Шашылыш кабар:

Үмөталиев: Никол Пашинян улуттун жаңы үмүтү

Апрель 30th, 2018 | by Бахар Хакимова
Үмөталиев: Никол Пашинян улуттун жаңы үмүтү
Күн чекит
0

Ушул тапта Армениядагы оппозициялык көтөрүлүштүн лидери Никол Пашинян премьер-министрликке жалгыз талапкер болуп жатат. Анын талапкерлигин парламенттеги үч партия колдоду. Ал эми  28-апрелде парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Республика” партиясы өзүнүн талапкерин чыгарбай турганын маалымдаган.

Ошентип, Пашиняндын талапкерлигин үч партиядагы 47 депутат колдой турган болду. Бирок өкмөттү башкаруу үчүн 105 депутаттын 53ү добуш бериши керек. Отставкага кеткен Саркисяндын “Республика” партиясы парламентте 58 мандатка ээ. Пашинян бийликчил партиянын да колдооруна үмүт артып жатканын билдирди.

Эми ушул оппозиция лидери бийликке келсе Арменияда кандай өзгөрүү болот? Бул суроонун алкагында “Кыргыз концепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Сиз эл аралык маселелерге да сереп салып жүрөсүз, айтсаңыз Армениядагы оппозициялык көтөрүлүштүн лидери Никол Пашинян бийликке келсе эмнени өзгөртө алат? Деги эле бул Пашинян деген ким?

Эмил Үмөталиев: Байкасаңыздар, Пашиняндын сүйлөгөн сөзү жана өзүнүн орус тилин колдонгонунан улам анын улуттук жаран экенин, улуттук маданиятты ичине сиңирип алып, башка тилде акцент менен сүйлөп жатат. Ошондой эле анын акыркы билдирүүсүн карасак, “мен европачыл дагы, батышчыл дагы, орусчул дагы эмесмин, мен мекенчилмин”, — деди (про армян). Ошентип анын азыркыга чейин аткарган иштерин жана убадаларын караганда, Пашинян улутчул экенин, бирок улуттун жаңы баалуулуктарын, дүйнөлүк көз караштагы изденүү үстүндөгү прагматикалык саясатчы катары таанып турсак болот.

Негизи Армения, Пашинян жөнүндө маалыматыбыз аз. Бирок анын өзүн дүйнөгө таанытуусуна караганда, ал көбүрөөк жаңы муундун кызыкчылыгын колдогон, мурдагы империянын тарбиялаган элитасы эмес, жаңыча көз караштагы саясатчыга окшошот.

Марал: Пашиняндын бийликке келүүсү Армениянын «Республика» партиясынан көз каранды болуп турат. Ал колдоо табышы мүмкүнбү, же сүйлөшүүгө барабы?

Эмил Үмөталиев: Аны биз биле албайбыз. Колдосо да, колдобосо да армян элинин сөзү, каалоо-ниети, акыркы жумалардагы элдин көчөгө чыгып, өзгөчө жаш, билимдүү муундун, ортоңку класстын саясатка катышуусу – бул Армениянын жаңы жүзү. Бул жаңы жүз, күч, үмүт менен мамлекеттин ички режими эсептешпей кое алган жок. Керек болсо сырттан дагы ошол режимди колдогондор токтото алган жок.

Марал: Өткөн апта соңунда Армениянын президенти Армен Саркисян “өлкөнүн жаңы тарыхынын барагы ачылды. Биз Жаңы Арменияда жашай баштадык” деп билдирүү жасаганы кабарланган. Эгер Пашинян бийликке келсе өлкөдөгү саясий кризис жөнгө салынабы?

Эмил Үмөталиев: Армениядагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө эч ким толук анализ кыла албайт. Бирок биз эмненин күбөсүбүз? Армения көп жылдан бери жарандык коом куруп келе жаткан. Бул багытта алардын тажрыйбасы кыргыздыкынан дагы көбүрөөк ийгиликтүү болуп жатат. Мисалы Армениянын жарандык коому билимдүү, заманбап, жаңы технологияларды жакшы тааныган, дүйнөлүк өнүгүү институттарын куруу боюнча биздикине теңтайлаш, кээ бир жерде биздикинен артык.

Аны менен бирге, акыркы жалдары булар парламенттик республиканы куруп жатат. Алардын Конституциясы Кыргызстандыкындай опур-тапыр эмес, парламенттик республиканы түзүүгө көбүрөөк негиз түздү. Кемчиликтери болушу мүмкүн, бирок ал бизге азыр байкалбайт.

Президенттен парламентке бийлик толук өтөт дагы, элдин шайлоосу менен келген саясатчы парламент аркылуу премьер-министр болуп калса, анда Арменияда бийликтин тең салмактуу болушуна шарт түзүлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache