Шашылыш кабар:

Кыргызстанда депозиттердин пайыздары түштү

Апрель 26th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Кыргызстанда депозиттердин пайыздары түштү
Эколикбез
0

«Эколикбез» программасынын бул жолку чыгарылышында   депозиттер жана аманатчылар  тууралуу Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын башчысы Жылдыз Сулайманбекова айтып берди.

Депозит кардарга киреше гана алып келет

Аманат –бул банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алынган акча каражаттары. Эсеп келишими ага кол койгон учурдан баштап, иштейт. Мында алынган каражатты банк өз  ыктыяры менен иштетет.

Негизинен аманат келишиминде  депозиттин мөөнөтү, суммасы жана салынган каражаттын пайыздары камтылышы керек. Ошондуктан келишим боюнча банк менен кардардын ортосунда өз ыктыярларды менен түзүлөт. Мындан кардар акчасы үчүн пайыздарды алат.

Жөн жаткан акча эч качан акча алып келбейт. Ошондуктан банкка аманат катары салса, ал акча кардарга киреше алып келет. Экинчиден банката турган акча инфляциялык жоготуулардан  сактайт. Үчүнчүдөн аманаттагы акча каражаттарды күтүүсүз жоготуулардан чектейт. Эгер кардарлар ири сатып алууларды пландаштырып жатса, ошол маалда дагы топтолуп турган каражаттар керек болот. Андан тышкары жарандардын сакталган акчалары болсо, бул алардын финансылык жаткан туруктуулугунан кабар берет.

Кыргызстанда депозиттердин пайыздары түштү

Депозитти банктарга ар бир адам калтыра алат. Биздин банктарда жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын депозиттери бар. Депозиттерди тандап алууга чектөө жок. Ошондуктан ар бир адам келишимдин негизинде гана депозиттерди ачса болот.

Депозиттердин пайызы боюнча акыркы маалымат 1-мартта алынган. Анын ичинде улуттук валюта 9,85 пайызды көрсөтөт. Ал эми чет элдик валютада 3,3 пайыз. Бул орточо алынган пайыздар болуп эсептелет. Бирок акыркы учурда депозиттин пайыздык чендери түшүп келе жатат. Бул кардарларды тартууда. Динамиканы карай турган болсок, 2016-жылдан баштап  улуттук валюта мененки депозиттердин пайыздары 11,6 -10,3 пайызга түштү. Ал эми чет өлкө валютасындагы аманаттардын пайыздары 4,6-3,3 пайызга азайды.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банк же башка мамлекеттик органдар банктардын ишмердүүлүгүнө депозиттердин пайыздык чендерин орнотууга кийлигише албайт.  Ар бир банк өзүнүн ишмердүүлүгү жана экономикага карата өзү чендерди орнотот. Бирок ошого карабастан Улуттук банк кыйыр түрүндө аракет эте алат. Ошондуктан башкы банк жалпы финансылык системаны карап, ал инструменттерди колдонот.

Банк банкрот болсо, кардарга  200 миң сом төлөнүп берилет

Депозиттерди ачуу үчүн банктарды ар бир кардар өзү тандайт жана чечет. Ал үчүн ар бир жаран маалыматтарды изилдеп, банктардагы депозиттерди сунуштап жатканын толук билиши керек. Жыйынтыгында кардар банктардын ал акылбалына жараша тандоо жасайт.

Ар бир банкта депозитти ачуунун минималдык суммалары бар. Айрымдары минималдык сумманы тап такыр  койбойт. Ошого жараша кардар өзү чечим чыгарганы туура. Ал эми максималдуу суммага эч кандай чектөө жок. Аманаттарды коргоо системасына жараша кардарлардын 200 миң сомго чейинки суммадагы аманаттары бул система менен корголот. Эгерде банк банкрот болуп калса, анда кардарларга 200 миң сом төлөнүп берилет.

Депозиттеги акчаны түрдүү валюта менен сактоо тобокелдиктерди алдын алат  

Депозиттерди ачуу үчүн эң негизги документ  бул паспорт. Андан сырткары минималдуу талаптар орнотулган. Ал ар бир банктыкы саясатына кара ар башка. Ошондуктан аны  банктардан таптап алуу абзел.

Депозит ачкан адам дүйнөдөн көзү өтсө, банктагы акчасы анын мүлкү катары эсептелинет. Ошондуктан ал каражат мураскерине өткөрүлүп берилет. Эгер банкка тийиштүү документтерди алып барып берсе…

Банктарга аманаттарды улуттук же чет өлкө валютасы менен сактоо ыңгайлуу деп эч ким айта албайт. Эгерде кардарлар активдерин сактайм десе, диверсификациялоо эң ыңгайлуу чечим болуп эсептелет. Мында активдердин бир бөлүгүн улуттук валютада, экинчи бөлүгүн чет өлкө валютасы менен кармаса, валюталык тобокелдиктерди алдын алууга болот. Ошондуктан кардарларга мындай тобокелдиктерден качуу үчүн ар түрдүү валютада сактаганы жакшы.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache