Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: Айтматов ар тараптан үлгүлүү инсан эле

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2018 | 1141 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов кайсы тарапта болбосун үлгүлүү инсан эле. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Айтматовдун жүрүм-туруму таасирдүү болчу.

«Эч качан бой көтөрчү эмес. Ага эч ким жете албаган жылдыздай болчу. Келбети да жарашыктуу, көпчүлүктүн арасында турганда да заматта айрымаланып турар эле. Айтматов камкор, үй-бүлөсүнө жакын адам болгон. Балдарын, жубайын жакшы көрүп, тегеренип турчу. Мүнөзү жумшак болуп, ич күйдүлүк сапаты жок эле. Айтматов дайыма жакшыга шыктандырып турат эле», — дейт Отунбаева.

Ал ошондой эле жазуучу элден колун үзбөй, айылдыктардын, маданият ишмерлеринин маселелерин чечип жүргөнүн да эскерди. Отунбаева Айтматов Кыргызстан жөнүндө ойлонуп, кыргыз эли үчүн көп иштерди жасаганын белигилеп өттү.

«Айтматовду жазуучу катары эмес, адам катары да жакшы билчүбүз. Азыр да үй-бүлөсү менен катташып турабыз. Менин атам жазуучу менен тааныш болчу. Айтматовду биринчи жолу мектепте окуп жүргөндө көрдүм. Кийин өкмөттө иштеп калдым. Ал убакта Айтматовдун Кыргызстанга келгени күн чыккандай болчу. Анын жыйындарда сүйлөшүн күтүп эле отурчубуз», — дейт экс-президент.

Айта кетсек, жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Таластагы Шекер айылында жарыкка келген. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жашка толо электе көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM