Биз менен байланышыңыз

Бишкек ШИИББнин криминалдык милиция башкармалыгына жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 660 | 0

Улан Айтбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгон.

Улан Айтбаев Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган. 1996-жылы Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү болуп иштеген.

Андан сырткары ички иштер системасында ар кандай жетектөөчү кызматтарды ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM