Шашылыш кабар:

Жоробеков: Өлкөдө дипломдуу билимсиздердин чоң армиясы иштеп жатат

Апрель 26th, 2018 | by Канай Анаркулов
Жоробеков: Өлкөдө дипломдуу билимсиздердин чоң армиясы иштеп жатат
Күн чекит
0

Сүрөт интернеттен алынды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы Болот Сүйүмбаевдин дарегине бир катар сындар айтылып, ал акыры кызматтан кетти. Учурда коомчулукта анын жогорку билим алгандыгы тууралуу диплому да чоң талкууга жол ачты. Себеби жогорку билими тууралуу диплому жасалма болушу ыктымал деген сөздөр айтылгандан кийин,  2012-жылы гана Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаганы белгилүү болду. Мындан улам мамлекеттик кызматтагылардын дипломдорунун аныктыгын текшерүү зарылчылы туулуп жатат дегендер болууда. Мына ушул теманын алкагында саясат таануу илимдеринин доктору  Жолборс Жоробеков менен маектештик.

Сүйүнбаевдин окуясынан кийин мамлекеттик кызматкерлердин алган билими боюнча жана башка документтеринин аныктыгын текшерип чыгуу керектигин талап кылып жаткандай. Бул мүмкүнбү, кантип ишке ашырса болот?

Албетте, бул мүмкүн жана аны ишке ашырыш керек. Айрыкча кийинки кездерде, балким чейрек кылым болуп калдыбы, диплому бар бирок, билими нөл болгондордун чоң бир армиясы пайда болду. Муну көзөмөлгө ала турган мамлекеттик кызмат бар жана ишке ашыруу үчүн бюджеттен көп деле каражат талап кылынбайт. Азыр чиновниктерди карап көрсөңөр, жок эле дегенде 2-4 диплому бар. Көбүнүкү окшош. Алгач  Дене тарбия жана спорт академиясын же башканы анан экономика, юридикалык жактан билим алып, андан ары Президенттин алдындагы  академия, Дипломатиялык академиядан окушат. Сурай келсек, көп нерседен кабарсыз.

Мына ушундай абалга келгенибизге эмне себеп?  Бул үчүн жоопкерчиликти ким алыш керек? Моралдык, саясий жагынан тышкары укуктук жагынан олуттуу баа бере турган мезгил келген жокпу?

Сөзсүз! Бирок, буга шарт түзүп, аракет кылып, балким мыйзам кабыл алуу менен ишке ашыра тургандардын дээрлик жарымы ошолордун катарында болуп жатпайбы. Чоңдор же чөнтөгү калыңдар жогорку окуу жайларга барбай эле, ректор же башкалары аркылуу диплом алып алышат. Буга олуттуу чара көрүп, бир жыйынтык чыгарыш үчүн республикалык деңээлде талкууларды уюштуруп, бирдиктүү аракетке келишибиз керек. Ушул деңгээл менен кете берсек жакшылыкка алып барбай. Бул өтө уят көрүнүш.

Көп диплом менен бирге ошончо билими да бар болгон жарандар да жок эмес. Бирок алардын саны өзүңүз айткандай аз. Мына ушул эки нерсени бириктирип, саны менен сапатын кантип айкалыштырсак болот?

Бизге советтен калган менталитет сиңип калган. Бир канча диплому бар, доктор, профессор экен деген сөздөргө жетүүгө тырмыша беришет. Азыркы заманды эске алып, жаңычылдык менен жаңы жолдорду да карашыбыз керек. Билим алуу кагазда, резюмеде эле жазылбай иш жүзүндө көрүнүш керек. Мына ушуну ар бир жаран түшүнүүсү шарт.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache