Шашылыш кабар:

Kөчмөндөр оюнуна карата өзгөчө коллекциядагы монеталар жарык көрөт

Апрель 28th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Kөчмөндөр оюнуна карата өзгөчө коллекциядагы монеталар жарык көрөт
Эколикбез
0

«Эколикбез» программасынын бул жолку чыгарылышында «Улуттук банктын коллекциялык монеталары, аны чыгаруу  пландары жана сатылып бүткөн коллекциялык монеталардын аукциондору» туурасында сөз болду.

Суроолорго Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Эсенгелдиева жана ошол эле башкармалыктын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Эсенгулова жооп берди.

Коллекциялык монеталар аукционго жыл сайын коюлат

Улуттук банк коллекциялык монеталарды 1995-жылдан баштап чыгарып келе жатат. Азыркы учурда коллекциялык монеталарды жүгүртүүдөгү банкноттор менен катар төлөм каражаты статусуна ээ. Бирок коллекциялык монеталардын материалдары баалуу металдардан жасалат. Ал күмүш, алтындан же жез-никелден болот. Бирок өтө көп эмес даанада чыгарылат.  Алар нумизматикалык рынокту өнүктүрүү үчүн жасалат. Муну менен катары коллекционерлерге дагы багытталат. 1995-жылы  эң алгачкы коллекциялык монета «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган.  Ал күмүш жана алтындан жасалган. Андан соң 2000-жылдан тартып,  атайын кабыл алынган программанын негизинде жыл сайын коллекциялык монеталар чыгарып келүүдө. Коллекциялык монеталарды чыгаруунун максаты руханий агартуучулук болуп саналат. Ал эсептөө системасында пайдаланылбайт.

Кыргызстанда 69 түрдөгү коллекциялык монета бар

75 өлкөнүн борбордук банкы 650 түрдөгү баалуу металдан жасалган монеталарды чыгарат.  Алар эркин акча каражаттарын чегерүү үчүн өзгөчө инструмент катары кызмат кылат. Бул коллекциялык монеталарды Кыргызстандыктар салып алып, алардын нускасы сатыкта түгөнгөн учурда  коллекционерлердин арасында же экинчи жүгүртүүдө алардын баалуулугу бир нече эсе көбөйөт. Ошондуктан кошумча нивестиция болуп калат.

Бүгүнкү күнгө чейин Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталардын 69 түрү бар. Анын ичинен төртөө алтын, 54 күмүш, 15 жез-никел жана 2 мильхиор монеталары болуп саналат.

Аукцион жыл сайын Улуттук банктын мааракесине карата өтөт. Быйыл дагы иш планга жараша 26-апрелде аукцион өткөрдүк. Аукционго 1995-жылдан бери чыгарылган бирок сатууда жок сатыкка чыкты. Аукциондун өткөрүү  тартиби боюнча Улуттук банк тараптан иштелип чыккан жобо бар. Кыргызстанда өткөрүлгөн аукциондор ошонун негизинде болот. Ага жеке  жана юридикалык жактар катыша алат. Аукцион күрөсүз өткөрүлөт. Алгач аукциондук баа чектелет. Быйыл 100 сомду түздү. Азыркы тапта «Куманжан Датка» алтын монетасы 23 миң сомго сатылып жатат. Азыр дагы ачык сатуу бүтө элек. Ошол бааны негизги баа катары алып, алтын монеталардын баштапкы баасы 23 миң сом деп койдук. Ал эми күмүш монеталар үчүн 5 миң сомду бекитип беришти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата «Улак тартыш» аталыштагы коллекция жарык көрөт

Азыркы учурда 5-6 сериядагы коллекциялык монеталар сатыкта жок. Алардын тизмесинде  «Манас» алтын, күмүш монеталары, Оштун 3000 жылдыгына арналган монеталар, «Хан-Теңири» , «Аркар» , «Акмаңдай гүл»,Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизделиши күмүш монетасы», «Кызматташуунун Шанхай уюму» , Кыргыз Республикасынын Улуттук валютасына 10 жыл» жана «Улуу Жеңишке 60 жыл» күмүш монетасы кирет. Бул сериядагы монеталар аукцион аркылуу сатылат. Буга ар бир жаран катыша алат. Азыркы учурда «Кыргызстан Улуу Жибек жолунда» сериясында Бурана, Ташрабат, Өзгөн, Сулайман-Тоо  жана Ысык-Көл монеталары бар. Буга кошумча «Улуттук музыкалык аспаптар» , «Кыргызстандын Кызыл китеби» , «Тарыхий окуялар» , «Кыргызстандын тарыхий жана архитектуралык эстеликтери», «Кыргыз каганатынын доору», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Евразия экономикалык союзу» коллекциясындагы монеталар бар. Спорттун улуттук түрлөрү коллекциясында былтыркы жылы дүйнөлүк көчмөндөр оюндары деген монета сатылып кетти. Быйыл дагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Улак тартыш» деген коллекциялык монеталарды оюмга жакын сатыкка чыгарабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 10-майдан баштап, «Комуз»  күмүш жана «Улттук валютага 25 жыл»  жез-никел монетасы Улуттук банк тараптан сатыкка чыгат.

Эстелик монаталардын сапаты эгер ал алтындан болсо, ал жогорку сапаттагы металдан жасалат. Ал Эл аралык пруф стандарында болот. Анда монетанын бети жалтырап, күзгүдөй болот. Ар бир рельефтин сүрөтү так жасалат. Алардан зер буюмдарын дагы жасаса болот.

Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык сынакта мыкты деп табылды

Кыргызстандын коллекциялык монатлары ар кандай Эл аралык сынактарга катышып татыктуу абройго ээ болгон.  Алсак Чыңгыз Айтматовго арналган күмүш монеталардын сериясы Санк-Петербург шаарында өткөн «Монаталар топтому-2010» төртүнчү эл аралык сынакта «Библиоглобус» соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган. Ал эми «Улуу Жибек-Жолу» сериясынын күмүш коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause» сынагында Өзгөчө тарыхий мааниге ээ монета» номиналынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын коллекциялык монеталары эЭл аралык тендердин негизинде Казакстан, Литва, Поьша, Словакия жана Орусиядагы Эл аралык статуска ээ болгон зерканаларында жасалат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache