Шашылыш кабар:

Н.Түлеев: Мен саясаттан кетпейм

Апрель 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Н.Түлеев: Мен саясаттан кетпейм
Саясат
0

“Марал” радиосунун “Экстер менен экскюзив» программасынын кезектеги чыгарылышында Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев менен мекен тагдыры жана өлкө келечеги тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.

— Нариман мырза,  абактан чыкканыңызга 2 жылдын жүзү болуп калды. Азыр эмне менен алексиз? Ден сооолугуңузду чыңдап, эл-журтка аралаша баштадыңызбы?

— 7-майда туулган күнүбүз болот, тагыраак айтканда, абактан чыкканыма эки жыл толот. Апабыз кырсыктап, ооруп, аны менен жүрдүм. Тилекке каршы жакында айрылып калдык. Эми кыркын берсекпи деп, майда-чүйдө иштер менен алектенип жатабыз.

— Абакта жатканыңызда бизнесиңиздин абалы кандай болуптур? Уул -кыздарыңыз, жакындарыңыз сизди жоктоткон жокпу?

— Былтыр апрелде бийлик бир түндө офиске кирип алып, дүкөндөрүбүзгө кире албай калганбыз. Булар бир күндө болгон бизнесибизди тартып алышты. Бүгүн ким буйрук бергени ачыкка чыгып жатат. Апамдын кыркын, ашын бергенче коё турайын дегем. Бирок коомчулукта саясий өзгөрүүлөр болгондуктан, жаман нерселер өзүнөн-өзү чыгып жатат. Аны мен чыксын деп изилдеген деле жокмун. Көрөбүз, балким дагы бир топ нерселер чыгат.

— Башында сиз, саясий куугунтукка алышты  деп жүрдүңүз. Саясатта да ачык көз карашыңызды билдирбей жүрсөңүз эмне үчүн сизге куугунтук жасалышы  мүмкүн эле, анализ жасап көрдүңүзбү?

— Эми, азыр айтсам Атамбаев бийликтен кеткенден кийин аны жамандап жатат деп айтасыңар. Ал кишини жамандабай эле коёлучу. Бул суроолорду коё туралы. Алдыда көп нерселер чыгат. Юрист катары эле карасаңар, мисалы, о дүйнөгө кеткен атабыздын оокаттарын тартып алып жатса. Бул Конституцияда, мыйзамда да, эч бир кодексте жок. Булар түнү менен каракчыдай эч кандай документ, соттун чечими жок кирип алып жатса, кандай деп ойлосо болот? Саясий куугунтукпу, бул бир. Экинчиден, мен ошол кезде, туура эмес кылып жатасыңар, алсаңар менин оокатымды алгыла деп айткам. Атамдын, бир туугандардын мүлкүнө тийбей эле койгула дегем. Силер мага кылып жатканыңар өзүңөргө тиет дегениме карабай ушундай иштерге барышты. Үчүнчүдөн, мен түзмө-түз Атамбаевдин буйругу менен соттолдум, ага көптөгөн далилдер бар. Мен ушул убакытка чейин эч кимге айтпай, убакыт өзү көрсөтөт деп жаткам. Турмөдөн чыкканымда да Атамбаевдин жакындары келди. Айттым, макул жигиттер, мен баарын унутайып, кечирейин, бирок “Атамбев бийликте турган убакытта соттолгон балдарды, бардык оппозицияны чогултуп, бир дасторконго отуруп, чепкенди мен алып берейин балдарга” дегенимди Атамбаевге бир ооз айтып койгула дедим. Бир сыйра кийинтип, балдар ушундай болуп калды десе балдардын бары кечирмек. Бир жакыны кирип айтса, “буларга керек, мага кереги жок” дептир. Бүгүн булар бизге “чогулалы, отуралы чепкен бизден” деп жатышат. Тилекке каршы убакыт өтүп кетти. Болбосо мен түрмөдөн чыкканда “бири-бирибизди кечирели” деп айткам. Азыр биз Атамбаевге керек болсок, ал бизге кереги жок болуп калды.

— 2017-жылдын соңунда кайрылуу жасаган экенсиз. Анда, “Атамбаев КСДПнын квотасы менен мага транспорт министри, вице-премьер-министр бол деп сунуштаган, буга Бабанов да күбө. Бирок мен ал сунуштан баш тарткам” деп жазыпсыз. Ошону менен бирге Атамбаевдин эл үчүн жасаган эмгегин баалаш керек дегендей ойду кыйытыпсыз.  Бул көз карашынызды кандай кабыл алса болот?

— Биринчиден, бийликтен кетип калуу абдан кыйын нерсе. Бийлик деген “ооруу” болуп калат. Мен төрт жыл бийликте отуруптурмун. Бийликте жүргөндөр “бийлик аялзатынан да таттуу болушат” деп  айтылган  сөзгө  ынандым.

— Сиз аны жон териңиз менен сездиңизби?

— (Каткырып) эми жон терим менен сезип жатам. Ачык отурган соң, мен да ачык айтып, бийлик эмне экенин түшүндүрүп берип жатам. Демек, Атамбаев аялзаттан татуу нерсени таштап кетип жатат. Бирок кийинки кылган нерселерине барыбыз күбө болуп жатабыз. Президентти Англиядагыдай “ханыша” кылып алам деп, Фарид Ниязовду аппарат жетекчилигине коюп, калган балдарды кетирбейм дегенден кийин башка нерсе. Кызматтан кеткени эрдик, Кыргызстанда мындай нерсе болгон эмес. Экинчиден, Атамбаев президент болуп турганда өзү чакырып: “Транспорт министри болосуң. Бабанов күтүп жатат. Ошол жерден сүйлөшчү” дегенде баш тартканмын. Андан соң вице-премьер-министрликти сунуштады, анга да барбадым. Атамбаев экөөздүн отобузда көп нерселер бар. Анын баарын айтып отурсам эл да, силер да, коомчулук да түшүнбөйт. Албетте анын да, менин да таарынган жерибиз бар. Бир кезде экөөбүз жакын кишилерден элек. Атамбаев перьер-министр болгонго чейин ага моралдык да, каржылык да жардам берип келгенмин.

— Мамилеңиздердин салкын тартып кетишинин себебин анан эмнеден издедиңиз?

— Роза Исаковна, Ташиевдер Алмазбекти кулатаарда Акматбек Келдибеков сактап калганын айтып калды. Бул чындык болгон. Ошол кезде Атамбаев, саясаттан тажаганын, Түркияга кетээрин, билет алып койгонун айтканда, Бабанов менен Келдибеков токтотуп калган. Болбосо Атамбаев президент да , премьер-министр да болбой  кыргыз саясатчыларына таарынып, Түркияга кетип калмак. Ошол кезде Келдибеков сактап калган. Алмазбек Атамбаевге каршылардын арасында мен, ага күбө болгон Марат Султанов, ага күбө болгон Бабанов, Келдибеков бири-бирибизге катуу сын-пикир айып, сөгүнгөнгө чейин барганбыз. Тилекке карыш, кийин ошол сөздөр мага жолдомо берип, “47ни” (абакты) көздөй кете бердим.

— Абакта жатканда өкүнгөн, башкача саясат жүргүзсөм болмок экен деген ойлор келдиби?

— Бул жолду өзүм тандап алгам. Иш бүткөн соң кайгырган болбойт. Абакта 5-6 дан бала жанымда болду. Аларды да мага кошо жок жерден соттоп ийишти. Алардын балдарын, туугандарын карап ызаа болосуң. Мисалы, бир балабыз камалып жатканда уулдуу болуп, баласы 4 жашка толгондо гана көрдү. Жакындары менен көрүшкөнгө уруксат беришчү эмес. Аны айтып чыксак коомчулук бизге ишенчү эмес. Биздин ишти карап жатканда райондук сотко да облустук сотко да “документиңерди көрсөткүлө мен каражат төлөп берейин” дедим. Тилекке карыш эч нерсе көрсөтө алышкан жок. Жогорку сотто өздөрү эле карап коюшту, биз билген да жокпуз. Манас Арабаев, Алмаз Маткасымов иштерге аралашып жүргөн. Алмаз ошол кезде Айдар Осмоновдун бөлмөсүндө отурду. Эгерде 2014-жылы 23-декабрда соттолуп жатканда телефон сүйлөшүүлөрүн карашса Осмоновдун Воронцовага түшкөн “Я тебя убью. Кол коюп бер”деген каттары бар. А.Осмонов Ирина Воронцовага чалып, аны коркуткан күндөр болгон. Мунун бары убагы келгенде чыгат.

— Нариман мырза, сиз абактын жашоосун, эр жигиттин башына келчү кыйынчылыкты жон териңиз менен сезгениңизден улам азыр абакта отурган саясатчыларга жардам берип жатасызбы же дагы башка себеби барбы?

— Жок, мен колумдан келген жардамды берип жатам. Тилекке каршы алар көп. Ар бирөөнө бирден баштык жиберсең эле, 17-18 баштык болуп кетет. Аларга бери дегенде жарым козунун этин саласың. Санап келгенде 6-7 кой болуп кетет, кыйын экен. Бирок ага карабай жардам берип жатам. Мисалы, абакта жатканда мага түшкү тамак учурунда бир банан же кара нан берип жиберишет. Ким бергенин сурасам, “атын айткан жок” деп коюшат. Мүмкүн бир пенсионер жибердиби деп, бананды көрүп ыйлагың келет. Сырттан киргизиптир деп, атайын ошол бананды, кара нанды жейсиң. Ошондуктан абакта отургандарга колдон келешинче жардам берүүдөмүн. Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп жатам. Турмушта ушундай экен.

— Шаар мери болуп турганда жасаган жумуштарыңызды коомчулук баалап жүрөт. Өзүңуздү кризис менеджермин, ушул позицияда көрсөтө алдым деп эсептейсизби?

— Аны мен билбейм, эл айтышы керек. Мен өзүм, бир нерсе кылдым дегеним туура эмес. Мен кайда болбосун, келгениңе эмес, кеткениңе сүйүн деп айтып жүрчүмүн. Азыр көчөдө көп басам, шопурсуз өзүм жалгыз эле жүрөм. Эл менен ачык сүйлөшөм, эч ким мага “ сен жеп-ичип койдуң” деп айта албайт. Тааныгандар кучактап, бетимен өпкүлөйт, бул жакшы нерсе. Негизи команда менен эки жыл иштедим, дагы 2 жыл иштегенимде шаардыктар борборду тааныбай калмак. Бир топ программа түзүп, каржы булактарын таап койгон элек. Тилекке каршы жетишпей калдык.

— Азыр шаарды аралап көрүп, өзүңүз мэр болгондон кийин калаанын өзгөргөнүн байкайсызбы же ошол эле калыптабы?

— Турмуш ордунда турган жок, алдыга жылып жатат. Аны менен кошо динамика бар. Кыргызды 5 жыл мурункусу менен салыштырганда бир аз оңолду.

— Дегеним, азыркы кесиптештериңиздин ишине кандай баа бересиз же пикир айткандан  карманып турасызбы?

— Мен мэр болуп иштедим. Азыр оюмду айтсам субъективдүү болуп калат. Албек жакшы иштеп жатат десем, силер “мэрге кошоматчылык  кылып жатат” деп айтасыңар. Эгер Ибраимов жаман иштеп жатканын айтсам, аны көрө албай жатат дегендер чыгат. Ошондуктан калаа башчысын мен эмес, шаар тургундары сынашы керек. Журналисттер сындасын, мен айтканым туура болбой калат.

— 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен элеңиз. Бирок парламенттик шайлоого катышуу максатында шайлоо алдында Москвадан кайтып келдиңиз. Келип эле тиешелүү тартип кызматтарынын тузагына түштүңуз окшойт. Негизи саясатка эртерээк аралашып калдым, саясатчы катары бышпай эле ЖКга келип калдым деген ой жаралбайбы? Анткени сиздин оппоненттериңиз да убагында ушул ойду карманышкан…

— 2010-жылы иштеген аткаминерлердин кайра иштөөгө моралдык укугубуз жок болчу. Биз таштап-таптап кете бергенбиз. Бирок тилекке каршы бийлик өзүн башкача көрсөттү. Түнү менен да канчалаган ок атышты. Тилекке каршы чыгып кетип, кайра келдик. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен өз жериң, өз элиң. Жаман болсо да бул жерде киндик каның тамган. Мага ошол эле убакта, мени Дубайдан учуп кел дегенинен алтысында келгем. Анда Келдибеков, Ташиев менен жолугуп калаарымды билген эмесмин. Орусиянын жол кыймылына келгем. Анын президенти: “Тогузу кел, эл аралык “ТрансКонтейнер”  компаниясына жетекчи болосуң, айлыгын 3 жарым млн рубль, жыл соңунда 3-4 млн доллар берип турабыз, сен жетектеп бер”, — деген. Мен ошол үчүн келгем. Бактыма жараша Келдибеков менен Ташиевге жолугуп калым. Булар менсиз эле тизмеге киргизип коюптур. Мен партияга өтөм деп кол койгон эмесмин.

— Эмне үчүн сизге кызыгышты, каржылык ресурсуңузга көбүрөөк маани бериштиби же башка себеби барбы?

— Биринчиден, “Ата-Журтта” жалаң туштүктүк балдар болгон. Мени түндүктүн адамы, жаманбы  же жакшыбы  Бишкек мэри болуп иштеп аты калды деп тизмеге киргизип коюшкан. Анын аягында мына “47” болду(күлүп).

— Сизди Аскар Акевдин уулу менен күйөө баласы Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев менен дос болсо, Максим Бакиев менен тил табышып, жакын мамиледе жүрдү деп айтып жүрүштү. Эгер айтылгандар чын болсо, азыр байланышыңыз барбы же жокпу?

— Айта берет да. Көрүп жатасыңарбы, көп саясатчылар тойдо камчы берип башка кылса, менин бир жерде да андайым жок. Экинчиден, ал убакта Максим менен бардык аткаминердер тааныш болчу. Анткени, тендер өтүп жатканда Максимдин балдары келет “бул биздики, биз утабыз” дейт да жеңип чыгат. Алар адилеттүү, таза утуп алганы экинчи маселе. Мени текшергендей бир да аткаминерди текшеришкен жок. Шаарды 200-300дөй киши текшеришти. Ошондо дагы тапканы жанагы автобустар болду. Исмаил Исаковичке жолуксам ал да түшүндүрүп берүүмдү суранып калды. “Кандай сенин автобустарың 26 миң доллар экен. Ал эми бул акмактардын видеокамерасы 14 миң 500 доллар экен” дегенде, ага Кытайдан келген Өкмөттүн документти көрсөттүм. Ал жерде колу турат. Кытайда биздегидей 100 доллар берип койсоң мөөр басып беришпейт. Автобустун, аны жеткирүүнүн акчасы көрсөтүлүп, каражат эсепке түшкөнү жазылуу. Мени ага карабай туруп соттошту. Болбосо 200 автобус алып келсем, менин артымдан бекер келген 400 автобус эсепке кирбейби? Эсепке кириши керек да. Мен 200 автобустан пайда тапкым келсе, 400 автобустан да пайда таппайт белем?! Экинчиден Туштүк магистралдын жолу бекер салынган. Мен акча тапсам ошол жерден таппайт белем?

— Ушул оюуңуздан улам сурасам, көпчүлүк бийликке барам дегендерден эмне үчүн кызматка бараарын сурасаң, “эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызмат өтөгүм келет” деген даяр жообун беришет. Сиз мамлекеттик кызматка эмне үчүн баргыңыз келет?

— Шаар мэрлигине да жан талашып “барам” деген эмесмин. Ага көп адамдар күбө. Ал кезде Дания Үсөнов мэр болчу. Шаар ызы-чуу эле. Дания кайда барса эле ызы-чуу да (күлүп). Анан ошол жерде президент чакырып, мэр болосуңбу деп айтты. Мен, бара албайм, колумдан келбейт. Эртең иштей албасам сиз уят болосуз, барбай эле коёюн десем, Бакиев карап туруп “макул анда” деди. Андан соң суранып Орусияга кетип калдым. Эртеси, “мэр болосуң, учак жалдап кел, мен чечтим” деп койду. Кечки каттамга жетишпей калдым. Президент билет алганымды сурап улам чалат. Жетишпей калганымды айтсам, “учак жалда” деди. Москвадан Бишкекке учак жалдасак 20 миң доллар экен. Ага да макул болдук, бирок учкучтар ичип алганына байланыштуу эртеси учмай болду. Бакиев түнү дагы чалды.

— Эмне үчүн анчалык шашылыш болду?

—  Эми аны Курманбек Бакиевден сурагыла.

— Сиз ойлонуп көргөн жоксузбу? Бир, эки күн эч нерсе чечпесе керек эле дегеним..

— Бакиев, шашпай келе бер дегенде мен телефонду өчүрүп, бир жума Москвада жатып алдым. Ак үйдө чечимдер саат сайын алмашып турат. Кирген чыккан, жамандаган киши көп болот. Кагаздар бат-баттан алмашып турат. Ошондо да бир жумадан кийин келсем аэропорттон тосуп алып, үйүмө алып барбай мэрияга алып барып бекитишти. 2005-жылы революция болду. Мен темир жолдо отурам. Ошол кезде Курманбек Бакиев менен жакшы мамиледе болчумун. 1998-жылдардан тарта экөөбүздүн мамилебиз түз болуп, жумушум жок болсо да үйүнө кире кетет элем. «Көйнөгүңдү алмаштырып алчы» деп, Бакиевге 500-1000 доллар берип койчумун. Ал кишиден кызмат сураган жокмун. Бакиев өзү оппозицияда жүрсө, же депутат да болбосо. Ким билди анын президент болуп калаарын. Мен аны билсем, костюм эмес унаа алып бермекмин да. Революция болгондо, темир жолдон кетейин десем көнбөй койду. Кетейин деп жаткандаҮсөн Сыдыков, Азимбек Бекназаровдор ойноп атып мени кетиришти. Мен да кетип калдым. Ак калпакты айтып да күнөөлөштү. Соттон утуп отурсам бир күнү Бакиев чалып, кайра темир жолго отургузуп койду. Айтаарым, мен эч качан бийлик талашкан эмесмин. Бүгүн социалдык тармактар аркылуу да «кайра мэр болуп келбейсизби» дегендер бар. Мэр болуу оной дейсиңби, мен кызматта турганда уктачу эмесмин. Эрте менен саат беште туруп, түнкү бирде жумуштан үйгө кетесиң. Ар бир тургундун жүгү мойнуңда. Көзүңдү жумсаң да алардын көйгөйүн эстеп, ошого жараша аракет кыласың. Азыр 9 жарым, ондо турам. Каалаган мамлекетке каалаган убакта учуп кетем. Эч кимден суранбайм.

— Азыр саясатка кайрадан кайтып келгиңиз келеби?

— Жок, мен саясаттан кетем деген эмесмин.

— Бирок азыр активдүү позицияңызды билдирбей карманып турбайсызбы…

— Мага бир, эки жыл бергиле, апамдын ден соолугун чыңдап алайын дегем. Мени саясаттан эч ким кетире албайт. Экинчиден тазаланышыбыз керек. Жаңы прокурор шайланып, жаңы бийлик келе жатат. Булар адилетүү болсо  ишибизди карашы зарыл. Бир ооз карап, “болот” же “ болбойт” деп айтып коюушу керек. Жан талашып, тазалап бергиле дегенден алыспыз. Азыр көп нерселер ачылып жатат.

— Мүмкүн парламенттик шайлоого тымызын даярдык көрүп жаткан жоксузбу? Анткени сиздеги ресурсту пайдалангысы келген досторуңуз көп да…

— Мен эмнеге ресурсумду башка бирөөгө пайдалантам. Ачык айтайын, балким шаардык кеңешке талапкерлигимди коём. Өз алдынча партия түзүүнү да ойлонуп жатабыз. Апамдын кыркын бере электе эле бир нерсе кылам дегеним туура болбой калат. Атам да, апам да мага кайгырып жатып кете беришти. Экөө тең сак саламат болуп, бир да жери ооручу эмес.

— Өткөн кеткенге анализ жасаганда, кызматта турганда колуңуздагы каржылык ресурсуңуз менен үлкөн саясатчылар менен мамилеңиз бар экени белгилүү. Кыйынчылык башка түшкөндө алардын мамилеси өзгөрдүбү?

— Бул табияттын мыйзамы. Кыйынчылык болгондо бир туугандарың, ата-энең, кыйбаган достоуң гана калат.  Бийликте жүрсөң дос, тууган саман болуп калат. Сыноодон өткөнүм дагы жакшы болду, көп адам иргелип калды.

— Сиздин ишкердигиңиздин бир кыйыры орусиялык таасирдүү мамлекеттик  ишмерлер  менен  байланыштуу  дегендерди уктум.  Бул чынбы?

— Абдан көп. Менин бир нерсеме таң калышты. Кыргыз досторума караганда орус досторум саткан жок. Түрмөдө жатканда, бала-бакырама кыйын болгондо, бир сөзүм менен иним аларга барып, 1-2 млн рубль алып келип жатты. Жакшы достор бар да. Азыр убактым кеңири болгону үчүн 2-3 добоордун үстүндө иштеп, Москвада да баштайлы деп жатабыз.

— Ал кандай долбоорлор? Соода-сатык, өндүрүш менен байланыштуубу?

— Көп киши айтат: “Соода-сатык, өндүрүш”,-деп. Айырмасы эмне? Ошол эле Грузияны карасаңар, эч нерсе чыгарбайт. Бирок соода-сатык, туризм менен алдыда. Өндүрүш деп калдык, биз Кытай менен эч качан атаандаш боло албайбыз. А бүгүнкү күнү менде 5000-6000 киши айлык алып иштеп жатат. Бул жаман нерсе эмес.

— Сиз камакта жатканда өзүңүздүн, жакындарыңыздын үй-мүлкү, активдери алынды. Мунун баарына ичиңиз күйөт бекен же “жан аман, баш аман” дедиңизби?

— Мен эле эмес менин туугандарымдын, балдарынын ичи күйдү. Ыйлашты, боздошту. Андай кырдаалда мен өзүмдүн ичимдегилерди аларга айта албайм да. Алар бир күндө баардык бизнесибизди алып коюшту. Арадан бир жыл өттү, Түлеев өлгөн жок, иштеп жатат.

— Стресске кабылдыңызбы?

— Мен өзүм үчүн чекти белгилеп алгам. Алар кандай гана жолдорго барган жок. Жубайымды камап, аны киши өлтүрүү боюнча айыптаганга чейин барышты. Анда да чекти сактап, чыдадым. Көп кыйынчылыкты көрсөтүштү. Ага карабай биз быштык. Оокат табылат, ден соолук табылбайт. Алар бир сомуңду алса, 2 сомдук жумуш кыл. 2 сомуңду алса, 5 сомдук кылыш керек. Убакыт баарын жеңди. Балдарыма ошол кезде эле: “Камырабагыла, ачууланбагыла”,-деп айтчумун.

— Жашоого оптимисттик көз караш менен кароого эмне жардам берди?

— Үйдө сени карап жаныңда канчалаган балдарың, бир туугандарың, ата-энең турса, аларды көрүп сынбайсың. Мени сындырууга кандай гана аракеттерди кылышты. Бирок мен ичимдеги жаман ойлорду, сезимдерди бир туугандарыма айткан жокмун, ичимде калды.

— Сиз акыйкат издеп турган учурда, жардам берген журналисттер болдубу?

— Албетте, болду. Көп эле киши Атамбаевдин мага кылган мамилеси туура эмес экенин түшүнүп турат. Ал Баш мыйзамда болбогон нерсени жасады. Эл өзү чечсин. Убакыт өтүп, ал нерсе айланып өздөрүнө тийип жатат. Балдарыма айтып жатам: “Бүгүн биз тынч уктап жатабыз. А бирөө уктай албай жатат. Резиденциядан тоого, тоодон резиденцияга чуркап”,-деп.

— Азыркы бийлик менен мамилеңиз кандай? Президент Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, кол алышкан жайыңыз барбы?

— Сооронбай Жээнбеков менен өмүрүмдө саламдашып көргөн эмесмин. Саламдашсам сыймыктанат элем. Премьер-министр менен да эч кандай мамилем жок. Мен бүгүн өз ишимди эле кылып жатам.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache