Биз менен байланышыңыз

256 адам селфи учурунда каза болгон

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 1276 | 0

2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта дүйнө жүзү боюнча 256 адам селфи тартып жаткан кезде көз жумган. Бул тууралуу Индиянын “Үй бүлөлүк медицина” журналы иликтөө жасаган.

Маалыматта, бийик тамдын кырында, шаркыратманын учунда, асканын боорунда же тайгак жерлерде өзүн сүрөткө тартып, башкаларды таңдантууну каалагандар өмүрү менен кош айтып кете беришкен. Адистердин айтымында, мындай кооптуу жерде адам өзүнүн коопсуздугуна жетиштүү көңүл бура албай, “жылдыз” сезими басымдуулук кылат да, абайсыздыктын аягы өкүнүчтүү болуп калат.

Кошумчалай кетсек, акыркы учурдагы дүйнө жүзүнө жайылган селфи адаты ар түрдүү институттар тарабынан изилдөөгө алынууда. Америкалык изилдөөчүлөр 2018-жылы муну кооптуу психологиялык бузулуу, оору деп табышты. Анда бир күндө беш же андан көп жолу өзүн сүрөткө тарткан адам селфимания оорусуна кабылган болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM