Биз менен байланышыңыз

Трамп Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Каванодон кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 1081 | 0

АКШнын Жогорку Сотуна судьялыкка президент Дональд Трамп сунуштаган Брет Каванонун талапкерлиги кабыл алынып, кызматка киришүү антын берди. Бул тууралуу Би-би-си жазып чыкты.

Өлкөнүн тарыхындагы эң  чуулуу жана узакка каралган судьялык талапкердин иши  бир нече нааразылык акциялары менен коштолду. Каванонун талапкерлиги көрсөтүлөрү менен Калифорния университетинин бир мугалими 1982-жылы Каванодон зордуктоого дуушар болгонун айтып  чыккан. Бул соттогу Каванонун ишин оорлоштуруп, дээрлик бир айда акталып, шайланды.

Анын кызматка киришкен күнү дагы каршылык акциясы болуп өттү. Митингдин уюштуруучулары аялдардын укугун тебелеген адамдын Жогорку сотко судья болуп калуусуна Трамптын администрациясы  кийлигишкенин айтып чыгышты.

Салтанатта Трамп Каванодон америкалыктардын атынан кечирим сурады.

“Жалган жалаанын айынан Кавано жана анын үй бүлөсү тарткан кыйынчылыктар үчүн өлкөмдүн атынан кечирим сурайм”,-деди АКШ президенти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM