Биз менен байланышыңыз

Саясатчылар соцтармакты кандай колдонот?

Саясат | 3 Окт 2018 | 1712 | 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын Инстаграмга жазган билдирүүсү кыргыз интернет колдонуучулары эң көп талкуулаган темага айланды.

Бул жумада кырнетте эң көп талкууга түшкөн темалардын сап башында Лунара Мамытованын Инстаграмга жайгаштырган билдирүүсү болду. Анда Мамытова министрликке жумушка орношкуча эле бир катар чет өлкөгө барып келгенин, дүйнө кыдырса адамдын ички дүйнөсү кеңейерин жазган. Ошондой эле «кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясын чогулткандай топтоп, кыялыңдагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат» деп кошумчалаган.

Мамытованын пикири соцтармакта дароо талаш-тартышка жол ачып, Кыргызстанда пенсионерлер алган пенсиясы чет жакка чыкканга эмес тамак-ашка жетпейт деген ойлор басымдуурак кылды. Бирок Мамытова анын билдирүүсү бурмаланып кеткенин айтып жатат.

— Инстаграм көбүнчө жаштар колдонгон социалдык түйүн. Бул жаштарга арналган, ата-энебиздин пенсиясын талашпайлы деген маанидеги билдирүү болчу. Азыр кээ бирөөлөр ата-энесинин пенсиясын талашып, ата-энелери балдарын, неберелерине чейин баккандар бар да. Албетте тескерисинче ата-энесин жөлөп-таягандар дагы көп. Бирок аны тикелей түшүнүп, 180 градуска буруп алышып шыктандыра турчу сөздөрдү шылдыңга айландыргандай эле сезим калтырды. Мындан кыйкым издеп, бул бирөөгө аябай эле жакты го дейм.  

Мамытова Инстаграмдагы баракчасы жеке өзүнүкү экенин жана ага позитивдүү нерселерди жазгысы келгенин камтыган. Бул билдирүү боюнча интернеттеги эки-жаат болуп талашып-тартышуу мамлекеттик кызматкерлердин социалдык түйүндөрдү колдонуудагы этикасын көтөрдү. Акыркы учурларда кыргыз чиновниктери социалдык түйүндөрдү активдүү колдоно башташты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Эл өкүлү Бактыбек Райымкулов соцтармак менен достошконунан аз гана убакыт болду. Ал баракчасына жумушуна тиешелүү маалыматтарды саларын жана жарыяланган билдирүүлөр үчүн жооп бериш керек деп эсептейт.

— Асмандан алып жазып же жалган нерсени жазуудан алыспыз. Жасалып жаткан иштерди, элдин көйгөйүн көтөрүп аткарылган жумуштар боюнча маалымат берип жатабыз. Жөн эле сүрөт чыгарып коюдан же жалган маалыматтарды жазуудан алыспыз. Социалдык тармакта жазганыңа кайра жооп беришиң керек.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Исхак Масалиев акыркы учурларда Фейсбукту жигердүү колдонуп, кайсы бир маселе боюнча билдирүү жазып, пикир калтырып көзгө көп урунууда. Эл өкүлү башта интернетке убакыт бөлө албай калам деп эки анжы болуп жүрүп кийинчерээк Фейсбукка катталган. Соцтармактан жумушуна тиешелүү маалыматтарды алып турарын жашырбайт.

-Мен Фейсбукка эмне үчүн кеч кирдим. Анткени мени бир нерсе кармап турган. Ал жакка киргенден кийин суроолор берилет, сен аларга жооп беришиң керек да. Анан убактым жетпей калат деп коркуп жаткам. Карап көрсөм мүмкүнчүлүк бар экен. Ар бир эки-үч саатта 15 мүнөт убакыт тапсаң болот. Кечинде болсо убакыт кенен. Биздин жарандар өзүлөрүнүн ой-пикирлерин ошол жерден айтат. Алардын кээ бирин мен жумушума пайдаланып жатам. Аны жашырбайм. Анча-мынча маалыматтарды беришет.

Социалдык тармактарда президенттин, премьер-министрдин жана Жогорку Кеңештин баракчалары бар. Аларды басма сөз катчылар иштетишет. Парламентте айрым депутаттар социалдык түйүндөгү билдирүүлөрдү көзөмөлгө алуу, колдонуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу сунушун көтөрө калып жүрүшөт. Ал эми депутат Дастан Бекешов мамлекеттик кызматкерлерге иш учурунда социалдык тармактарды колдонуусун чектөөнү демилгелеген. Ал муктаждык жок болсо дагы социалдык тармактан чыкпаган кызматкерлерди сынга алды.

— Мамлекеттик кызматкер социалдык тармактарда жөн эле отурбай жумуш учурунда иштеш керек. Эгер басма сөз кызматында же журналист болуп иштесе мейли анда ал жумушуна байланыштуу болуп жатат. Жетекчилер деле бир аз соцтармакта отуруш керек. Бирок 3-4 саат эмес, элдин маанайын билиш үчүн бир аз убакыт бөлсө болот. Анан жумушта жөн эле отуруп, эс алганын тартуу туура эмес.

Чиновниктердин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын көбүн эсе маалымат катчылары, жардамчылары көзөмөлдөйт. Той-топурда түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга дембе-дем жүктөгөн аткаминерлер дагы жок эмес. Кыргызстанда Фейсбук, Одноклассники, Твиттер жана Инстаграм соцтармактары кенен жайылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM