Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2018 | 1264 | 0

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең

Эртең “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө.

Роза Отунбаева 1986-жылдарда кайра куруу башталып, Америкага карата экинчи супер держава аталган СССР өзгөрүп жаткан кезде Ысык-көл форуму мамлекеттер ортосундагы муздарды ээритүүгө салым кошконун айтат.

«Ошондо муздак согуш жүрүп, мамилелер катып калган муздай экен. Муздарды ээритүү, өлкөлөрдүн ортосунда мамилени чындоо маселеси курч болчу. Ал убакта СССРдин да, Американын да аркасындагы блог турган. Өзөктүк согуш болот деген учур болчу. Ысык-Көл форуму ошол муздарды сындырып кетти. Эми кайра ошол учурга келип жатабыз», — дейт Отунбаева.

Эске салсак, 1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. Бул тарыхый жыйын “Ысык-Көл шеринеси” деген ат менен белгилүү болуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM