мамиле кылышат (Элдик пикир)

Мугалимдер «окусаң оку, болбосо жок» дегендей мамиле кылышат (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Коомчулукта мектептеги окуу жылын 12 жылга өткөрүү демилгеси талкууланып жатат. Адистер мындай ыкма билим берүү тармагын реформалоого жакшы жол дешет. Алардын пикринде, дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келгендей 12 жылдыкты бүткөн бала бир тармакты тандап окууга мүмкүнчүлүк алат. Ал ортодо эл өкүлү Мирлан Жээнчороев окуучулар 11-класска чейин милдеттүү түрдө билим алууга багытталган мыйзам долбоорун  сунушталган. Анын айтымында, долбоордун максаты өспүрүм балдардын уюшкан кылмыштуу топторго, радикалдык уюмдарга кирип кетүүсүн алдын алуу болуп саналат.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында билим берүү тармагындагы күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам “Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү зарылбы?” деген теманын алкагында угармандарын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү активист Эдиль Байсалов алып барды.

Байланышка чыккан угармандардын баары 12 жылдык билим берүүгө каршы экенин билдиришти. Алардын пикиринде, билим берүүнүн мөөнөтүн узартканга караганда, анын сапатын жогорулатууга көңүл буруу зарыл.

Жээналы:

— Билим берүүдө азыркы система жакшы. Окуучулар өлкө шартына жараша милдеттүү түрдө кесиптик лицейлерде билим алуусу зарыл. Математиканы окуганы менен өзү жашаган жердин аынтын өлчөй албагандар көп.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов:

— Орто мектептерде балдар менен кыздарды экиге бөлүп окутушса. Ошондо жетишкендиктер жогору болмок. Ага кошумча каражат же мекеме да талап кылынбайт. Чогуу окушса бири-бирине кат жазып отуруп убакыт өтөт.

Нурбек:

— Биринчи кезекте 11 жылдык билим берүүнүн сапатын түздөп алсак болмок. Кыргыздар үчүн убакыт маанилүү. Балдарды эрте окууга беребиз.

Угарман:

— Билим берүү системасы заманбап талаптарга өтүшү зарыл. Окуучулар шыгы болгон тармакта билим алсын. Биз СССРдин системасы менен баарын окута беребиз, бирок жыйынтык аз болот. Андыктан 5-6-класстан соң кесиптик багытта окутсак болмок. Илимдер академиясында адис жок. Кыргызстан экономикага көңүл бөлгөнүбүз менен билим болбосо артта калабыз.

Корея, Медет:

— Балдар маалыматты 6-класса чейин гана жакшы кабыл алат экен. Андан ары өздөштүрүү, билим алуусу башкача болот. Кореяда балдар алгач жалпылап сабак окуйт. Бирок 8-класстан тарта кесиптик багытта билим алат. Жомок китептери балдарга көп пайда алып кебейт, болгону фантазциясын гана өстүрөт. Жаш кезде 8-11-класс аралыгында окутулган сабактарды үйрөнгөн жакшы. Балдар 8-класска чейин жакшы окуйт, андан ары окууга толук көңул бурулбайт. Мугалимдер жакшы сабак берет, болгону окуучулардын кызыгуусу жок. Кореяда мектептердин басымдуу бөлүгүндө балдар менен кыздар бөлүнүп окуйт. Жашоо корей сериалдардарындагыдай эмес. Тартип күчтүү.

Рустам:

— Билим берүүнүн санын эмес, сапатын көтөрөлү. Мектеп эмес бала бакчадан тарта акча алышат. Окуу 12-15-8 жылдык болсо да сапатка маани берсек. Мен окууну бүткөнүмө 30 жыл болду. Ал убакта катуу карашчу, азыр мугалимдер «окусаң оку, болбосо жок» дегендей мамиле кылышат. Мугалимдер да билимсиз, анткени университетти акча менен бүтүрүшкөн. Балдарды жогорку окуу жайга даярдоону мектептен башташ керек.

Жума:

— Тарбия жагы начарлап калды. Агайлар менен бирге тамеки тарткан окуучуларды көрүп жатабыз. Эмне үчүн сабак учурунда мугалимди видеого тарткан окуучуну жоопкерчиликке тартпайбыз. Мугалимдин айтканын балдар жакын кабыл алат. Ошондуктан мектептен бирелген тарбия абдан маанилүү. Балдар менен кыздарды бөлүп окутууну дин менен байланыштургандын кажети жок. Түрк лицейлеринде колдонулган бул тажрыйба жыйынытыгын берүүдө. 12 жыл орто мектепте, андан ары университетте окуп жүрүп 50гө чыкканда кайда барып иштейт? Мугалим окуучуну адам болсо экен деп урушат.

Жылдызбек:

— Билимдин сапатына көңүл бурулбай жатат. Мектеп эмес бала бакчада деле бай, кедей болуп бөлүнүп калган. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү ойлоп зээниң кейийт. Шаарда 4 кезмет менен билим берген мектептер бар. Колунда барлар менчик мектептерде окуйт, колунда жоктор кыйналат. Бир эне кантип 4-5 баласын окутат. Конституцияда билим берүү бекер деген менен жашоодо андай эмес. Элде көп балалуу болгондор азайды. Мектепти 12 жыл окугандар жумуш менен камсыз болот деп ким кепилдик берет?  Кыргызстанда өзүбүзгө жумуш орундары жок болгону менен кытайларга орун табылат. Аймактарга дарыгер, билимдүү молдокелер, мугалимлер жетишпейт. Бир өнөрдун ээси кайсы жерге барбасын иштеп кетет. Эң аз айлык алгандар мугалим менен дарыгерлер. Андыктан ири реформа жасаш керек.

Гулзат:

— Коомчулук билимдүү адамдарды кабыл албайт. Аларды жек көрүп, четтете башташат. Жалпылап айтканда  Кыргызстанда билимдүүлөр өнүгө албайт. Анткени руханий көрө албастык бар. Аялдар өз ордунда турушу зарыл, аялдарды саясатта да колдонушат. Азыр салт, Батыш же  Чыгыш менен жашаганыбыз, кайда баратканыбиз белгисиз. Билимдүү адам чыкса, дароо басып салышат.

Бактияр:

— Эн жакшысы 10 жылдык окуу. 12 жылдык окууга каршымын. Бул жөн гана убакытты текке кетирүү болуп калат. Мен мыктымын деген балдардын деңгээли меникини жетпейт. Өзүм он жылдык билим алгам.

Төрөкан:

— 12 жылдык окуу талапка ылайык эмес, окуучулар арасында тартипсиздиктер көбөйөт.

Марат:

— 12 жылдык окууга каршымын.

Эдиль Байсалов:

— 11 жылдык мектепти бүткөндөр да университетке даярдыксыз келишет. Ал эми дүйнөлүк масштабда карасак Кыргыстага салыштырмалуу орто мектепти бүткөндөрдүн билим деңгээли жогору, алсак кытайдын окуучулары робот жаратып жатат. Орто билим берүү системасынын сапатын жогорулатуу зарыл. Балдар менен кыздарды бөлүп окуутууну колдобойм. Сауд Аравияда да балдар менен кыздарды кошуп окутушат. Конституцияда аял менен эркекетердин укугу тең. Мени кыздар менен балдардын ортосундагы ажырымга караганда байлар мене кедейлердин ортосундагы ажырым көп тынчсыздандырат. Байлар балдарын мамлекеттик мектептерге окутпайт. Алардын балдары келечекте коомго аралашабы же өзүнчө калк болобу? Мамлекет ар бир окуучуга компьютер алып бериши зарыл эле. Буга көп каражат кетпейт. 12 жылдык билим берүүгө каршымын.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache