Биз менен байланышыңыз

Малайзия бийлиги 9 уйгур мусулман качкынын Кытайга кайрып берген жок

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1447 | 0

Малайзия бийлиги Таиланддан качкан 9 уйгур мусулманды кайтарып берүү тууралуу Кытайдын талабын аткарган жок. Бул тууралуу Aljazeera  жазып чыкты.

Малайзиянын миграция башкармалыгы тарабынан иши каралып бүткөн кытайлык качкындар коё берилди. Алардын жактоочусу Фахми Мойндун айтымында, кытайлык жарандар Куала-Лумпурдан чыгып, Түркияга учуп кетишти.

Эске салсак, 9 уйгур мусулман 2017-жылы кытайлык күч түзүмдөрү тарабынан диний ишенимдеринен кайтпай, каршылык көргөзгөндүгү үчүн Таиланддагы түрмөгө камашкан. Алар түрмөнүн дубалын оюп качып чыгып, чек араны кесип Малайзияга өтүп кетишкен.

Кытай тарап качкындарды кайтарып берүү боюнча өлкөгө бир нече ирет басым көрсөткөн. Бирок эл аралык коомчулук, укук коргоо уюмдары аларды кайтарбоо сунушун Малайзия жетекчилигине берип келишкен. Кытайдын Синцзян автономиялык облусунда жашаган миллиондогон уйгур мусулмандарына борбордук бийлик тарабынан зордук-зомбулук көрсөтүлүп жаткан кезде аталган качкындарды кайтаруу-аларды ачык өлүмгө түртүү болмок.

Эми малайзиянын бул кадамына Кытай бийлиги пикирин билдире элек.

Кошумчалай кетсек, Синцзян автономиялык облусунун уйгур мусулмандарын психологиялык жактан “кайра тарбиялоочу” лагерлер октябрь айында мыйзамдаштырылды. Анда өздөрүнүн идеологиясынан баш тарттыруу, жашоо образын озгөртүү жана диний ишенимдеринин негизинде жашоодон узактатуу сыяктуу чаралар көрүлөт. Муну Кытай компартиясы терроризм менен күрөшүү деп атаганы менен БУУ, Европарламент сыяктуу эл аралык уюмдар этникалык жана конфессиялык азчылыктарга карата зомбулук катары баалап, тынчсызданганын билдиришүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM