Шашылыш кабар:

Диний билим берүү, аны реформалоо улуттук коопсуздук менен байланышта

Диний билим берүү, аны реформалоо улуттук коопсуздук менен байланышта
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчи кадрларын даярдоо институнунун ректору, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жакшылык Борочоров жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Эсенгелди Жумакунов менен диний билим берүү жана мектептерде дин таануу маселеси тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Борочоров:

Диний билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат…

2014-жылы коргоо кеңешинин чечими менен диний билим берүүнү реформалоо боюнча бир топ маселе көтөрүлгөн.  Ошол эле жылы иштелип чыккан диний билим берүү боюнча концепциянын негизинде бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. 1991-жылдан бери Кыргыстан дин аралашпаган өлкө болуп келе жатып, балким мамлекет 2014-жылы динге көңүл бурууну туура көрүп, реформага барды. Диний билим берүүнүн сапатында, медреселердеги сабактардын деңгээлинде көп көйгөйлөр бар болчу. Ошондой эле университеттердеги теология факультеттеринде, алардын алдындагы колледждерде диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана динди коомчулукка туура үйрөтүү максатында реформа башталды.

Ата-энелер балдарын медресеге көбүнчө үч негизде берет…

Ата-энелер балдары ыймандуу, адептүү болуп тарбияланышы үчүн медерсеге алып келишет. Айрымдыр балдары медреседе окуп диндар болуп, намазын окуп, таза жүрүшүн, көз жумганда артында Куран окуган перзенттери калышын каалашат. Мындан сырткары, “балам молдо болуп, башкаларга дин үйрөтсө экен» деген максатта медреседе окуткандар бар. Бирок медреседе окуп билим алгандар окууну аяктаганда күбөлүк же аттестат ала албай жатышат. Анын айынын жалпы республикалык тестирлөөгө кире албай, жогорку окуу жайга тапшары албай калышууда. Ушул жагдайларды эске алып реформа башталган. Ага кошумча диний билим алгысы келгендер чет өлкөдөн билим ала башташты. Мындайда чет өлкөгө барып, башка диний агымдардын таасиринде калбастан, Кыргызстан өзү диний билимди түптөп, керектүү кадрларды өлкө ичинде даярдоо кадамы ташталган. Анын арты менен “Ыйман” фонду ачылды. 2008-жылы диний  билим берүү боюнча токтоп калган токтом, мыйзамдар кайра кабыл алынаары айтылды. Бирок бул иш аягына чыкпай калды, анын себеби бизге белгисиз калды.

Медреселерде муфтият тарабынан Аалымдар кеңеши бекитип берген окуу планы бар…

Медреселер башталгыч, орто жана жогорку болуп бөлүнгөн. Куран, хадис, араб тили жана башка сабактар канча сааттан окутулаары так көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, айрым диний окуу жайларда георгафия, Кыргыстан тарыхы жана башка сабактарга да орун берилген. Бирок каржы маселеси чечилбегендиктен көпчүлүк медреселер аталган сабактарды окута албайт. Айрым медреселер мүмкүнчүлүктөрүнө, шарттарына жараша демөөрчүлөрдү таап, алардын колдоосу менен толук программа менен окушат. Медреселерде жалпы 6 миңге жакын окуучу билим алууда. Бул окуу жайды бүтүргөндөрдүн аттестаты жарабай калгандыктан ортодо калып калууда. Жыл сайын окууну бүткөн 500 бүтүрүүчү ортодо калып калчу болсо, коомго чоң көйгөй жаралат. Биздин институт жетекчи кадрларды даярдоо институту катары лицензия алып, окуучуларды чогултуп окутуп жатканбыз. Бирок каржы маселеси чечилбей калгандыктан мугалимдер да, окуучулар да келбей калып, ара жолдо туруп калдык. Бирок 15 баланы окутуп бүтүрдүк. Эгер ишти токтотпой улантсак өлкө казыятында, муфтиятта иштей турган балдар институтка келип, жогорку билим алса Кыргызстан өзү даярдаган кадр чыкмак. Мекемени каржылаган “Ыйман” фонду колдоодон баш тартчу болсо анын кереги барбы деген маселе чыгат.

Каржы маселеси чечилбегендиктен айылга барып имам болгондор аз…

Имамдардын билими жогорулатылып, ири иш-чаралар болуп жатат. Алардын көпчүлүгү медресени бүтүп келишет. Жогорку медресе же Ислам университетинде дин психологиясы, дин философиясы, социалогия, логика сыяктуу сабактар окутулса калкка динди таанытуу оңой, имамдардын эл менен иштешине жеңилдик болмок. Университетти бүткөн бүтурүүчүлөр айыл жерине имамдыкка барбай жатышат. Анткени каражат маселеси толук чечилген эмес. Андыктан муфтияттын алдында фонд ачып, ажылыктан, башка жактан түшкөн акчалар менен имамдардын айлыгын төлөп берүү боюнча сунуш киргиздим. Эгер ушул же башка жол менен бул көйгөй чечилбесе айылдарга имамдар барбай калат. Даватчыларды окутуу үчүн муфтияттын алдында төрт борбор бар. Окуу программалары чыгарылып берилген.

Жумакунов:

Мамлекет динге көңүл бура баштады…

1991-жылдардан тарта өлкөдө динге болгон кызыгуу күч алган. Анткени диний боштуктар толбой калгандыктан эгемендүүлүктөн соң динди тереңдетип үйрөнө башташты. Жарандар колуна тийген адабияттардан же барган өлкөдөн гана диний билим алышкан. Ошол эле учурда экстремизм, террористтик уюмдарга кошулуп кеткендер боюнча көйгөйлөр чыга баштады. Исламдан башка динге кирген кыргыздар пайда болуп, аларды мүрзөгө коюу боюнча дагы маселе жаралды. Мындан улам динди туура үйрөнүү маселеси бышып жетилген. Муктаждык келип жетилгенине жыйырма жылдан ашып кетти. Мамлекет дагы убагында динге көңүл бурбай, динден тышкары мамлекет деген принципти карманып тура берген. Боло турган чоң коркунучтардын алдын алуу максатында кайра динге көңүл бура башташты. Анын негизинде медреселердеги билим берүүнү жогорулатуу, мамлекеттик стандарттарга жеткирип, аларга лицензия берүүгө шарт түзүп берүү маселеси көтөрүлгөн. Медресе мугалимдеринин билим деңгээли текшерилип, аттестаттциядан өткөрүлдү. Талапка жооп бербеген айрым медреселер жабылды. Реформа ушундай нукта жүрдү десек болот.

Мамлекет диний кызматкерлерге айлык берүүгө милдеттендирилген эмес…

Диний тармактагы реформа менен бир топ мечит катоодон өттү. Кээде аша чаап кетип, бир көчөдө эки мечит салынган учурлар болду. Бирок момундар жалаң мечит эмес, бала бакча, мектеп куруп, жол оңдосо жакшы болоору диндин түпкүрүндө да бар. Азыр акырындык менен ушул сыяктуу иштерди жасаган мусулмандар көбөйүүдө. Кыргызстан динден сырткаркы мамлекет болгондуктан мечиттер бейөкмөт уюм катары каттоодон өткөн. Ошондуктан мамлекет диний кызматкерлерге айлык берүүгө милдеттендирилген эмес. Ошондой болсо да “Ыйман” фондуна түшкөн каражаттардын эсебинен имамдарга стипендия берилип келе жатат. Медресеге окуучулар 9-классты бүтүрүп келиши керек. Алар университетке улантып кете алышы үчүн 10-11-класстын билимин да алышы зарыл. Айрым медреселер бул көйгөйдү башка мектептер менен келишим түзүп, чечип алышкан. Алсак, окуучулар күндүз медреседе билим алса, кечинде мектепке барып, 11-12-класстын сабактарын окушат. Ошол эле учурда кээ бир медреселерде окуучунун коомго аралашуу процессин көзгө илбегендик бар.

Чет өлкөдөн билим алып келгендердин ортосунда карама-каршылыктар чыккан учурлар бар…

Медреселерди бүтүргөн окуучулардын документтери жогорку окуу жайга өтүүгө жарабагандыктан теологиялык колледж ачылган. Бул пилоттук долбоор Түркиянын тажрыйбасы менен ишке кирген. Себеби Түркиядагы “Имам Хатиб” лицейлери диний билим менен кошо кадимки сабактарды да окутушат. Мекеме Билим берүү министлигинин көзөмөлүндө болот. Ал эми бүтүрүүчүлөр мамлекеттик стандарттагы аттестатарды алышат. Биздин колледж да ошол нукта ачылган. Бул окуу жай ийгиликтүү иштеп жатат, жакында биринчи бүтүрүүчүлөрүн берет. Чет өлкөдөн билим алып келгендердин ортосунда карама-каршылыктар чыккан учурлар бар. Диний карама-каршылыктарды болтурбоо үчүн өзүбүздүн өлкөдө диний билим берүүгө жетишүү зарыл.  Диний билим берүү, аны реформалоо улуттун коопсуздугу менен байланыштуу. Динди түшүнбөстүктүн айынын трагедиялуу окуялар жаралып жатат. Ошондуктан диний сабатсыздыкты жоюш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache