Шашылыш кабар:

Сатыбалдиев: ТВЕА өкүлдөрү менен Үрүмчүдөгү көргөзмөдө таанышкам

Сатыбалдиев: ТВЕА өкүлдөрү менен Үрүмчүдөгү көргөзмөдө таанышкам
Кыска кабар
0

«Эксим» банкынын талаптарына ылайык, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча тендер өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Эксим» банкы жумушчуларды өздөрү тандап бермек. Келишимге кол коюлганга чейин мекемелер аралык комиссия кытайлык компания тууралуу маалымат топтогон. Алардын корутундусунун негизинде жана баалар ыңгайлуу болгондуктан TBEA комнапиясы тандалып алынган.

Сатыбалдиев белгилегендей, депутаттардын бир бөлүгүү TBEA, экинчи бөлүгү СМЕК компаниясын колдогон. Эл өкүлдөрү Кытайга кайсыл ишкана сапаттуу иш алып бараарын тактоо максатында барышкан.

«ЖЭБди реконструкциялоо чечимин кабыл алганда TBEA тууралуу айтылган эмес. Аталган компания менен келишимге кол коёрдон мурда Үрүмчүгө жыл сайын өтчү көргөзмө үчүн баргам. Ошол сапардын алкагында TBEAнын өкүлдөрү менен тааныштым «, — дейт Сатыбалдиев.

Маалыматка ылайык, ЖЭБди модернизациялоо боюнча төрт компаниядан сунуш түшкөн. Алардын үчөө кытайлык ишканалар болсо, бирөө Орусиянын компаниясы болгон. Орус компаниясы модернизация иштерин 518 млн долларга баалаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache