Шашылыш кабар:

Кайда барса да каадасын калтырбаган кыргыз

Апрель 29th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Кайда барса да каадасын калтырбаган кыргыз
Блог
0

 

Кыргыз кайда барса да кыргыз. Айрыкча, аш-тойдогу кааданы бекем сактап, бөтөн эл, бөтөн жерде деле кыргыз экенин унутпаганга аракет кылган эл экенбиз. Мен буга бөркүмдөй ишенип калдым. Эми сөз башынан болсун.

Жакында бир тууган сиңдимди Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан турмуш жолуна узаттык. Куда тарап дагы миграциянын агымы менен ошол жакка барып, очор-бачар болуп калган кыргыз үй-бүлөсү экен. Мындан улам кыз узатуу дагы, элге берилген той да ошол жакта болду. Ата-энем менен Кыргызстандан Санкт-Петербургга сапар тартып жатканда, мен үчүн Орусияда кыргыздардын тою кандай өтөөрү ары табышмактуу ары кызык болду. “Кыргызстандагыдай эле кадимки чоң тойбу же чакан кафеде сыйлообу?”-деп, учакто ойго чөмүлүп барды. Жакындарыбыз да биздин бул сурообузга жооп берерде азил-чыны аралаш “чакан” эле той болорун айтышты.

Орус туугандарды таң калтырган шайыр күйөө балдар

Ошентип биз күткөн той күнү да келди. Болочок жар кадимкидей ак көйнөгүн кийип, күйөө бала жоро-жолдоштору менен ырдап, аккордеон тартып кирип келишти. Түштүк тарапта күйөө балдар кызды алып кетүүгө ырдап шаңдуу келет эмеспи. Биздин күйөө балдар да так эле ошондой болуп, Орусиянын ордолуу шаарынын көп кабаттуу үйдүн батирине шаан-шөкөт менен кирип келишти. Албетте, бул көрүнүш короодо жашаган орус туугандардын кызыгуусун жаратты. Айрымдары тескерисинче, “тынчыбызды алып жатасыңар” дегенсип карап турушту. Апалар дароо эле күйөө бала жана досторуна арнап тээ Кыргызстандан алып келген ак калпактарды кийгизе салды. Кадимкидей кой союлуп, шорпо тартылып, бул жактан ала барган сары сабиз менен Өзгөн күрүчүнөн палоо да жасадык. Ошентип күйөө балдар менен куда тарапты сыйлап, баталарды берип, сиңдимди турмушка узаттык. Каадасын эч жерде таштабаган, бек сактаган элимен айланам!

 

Кечки саат 6:00го деп чакырылган коноктор саат 7ден өтүп келишти

Кечиндеги той шаардагы банкет залдардын биринде болду. Жаш жубайларды жар-жар айтып, жүгүнтүп, коноктордун алдына алып киришти. Той башталды. Кыргыз кай жерде жүрсө да кыргыз, деп бекеринен айтпадым. Анткени кечки саат 6:00го деп чакырылган коноктор саат 7ден өтүп келишти. Үлпөт той саат сегизде башталды. Ал жактагы кыргыздар арасында да атайын тамада чакыруу өтө маанилүү экен. Куда тарап Питердеги той үчүн Москвадан атайын тамада жигиттерди чакырышыптыр. “Кимдин кимдин заманы, ырчы менен тамаданын заманы”-деген тамашалуу кептин чындыгында бул ирет да ынандым. Тамада болсоң эч качан жумушсуз калбайт окшойсуң деп ойлоп койдум. Тамаша. Ии баса, москвалык тамадалар менен кошо ырчысы, жар-жарчысы да келишкен. Той кыргызстандагы “хит” болгон ырлар менен башталды, коштолду. Эки тарап бири-бирине “акча кыстырмайды”, “жоолук салмайды” да унуткан жок. Арада эле орус эстрадасынын ырлары (ал да 80-жылдын хиттери) жаңырып калбаса, өзүмдү Кыргызстанда тойдо жүргөндөй эле сезип жаттым. Той аяктай баштаганда, эт тартмай башталды. Бир гана өзгөчөлүгү жылкы эмес, кой союлду (жылкыны Орусияда кайдан тапмак эле). Калган тамак-аш, төгүп-чачмай, ысырапкорчулук баягыдай эле… Айтмакчы, той бүтө электе эле “пакет операциясы” башталып, шыгыраган пакеттердин үнү чыга баштады. Мына ошентип акырында бата менен той да аягына чыкты.

“Той болот, тойдун эртеси да болот”

“Той болот, тойдун эртеси да болот”,-демекчи, албетте мен өз мекендештеримдин Кыргызстанда болобу, чет жерде болобу дүркүрөтө той бергенине кубанам. Бирок, ысырапкорчулук жагынан караганда, канча акча көп тапкан сайын, андан ашыгын чачканды адатка айлантып жатканыбыз мени кейитет. “Аш-тойдогу ысырапкорчулукту кыскарталы, жоёлу” деген сунуштардын айтылганына көп жыл болду. Той-аштардагы ысырапкерчиликти жоюу максатында кандай гана демилгелер көтөрүлгөн жок. Мыйзам долбоору сунушталып, коомдук активисттер үлгү болом деп аз убарагерчилик менен той өткөрсө да, бул демилге көпчүлүк учурда колдоо таппай келет. Иш жүзүндө “каадалар ашса ашты,бирок кемиген жок”. Мына эми жакында эле “Кереге” коомдук фонду да үлгүлүү тойдун сценарийлерине сынак жарыялады. Ал демилге эми канчалык колдоо табат деген ой туулат. Айтайын дегеним, эзелтен той-ашка жакын кыргыз эли кайда болбосун ал адатынан тайбайт тура… Бирок кыргыздар мурдагы салттарды карманабыз деген соң учурунда 25 жашта мамлекет башкарган Жусуп Абдырахмановдун, улуттун атын улуу кылып дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун, эмгегин элине арнаган, тою эмес ою бийик болгон залкарлардын салтын улантсак кана… Аттиң…

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache