Биз менен байланышыңыз

Боронов Бишкек ЖЭБиндеги ыкчам персоналдын даярдыгын текшерди

Кыска кабар , Сүрөт | 8 Окт 2018 | 1212 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы аварияга каршы окуу-машыгууларына катышты.

Анда Боронов химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларынын иши, турбиналык цехтерди жана буу казандар цехин оңдоо, айнек салуу, тосулган конструкцияларды жана чатырды оңдоо иштери менен таанышты.

Маалым болгондой, 1-октябрда аталган борбордо реконструкцияланган химиялык цехтин курулушу  жыйынтыкталган.  Анын долбоордук кубаттуулугу саатына 144 метр кубду түзөт.

Учурда химиялык цехтин жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 504 метр кубду түзөт, мурда анын кубаттуулугу саатына 360 метр кубду түзгөн.

Мындан тышкары, машыгуу учурунда абанын кескин төмөндөшүнөн улам келип чыккан катаал авариялык абалдагы ыкчам персоналдын аракети иштелип чыкты.

Эске салсак, быйыл январь айында жылуулук борбордо авария болуп, шаар тургундары жылуулуксуз калган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM