Шашылыш кабар:

Тажикстан кытайлык ТВЕА компаниясына бир катар алтын кенин берүүгө макул болду

Апрель 30th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Тажикстан кытайлык ТВЕА компаниясына бир катар алтын кенин берүүгө макул болду
Дүйнө кабарлары
0

Тажикстанга ЖЭБ куруп берген Кытайдын ТВЕА компаниясы эми аталган өлкөдөгү бир катар алтын кендерин казууга уруксат алды. Бул тууралуу ТВЕА компаниясынын жетекчилиги маалымдаган.

Маалым болгондой, Кытайдын ТВЕА компаниясы Дүйшөмбү шаарына 349 млн долларга жаңы ЖЭБ куруп берген. Ага кеткен каражатты жабуу үчүн Тажикстан кытайлык компанияга «Чыгыш Дуоба» алтын кенин иштетүү лицензиясын 2016-жылы берген. Ал эми быйыл дагы бир алтын кен «Жогорку Кумаргды» да кытайлык компания алып иштете тургандыгы белгилүү болду. Тажик бийлиги муну «Чыгыш Дуоба»  кениндеги алтын запасынын баасы  ЖЭБке кеткен каражатты толук жабалбайт деп түшүндүрүшкөн.  деп комментарий берген. Мындан улам экинчи алтын кенди иштетүүнү да Кытай тарапка берүү чечимин кабыл алган.

Мындан сырткары Тажикстан Кытайга Зидда тараптагы көмүр кенин иштетүү лицензиясын да берген. Бирок, кытайлык ТВЕА компаниясы ал көмүр кенден пайда түшпөйт деген таризде баш тарткан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache