Шашылыш кабар:

Пакистандык мусулман Англиянын ички иштер министри болду

Апрель 30th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Пакистандык мусулман Англиянын ички иштер министри болду
Дүйнө кабарлары
0

Саджид Жавид Англиянын Ички иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэй Твиттердеги баракчасына жазган.

Саджид Жавид теги пакистандык мусулман. Ал буга чейин Жавид аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри болуп иштеп турган. Ал эми ички иштер тармагында болсо, алгачкы ирет пакистандык мигранттардан министр дайындалууда,-деп жазат Sky News.

Ал эми Ички иштер министрлигинин мурунку жетекчиси Эмбер Радд өз арызы менен ээлеген кызматынан кеткен. Анткени ал  Англиядан мыйзамсыз мигранттарды чыгарып жибергени үчүн депутаттардын сынына кабылган.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache