Шашылыш кабар:

Мүзүралиев: Айрым депутаттар мэрге кошомат кылууда

Апрель 26th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Мүзүралиев: Айрым депутаттар мэрге кошомат кылууда
Күн Чабыт
0

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика — Ата Журт» фракциясы 25-апрелде калаа мэри Албек Ибраимовдун ишине «канаттандырарлык эмес» деп баа берди. Муну фракция депутаттары шаарда көп иштер аткарылбай калганы жана депутаттар бир топ суроолоруна жооп ала албай калышканы менен түшүндүрүштү. Биз фракциянын бул чечими боюнча «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев менен маектештик.

Марал: 25-апрелдеги фракция жыйынында мэр Албек Ибраимовдун отчетун «канаттандырарлык эмес» деп таптыӊыздар. Бул чечим эмнеден улам кабыл алынды?

Канатбек Мүзүралиев: Мэр «Бул саясий отчет болуп кетти» деп жатат. Биринчиден бул саясий отчет болгон жок. Экинчиден депутаттардын ар бири «Мен өз суроомо жооп ала алган жокмун» деп айтып чыкты. Ошондуктан мэрдин отчету «канаттандырарлык эмес» деп табылды. Анткени мэр «Муну тигил вице-мэр билет, силер аны отургузуп койсоӊор суроолоруӊарга жооп бермек» деп айтып жатты. Буга чейинки сессияда «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын лидери Таалай Сариев «Албек Сабырбекович иштегениӊизге эки жыл болду. Сиз отчетуӊузду бериӊиз» деп маселе көтөргөн. Ошондо мэр «Мен ар бир депутаттын суроосуна жооп берүүгө даярмын» деп айткан.

Андыктан биз фракциянын чечими менен Албек Сабырбековичти отчетко чакырганбыз. Бирок мэр «Силердин баа бергенге укугуӊар жок» дегенинен биз ошондон улам отчетун «канаттандырарлык эмес» деп табууну чечтик. Биз эми төрагага көп суроолорубузга жооп ала алган жокпуз, мэрдин отчетун сессияда кароону суранабыз деп кат жөнөтөбүз. Анан сессия канаттандырарлык же канаттандырарлык эмес деп, болбосо ишеним көрсөтпөө деп чечим чыгарабы ал 45 депутаттын өз иши.

Марал: Буга чейин сиз мэр кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айттыӊыз эле. Бирок Албек Ибраимов өзү бул маалыматты четке кагып, ал 4 жылдык программасы менен келгенин эми аны аягына чыгарарын айтпадыбы.

Канатбек Мүзүралиев: Негизинен мэрди жумуштан кетирүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Бул маселе биздин катарыбызда жүргөн туура эмес саясатчылардын, депутаттардын мэрге кошомот кылуусу менен айкелишип жатат. Бул жерде мэр менен эч кимдин жеке иши жок. Ооба, шаардык кеӊеш мэрди 4 жылга шайлаган. Бирок андан отчет ала турчу бул депутаттар.  Анткени мэрия бул аткаруучу орган. Биз мэрден ар бир кварталда да отчет алсак туура болот.

Силерге окшогон эле журналисттер «Албек Ибраимов шаардын 140 жылдыгынан кийин кетет экен деген ушак жүрүп жатат. Сиз кандай дейсиз?» деген суроо узатышты. Мен «болушу дагы мүмкүн, болбошу дагы мүмкүн. Мен дагы ушундай ушакты уктум, бирок канчалык чын экенин билбейм» деп жооп бергем. Албек Сабырбекович «Канат Байсарыевич сиз буга чейин мэрдин иши жакшы, бактарды отургузуп жатат, мэр туура иш кылып жатат деп мактап туруп акыркы журналисттерге берген интервьюларыӊыз туура эмес» деп жатат. Ооба мен бул сөзүмөн кайтпайм. Жыйында «Силер саясий буйрукту аткарып жатасыӊар» деген сөз бир эмес эки жолу чыкты. Саясий буйрук аткарган эч ким жок.

Марал: Коомчулукта талкуу жараткан Бишкек шаарында 84 га жер ижарага берилип кетти делген маселе жана 9 миӊ сомго алынган көчөттөр боюнча мэр кандай түшүндүрмө берди?

Канатбек Мүзүралиев: 84 гектар жер боюнча бизде так маалымат жок. Эгер бул боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангуловдо шаардын кайсы жеринде, канча жер берилип кеткени тууралуу так маалымат болсо биз депутаттык комиссия түзүп, аны иликтөөгө даярбыз деп айткам.

Экинчи 9 миӊ сомдук көчөттөр тендер аркылуу алынды. Шаарда андай көчөттөр базарда 12 миӊ сомдон 18 миӊ сомго чейин сатылып жатат деген божомолдор бар. Мэрия Бишкекте кыйылган бактардын ордуна 2580 бак отургуздук деп жатат. Былтыр биз Уфа шаарына барганбыз. Ал жакта дагы так эле ушундай бактар бар болчу. Мен алардын баасын сураганда 20 миӊден 30 миӊ рублга чейин бааланганын көргөм. Бул жерде көчөттөр кымбат арзан алынган деп айта албайм.

Фото: Шаардык кеӊештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache