Шашылыш кабар:

Депутаттардын 30 % гана иштейт, калганы бош отурат (Элдик пикир)

Депутаттардын 30 % гана иштейт, калганы бош отурат (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Жогорку Кеңеш — КР парламенти — мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен, мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган. Анын конституциялык курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат. ЖКда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана башка маселелер боюнча жалпы тогуз комитет бар.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Жогоку Кеңештин VI чырылышынын депутаттарынын иши канааттандырабы?” деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Рита Мукалаева алып барды.

Байланышкан угармандардын 80 % ЖКнын ишине канааттанбайт. Алардын пикиринде эл өкүлдөрүнүн саны көптүк кылат.

3 угарман Жогорку Кеңеш иштеп жатканын бирок жүрөк жылытаарлык жумуштар аткарылбай жатканын айтса, бир угарман эл өкүлдөрүнүн ишин канааттардыраарлык деп баалады.

Дайырбек:

— Мен ЖК аткарган иштерге такыр канааттанбайм. Көчөдө көргөн адамдардан сурасаңыз да ушундай жооп аласыз. 6 миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстанга 120 депутат көптүк кылат. Бизге 30-40 депутат жетмек, ар бир облустан шайланып келсе жакшы болмок. Алсак, Орусиянын 425 депутаты бар, бул алар үчүн нормалдуу. Анкени Орусиянын калкынын саны көп. Күн сайын жаңы партия түзүлөт. Алар эмне иш кылып жптканы белгисиз. Депутаттардан кол тийбестикти алуу зарыл, болбосо өздөрүн Кудайга теңеп алышты. VI чырылыштын депутаттары айрым жакшы мыйзамдарды кабыл алса алгандыр, мен мыйзамдарды окуп, алар менен жакындан таанышпайм.

Нурлан:

—  Жыйында аз депутат отурса да мыйзамдар колдоо таба берет. Келбеген эл өкүлүнүн ордуна башкасы добуш берип коёт. Адыктан ЖКнын ишин канааттандыраарлык деп баалабайм.

Угарман:

— ЖКнын иши канаттандарбайт. Алар саясат менен алектенип, башка жумуш аткарышпайт.

Айнура:

— ЖКнын, Дастан Жумабековдун айынын уялам. Жыйын залы бош болгондо да мыйзамдарга добуш берилип, кабыл алынганына зээниң кейийт. Мындай депутаттар канааттандырбайт. Ар бир депутат өз программасы менен тандалышы зарыл. Эл партияга эмес, депутаттарга добуш берсе. Партиялык тизме менен бийликке келгендерди эл тандай албайт. Биз үчүн караңгы болуп жатат. Андыктан региондордон тандалсын. Эл өз баасын берсин. Мен ЖКнын ишине “0” деген баа коём.

Бакыт:

— Бизге ушунча көп депутаттын кереги барбы? Аларга ири суммадагы каражат кетет. Кичинекей өлкөгө 15-20 депутат жетет. Алар да юридикалык билимге ээ болушу керек. Чет өлкөгө чыгып эс алган эл өкүлдөрү да жок эмес. Депутаттык мандан алып, бекер эле бир орунду ээлеп отургандар керек эмес. ЖКнын иши канааттандырбайт.

— Whatsapp:

— ЖК иштеп жатат. Жасалган иштер анын курамынан көз каранды. Алар айылдардыга көйгөйлөрдү билишпейт, элден узак.

— Эл өкүлдөрүнүн 30 % гана иштешет, калганы бош отурат. Ошондуктан алардын иши канааттандырбайт. Көпчүлүгү эмне менен алектенээрин билбей ЖКга келип алышкан.

— Депутаттар элден узак. Себеби ЖКда байлар отурат.

— ЖКнын курамын үчкө бөлүп карасак болот. Алар – иштеп жаткандар, мамлекетте эмне болуп жатканына кызыкпагандар жана бир нече чакырылыштарда иштеген ардагер депутаттар. Баары кандайдыр бир деңгээлде ЖКнын ишине салым кошуп жатышат. Жыйынтыктап айтканда ЖКнын ишине “2” коймокмун.

— Эл кандай болсо, ЖК да ошондой болот. Коомчулук кандай болоору ЖКдан көз каранды.

— Бир нерсе жазып, айтып жаткандай болушат. Бирок качан ишке ашаары ачык суроо.

— ЖКда жакшы мугалим, кесипкөй дарыгерлер отура. Тилекке каршы алар кабыл алган мыйзамдар иштебейт. Алардын эмне үчүн иштебей жатканы да Жогорку Кеңешке берилчү суроо. Мыйзамдардын сакталышын, аткарылышын каалайт элем.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache