Шашылыш кабар:

Үч-Дөбө айылы: Чыр чыкса таш баран башталат. Балдар, аялдар качып чыгабыз

Үч-Дөбө айылы: Чыр чыкса таш баран башталат. Балдар, аялдар качып чыгабыз
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Баткен районуна караштуу Аксай жана Үч-Дөбө айылынын маселелерин талкууладык. Маалыматка ылайык, аталган айылдар Тажикстан менен чектешкендиктен эки улуттун ортосунда пикир келишпестиктер көп орун алат. Аймактын ушул жана башка маселелерин айыл тургундарынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Үч-Дөбө айылынын жашоочусу Асан мырза:

— Биз менен Тажикстандын ортосунда жол бар. Ал жол көп жылдан бери чечилбей келет. Акыркы жолу чыр чыкканда биздин аким Кеңеш Салихов, анын орун басары келип, 1989-жылкы картаны көрсөтүп, тажиктер менен келишип, 20 күндө маселени чечип беребиз деген. Ошол бойдон чечиле элек. Негизи жол, анын берки тарабы да Кыргызстанга таандык экен. Тажиктер жолду талашып “жолдун берки жагына да там салбагыла, тосмо орнотпогула” деп жатат. Тажиктер, жер өлчөгөн адистер жол бизге таандык экенин айтканына карбай, чондорду укпай, ортодо чыр чыгат. Мындай чырлуу окуялар жыл сайын кеминде эки жолу болот. Бирок буга бийлик эч кандай аракет көрбөй жатат. Чырдын айынан жерин сатып, башка жакка көчүп кеткендер көп. Тажиктер күн сайын Кыргызстан тарапты көздөй жылып келет. Алардын максаты 1 см болсо да кыргыздардын жерин ээлеп алуу. Балдар мектепке кеңири барып келе алышпайт. Милициялар да жакшы коргоп бере албайт. Бул көйгөй Баткендеин мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин салымы менен чечилет. Анткени ал мурда чечип келген. Айбалаев, чек-ара маселелерин, канча жерлер ижарага берилгенин, канчасы чоңдордун колу менен сатылып кеткенин билет. Азыркы губернатор, акимдин күчү жетпейт.

Аксай айылынын тургуну Нурлан мырза:

— Чек ара такталбагандыктан көп пикир келишпестиктер болот. Мисалы, Көк-Таш, Үч-Дөбө айылдарында бир үй кыргыз, экинчиси тажик паспорт менен болгондуктан далил жок. Документтин жоктугу Кыргыз Өкмөтүнүн күнөөсү. Эски архивдерге караганда, көпчүлүк жерлер сатылып кеткен. Таш-Тумшак айылында тажиктер көп болгондуктан балдар окууга бара албайт же ээн-эркин көчөгө чыга алышпайт. Бизде жайыт, жайлоо маселеси көп. Тажиктердин биздин жайлоолордо мал багууга акысы жок. Аны айтсак, “кана сенин чегиң” деген ызы-чуулар болот. Эл бул маселени чече албайт экен. Эки тараптын чоңдору макулдашууга келиши керек. Майда-чүйдө чырлар көмүскөдө эле калып калат. Ал эми чоң ызы-чуулар жылына 2-3 жолу болуп турат.

Үч-Дөбө айылынын тургуну Катыча айым:

— Пикир келишпестик болуп, кичинекей нерсенин айынын чоң чыр чыгып кетет. Эки элдин ортосунда бир жол бар. Чыр-чатак чыкчу болсо таш баран башталат, тамдар талкаланат. Биз жашаган көчөдө тажиктер көп болгондуктан кыргыздар кире албайт. Ызы-чуу башталса балдар, аялдар качып чыгабыз, жалаң эркектер калат. Азыр тажиктер жашап жаткан жер мурда жайыт болчу. Кийин колдонууга берилип, тажиктер көчүп чыга баштаган. Балдар мектепке чоң жол менен басып бара албайт. Айылдын сырт жагында кыргыздар жашаган аймактын жолу менен барышат. Мектеп чек арада жайгашкан. Бираз ызы-чуу болсо меткеп дароо жабылат. Жаштар акырындык менен башка жактарга көчүп кетишүүдө. Көйгөйдү чечүү боюнча эч кандай аракет жок. Чоңдор келип ал-абалыбызды сурап коюшат, бирок чек араны тактоо боюнча эч кандай аракет байкалбайт.

Баткен районунун акими Кеңеш Салихов:

— Элдердин арасында жаз мезгилинде гана сугат суу маселеси чыгат, башка көйгөй жаралбайт. Чек ара маселесин чечиш керек, аны комиссия карайт. Кыргызстандын комиссиясы жакында Тажикстанга барып бир жума жүрүп келди. Иштер жүрүп жатат, чек ара маселеси чечилсе чыр-чатактардын баары токтойт. Жергиликтүү бийлик, күч органдары, чек ара кызматы өз милдеттерин аткарып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев:

—  Бул көйгөйдү мурда чечиш керек болчу. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын курч маселеге айланууда. Себеби аймактын калктын саны өсүүдө. Андан сырткары кошуна мамлекеттин экономикалык абалы жакшыры, укуктарын өйдө койгонго аракет кылып калышты. Тажик тарап Кыргызстанга жакын аймакка элди көчүрүү боюнча чоң иштерди жасап жатат. Биринчиден инфраструктураны өнүктүрүп, жол куруп, электр жарыгын киргизди. Кыргыз Өкмөтү тарабынан эч кандай жумуш жасалбай, маселе чечилбей жатат. Ал тургай чек арада жашагандарга тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Мекенчил кыргыздар жашаган жерин коргоого аракет кылып жатышат. Мамлекет тарабынан ал жактагы жарандардын укугун жетиштүү деңгээде коргоп бере албай жатабыз. ЖКда бул маселени көтөрүп келе жатам. Бул көйгөйдү чечүүгө эки мамлекеттин президенттери чоң салым кошот. Андыктан өлкө башчылар чек ара көйгөйүн тез арада чечүүгө аракет кылышы зарыл.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache