Шашылыш кабар:

Жылкоол айылынын тургундары жыл сайын селден жабыркайт

Апрель 25th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Жылкоол айылынын тургундары жыл сайын селден жабыркайт
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү Жылкоол айылынын көйгөйлөрү талкууланды. Аталган айылдын тургундары жайыт тартыштыгы, сел каптоо коркунучтары жана социалдык объектилер боюнча маселерин айтып кайрылышкан. Айылдын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Жылкоол айылынын тургуну Айгүл Акматова:

— Айылдан айыл өкмөтүнө чейин 3-4 чакырым чет жакада жайгашкандыктан көйгөйлөр да көп. Жол, таза суу маселеси бар. Көпчүлүк дарбыз эккенине байланыштуу жерге көп дары салынат. Ал химикаттар кайра арыктарга агып түшөт. Арыктагы суудан эл да ичет. Таза суу маселеси да көптөн бери кыйнап келет. Түтүктөр аркылуу кышынды  таза суу келгени менен жайында арыкка суу келгенде токтотуп коюшат. Айылда чакан гана бир мектеп бар. Иш-чара болсо ошол жерге чогулабыз. Эл талаада иштеп жүргөндө балдарды карап турган бала бакча керек. Айылда жүз элүүдөй түтүн бар. Жолдорго шагыл төгүлгөнү менен бат-баттан бузулат.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев:

— Аталган айыл өкмөттө статус алган төрт, сататус ала элек дагы 4 айыл бар. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 3980дей кожолук, 23 миңге жакын калк бар. Быйыл Жылкоолго жыл боюу таза суу берилет, насостор алынган. Бирок элге толук кандуу жетпейт.  Үч-Коргон айыл аймагында таза суу көйгөйүнүн 40 пайызы эле чечилген. Мурда 8 миң калкка эсептелсе, азыр калктын саны 3 эсеге өстү. Кызыл-Жар жана Жар-Башы айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча жазган долбоорго 7,5 млн сом каражат бөлүндү деген, бирок азыркы күндө ишке аша элек. Жылкоол борбордон 9 км алыс жайгашкан. Айылда бала бакча жок. Болбосо 200дөн ашуут түтүн, миңден ашык калк жашайт. Ошондой эле 4 миң калкы бар Кум айылында да бала бакча жок. Аталган айыл борбордон 12 км алыстыкта жайгашкан. Жылкоолго бир имаратты бала бакчага реконструкциялоо аракетин көрүп жатабыз, жеке ишкер, айыл өкмөтү тарабынан 10 млн сом бөлүнгөн.

Кызы-Жар айылында 6 жарым миң калк болсо, бир эле мектеп бар. Экинси мектеп катары бала бакчаны пайдаланабыз. Балдар үч кезмет менен билим алышат. 410 окуучу 100 орундуу бала бакчада окуп жатат. Мекеменин ашканасы да, спорт залы да жок. Мектеп республикалык деңгээлде курулбаса, азыр өзүбүздө каражат жок. Ал эми бала бакчаны демөөрчүлөрдү, инвесторлорду караштыруу менен өзүбүз эптеп курсак болот. Жол маселеси да абдан көйгөйлүү, ики жолдорду айтпай эле коёюн. Негизги жолду ондоп берсе чоң жетишкендик болмок. Кыргыстанды дарбыз менен Үч-Коргон айыл өкмөтү камсыздайт. 2 жарым миң гектарга дарбыз эгилет. Аны ташуу да көйгөйлүү болуп калды. Элди суу жана жол менен камсыз кылсак эле өзүн-өзү багып келе жатат. Насос менен суу ичкен жерлер бар. Насосторго да 40 жылдай болуп, эскилиги жетип калган. Алар модернизацияга муктаж. Насостор бузулуп калса тетиктерин табуу да өзүнчө көйгөй. Үч-Коргон айыл өкмөтү өлкө боюнча эң ысык аймак болуп эсептелет. Жайында абанын темперптурасы 48-49 градуска чейин көтөрүлө. Ошол убакта суу жок болуп калса, эгиндер кургап калат.

Жылкоол айылынын жашоочусу Кубаныч мырза:

— Айылда бирден мектеп жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Жайында таза суу ичпей калабыз. Жол начар, бала бакча жок. Адырдын түбүндө жайгашкандыктан сел коркунучу бар. Жылына бир жолу сөзсүз селден жабыркайбыз. Мисалы, былтыр 18 га жерди ылайка басып калган. Ал жерде дарбыз, бадыраң эгилген болчу. Ар бир дыйкан чыгымга учураган. Компенсацияны ким төлөп берээрин да билбейбиз. Селдин нугун буруу боюнча иш-аракеттер бар. Жаан көп жааса сел жүрүп тосмолордон ашып кетет. Натыйжада дыйканчылыкка зыян тийгизген учурлар болот. Бул маселеден ӨКМдин кабары бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache