Шашылыш кабар:

Т. Акун: Жээнбеков мамлекет дегенде ичкен ашын жерге койгон улуу инсандардын бири

Апрель 30th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Т. Акун: Жээнбеков мамлекет дегенде ичкен ашын жерге койгон улуу инсандардын бири
Кыска кабар
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчы Жээнбековду күнөөлөп, чоң ката кетирди. Мындай пикирин укук коргоочу, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков Атамбаев менен айтышпай, адептүүлүгүн көрсөтө алды.  Атамбаевди командасы күчөтүп жиберди. Себеби чыңалуу тез болуп кетти.

«Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет дегенде ичкен ашын жерге койгон улуу инсандардын бири. Анын айкөл, таза жактары бар, шапай, аяр иш кылат. Жээнбековдун тазалыгын колдодум, Текебаев камалып калса, Бабановду колдомок белем», — дейт укук коргоочу.

Президенттин 24.kg сайты менен журналист Кабай Карабеков боюнча жазган арызын кайтарып алганын мисал кылып, кыска убакытта көп жакшы иштер жасалып жатканын белгилеген Турсунбек Акун, ишти жөнгө салуу үчүн президентке бир жылдай убакыт керектигин айтат.

Ал буга кошумча, оппозициялык күчтөр Жээнбековду колдоп жатканын билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache