Шашылыш кабар:

Нурбаев: КСДПнын келечеги тууралуу айтуу эрте

Апрель 24th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Нурбаев: КСДПнын келечеги тууралуу айтуу эрте
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Өкмөт башчы программасын, курамын сунуштап, эл өкүлдөрү көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Бирок бир топ депутаттардын арасында айрым Өкмөт мүчөлөрүнө карата сын пикирлер айтылды. Жеке сиздин купулуңузга толдубу?

— Мындай сын пикир ар дайым  айтылып келет. Анткени бардык адамдарга тегиз жакпайт. Өкмөттө үмүт берген, жакшы кадрлар да бар. Ошол эле биздин кесиптеш Алтынай Өмүрбекованын социалдык тармакка барганы жакшы нерсе. Анткени ал прогрессивдүү көз карашта жаңы нерселерди киргизе ала турган адамдардан. Ошондой эле Кубатбек Бороновду эң көп иштеген, тажрыйбалуу деп эсептейм.

— Бирок Бороновдун, кайсыл тармакты башкараарын билбей турганын айтканы суроо жаратты…

— Кызматты премьер-министр бөлүштүрөт. Ал өкмөт башчыдан мурда эч нерсе айткысы келген жок го. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Мындан сырткары, Замирбек Аскаров сыяктуу тажрыйбалуу адистер келди. Үмүт кылып турабыз.

— Бирок өкмөттүн негизги милдети экономикага көңүл бөлүү. Сиз кандай ойлойсуз, алардын көпчүлүгү экономист эмес же реалдуу экономиканы билбегендер деп да айтып жатышат. Бул чындыкка дал келеби?

— Жок. Ишкерлер, Өкмөт тоскоолдук кылбаса өздөрү эптеп кетишээрин айтышат. Бюрократия аткаминерлик мүнөзү бар адамдардан алысараак болушу керек. Негизи министр ишти уюштура билген жетекчи болушу зарыл. Ал ар бир мыйзамга киришпей, жалпы багытты берет. Ал эми кол алдындагылар ошол ишти аткарат.

— Өкмөттү тандоо эмне үчүн шашылыш болуп кетти?

— Жазгы талаа жумуштары, айдап-себүү иштери башталып жатат. Андыктан ар бир күн кымбат. Ошондуктан боло турган нерсени эртерээк жасаган жакшы. Эгер көпкө созулса, ар кандай интрига, оюндар боло берет эле. Адамдарга кара пиар жасалмак.

— Тандоо шашылыш болуп калган жокпу?

— Өкмөт башчынын талапкерлиги боюнча же тактап айтканда, Абылгазиев боюнча мурунтан сөз болуп келе жаткан. Депутаттардын арасында “Эгер Сапар Исаков кетсе, Абылгазиев ордуна келет экен” деген сөз мурунтан болгон.

— Өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөгөн соң Өкмөттүн курамына да ишеним көрсөтпөө дегенди билдирет да. Толугу менен алмаштырууга негиз болгон жокпу?

— Бул суроо премьер-министрге параментте да берилди. Ал, алмаштырыла тургандар дагы да болсо алмашаарын айткан. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кайрадан каралышы мүмкүн.

— Жеке өзүңүз ар бир мүчөнү карап көрдүңүзбү?

— Мен экономика жана билим берүү тармагына көп басым жасап жүрөм. Билим берүү министри Гулмира Кудайбердиеванын ордунда калганын жактырдым. Анткени ал акыркы убакта жакшы нерселерди өткөрө баштады. Мектептерде англис тилин көбөйтүп, биринчи жолу республикалык олимпиада тест түрүндө өттү. Окуучулардын министрликке болгон ишеними арта баштады. Ошондой эле билим берүү жайларында көз карандысыз аккредитация кирүүдө.

— Экономиканы алдыга сүрөш үчүн Өкмөттүн өзүндө көп кадрлар иштеп жатканы айтылып келет. Кандай ойлойсуз, Өкмөттүн оптимизация жасоо аракети эмне үчүн натыйжа бербей жатат?

— Абылгазиевге өз сөзүмдү айттым. Биринчи кезекте чакан Өкмөт болсо, чечим чыгаруу да бат болмок. Көп аткаминер – көп бюрократия. 6 млн калкка 22 Өкмөт мүчөсүнүн, төрт вице-премьер-министрдин  кереги жок. Экинчиден, электрондук Өкмөт киргизүү кажет. Депутаттардын айткандарын эл түз эфирде көрүп турат, аларга сын да көп айтылат. Ал эми Өкмөттүн сөзүн, чыгарган мыйзамдарын эч ким билбейт. Эл кайсыл министр кандай токтомго кол койгонун билип турса. Алсак, Эстониянын министри интернет болсо учакта баратып да документтерге кол коюп кете берет экен. Ал эми бизде министр бир жакка кетсе 10 күн күтүшөт. Өкмөт канчалык ачык болсо, элдин жана жарандык коомдун көзөмөлүндө болот да жаман ишке бара албайт. Өкмөт башчынын өзүнө да жеңил болот, коррупция азаят. Анткени коррупция менен күрөшүүнүн эң чоң жолу айкындуулук. Үчүнчүсү, бул өсүүнүн Өкмөтү болуп, эркин соода саясатын жүргүзүшү зарыл. Жакшы инвестициялык климат түзүп, бизнестин рейтингин карап, ошонун негизинде иштеши керек. Мындан сырткары, ачык асман саясатын киргизүү маанилүү. Ойлоп көрсөңүздөр, туризмди өнүктүрөбүз деген менен өлкөгө Европадан бир да аба каттамы келбейт. Бай адамдар Стамбул же Москвага барып, ал жерде беш саат күтүп Кыргызстанга келбейт. Алар жакшы шарт болгон жерге барат. Башка мамлекеттердин мисалын алып карасак, ачык асман саясаты кирген соң аэропорттун бюджети 4-5 эсе өсүптүр.  Ачык асман саясатын киргизсек туристтер көбөйүп, бюждет өсөт, кошумча орундар да түзүлөт. Төртүнчүдөн, адилеттүү Өкмөт болушу кажет. Анткени укук коргоо органдарында болгон реформалар натыйжа берген жок. Мурун кандай коррупция жүрсө, азыр да ошол бойдон уланууда. Анткени реформаны кызматтын ичиндеги профессионалдар жүргүзгөн жок, сырттан жүргүзүштү. Эң негизги нерсе билим берүү тармагына көңүл буруу шарт. Себеби мамлекеттин келечеги жаштардын билим деңгээлинен байкалат. Азыр өлкөлөр курал, армиясы менен эмес жаштардын билим деңгээли менен атаандашып калды. Биз жаштарга 10-15 жылдан кийин талап болгон билимди бере албасак, балдарыбыз көчөдө калат.

— ЖКда ачык асман саясатын көптөн бери көтөрүп келесиз. Бул ишке ашаарына ишенесизби? Дегеним бул саясатка көпчүлүк каршы болуп келет…

— Бул саясатка авиакомпаниялар каршы. Бирок саналуу авиакомпаниялардын кызыкчылыгына караганда улуттун кызыкчылыгы жогору турушу керек. Баткенге бараткан учактын мотору бузулуп, кайра кайтып келди. Кыргыз элин Кудай эле сактап жатат. Кыргызстандыктар Алмата же Ташкент аркылуу учат, анткени ал жакта арзан. Депутаттар да Европага барса, Алмата аркылуу учат. Эмне үчүн түз учсак болбойт? Акчалар ал жакка кетип жатат. Жогорку Кеңеште төраганын алдындагы бизнес кеңеште мыйзам долбоорун даярдадык, бир айда чыгарабыз.

— Эксперттер Сапар Исаковду кетирүү маселесинде ЖКда бир топ оюндар болуп кетти деген пикирди айтып келе жатышат. Буга чейин коалициялык көпчүлүк Исаковдун отчётун канааттандырарлык деп таап,  ал эми эки оппозициялык фракция ишеним көрсөтпөгөндөн кийин эле көпчүлүк коалиция колдоп кетишти.  Эмне үчүн тез өзгөрүп кеттиңиздер?

— Биринчиден, Исаков 2017-жылда төрт ай иштеди. Ал эми биз Өкмөттүн 2017-жылдагы ишине баа бердик. Өкмөттүн чечиминен айылдагы адам эч нерсе сезе алган жок. Кооз сөздөр болгону менен ишке ашыруу болбоду. Исаков бираз тажрыйбасыздыгын көрсөтүп койду. Коалициялык көпчүлүк Өкмөттүн 2017-жылкы жалпы отчетун канааттандыраарлык деди. Ал жерде Исаков 4 ай эле иштеген, анда көрсөткүчтөр жакшы болчу. Ал жалпы ишинин негизинде кызматтан кетип жатат.

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууга катыштыңызбы?

— Жок.

— “Бул ирет парламент принциби жок экенин көрсөттү” дегенге кандай карайсыз?

— Жок, мен ага кошулбайм. Парламент өз милдетин аткарып жатат. Эч кандай мыйзам бузулган жок.

— Эми ушул сыяктуу жагдайлар аркылуу экс-президент менен өлкө башчынын ортосундагы тирешүүгө чекит коюлду деп ойлойсузбу?

— Коюлду деп ойлойм. Бүттү эми. Эми иштейт. Анткени Сапар Исаков да президент менен тил табыша албай ар кандай чечимдер кабыл алынып жатты. Болот Сүйүмбаевди кызматка койгону ашыкча болуп кетти. Мындай тиреш улана берсе зыяны элге тийип, эч кандай инвестор келбейт. Ошондуктан чекит коюлуп, кете турганы кетти.

— КСДПнын кийинки тагдыры кызыктырбай койбойт экен. Фракциянын көпчүлүк депутаттары президенттин ишмердүүлүгүн колдоп, ага жардам бергиси келип жаткандай. Бирок биз билебиз, КСДП каржылык жана башка ресурска бай партия. Эми тагдыры кандай болот, экс-президентке көз каранды болосуздарбы же белгисизби?

—  Азырынча белгисиз. Партиянын тагдыры Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун сүйлөшүүсү аркылуу чечилет. Эгер андай болбосо партиянын келечеги кыйын болуп калат.

— Жаңы партия түзүлүшү мүмкүнбү? КСДПга кошулушу кыйын болуп калды да…

— Албетте мүмкүн. Партиянын түзүлүшү реалдуу нерсе.

— КСДП  партиясы менен фракциядагы депутаттардын мамилеси кандай?

— Фракцияда мамиле жакшы, бөлүнүп жарылуу жок.

— КСДП партиясынын оппозицияга өтүү реалдуулугу барбы?

— Эгер ошондой жагдай болуп калса өтө берет. ЖКда фракция, партия дегени 1-2-жыл иштейт экен. Андан соң депутаттар пикирлеш болуп калышат. Эл өкүлдөрү айрым чечимдерде өздөрүнүн фракциясына карабай эле, ар бир партиядан бириккенде пикирлеш болуп калат. Ошол эле оппозициядагы депутаттын да жакшы идеясы болсо, партиялардын ичиндеги адамдар ошону колдойт. Сөзсүз оппозицияга каршы чыгыш керек деген нерсе жок. КСДПда дагы өзүбүз каалагандай шайлайбыз. Фракция чечсе аны 100% колдоо деген нерсе жок.

— Жогорку Кеңешке келгенге чейин Ош шаардык кеңешинде депутат болуп иштегенсиз. Айтсаңыз, ЖКга келген соң өзүңүздү саясатчы катары толук быштым деп айта аласызбы?

— Жок. Ош шаардык кеңешинде эки чакырылышта депутат болгом. ЖКга келгенде бираз даяр болсом керек деп ойлогом. Бирок бул жерге чоң тажрыйба керек экен. Окуган башка, тажрыйба башка нерсе экен көрсө. Биз айрым нерсени түз айтсак, тажрыйбалуу эл өкүлдөрү өз оюн коомчулукка жага турган кылып айтышат. Биз кесипкөй юрист эмеспиз, депутат болуп бираз такшала баштадык.

— Интрига шаардык кеңеште көппү же ЖКдабы?

— Шаардык кеңеште интрига деле жок. Бюджет 1 миллиардга жакын, аны беш колдой билесиң. Эки айда бир жолу чогулуп коёсуң. ЖКда бардык маселе мамлекеттик деңгээлде болуп жаткандыктан, көп нерсе ЖКда.

— ЖКга келе электе сыртта туруп парламенттин бардык чакырылыштарынын кесипкөйлүк деңгээлине, кабыл алынып жаткан мыйзамдарга баам салып турсаңыз керек. Саясатка келээринизди билгенсиз. Азыркы кесиптештериңиздин деңгээли жөнүндө кандай ойдосуз?

— Кесиптештерим жөнүндө терс нерсе айтсам туура келбейт. Бирок ЖК мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иштеп жатат. ЖКда оппоненттер күчтүү болсо, иш жакшы жылат. Биздин чакырылышта Өмүрбек Текебаевди камап койгон соң оппозиция күчсүз болуп, бийликке ыктап кетти. Эки оппозициялык партия өз ролун аткара албай калды. Кээде көпчүлүк коалиция айтчу нерсени оппозиция айтып чыгып, мактап калганына таң калам. Сөзсүз каршы чыгып турган бирөө болсо иш жылат. Баланс болушу зарыл.

— “Ата-Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” оппозициялык фракцияда калды. Ал фракциядагы депутаттардын саны аз эле. Булар бийликке реалдуу оппозиция болуп бере алабы же бийликти ыктаган эле топту түзүп береби?

— “Ата-Мекен” болуп бере алат. Анткени ал жерде тажрыйбалуу депутаттар бар. Эки жылда мөөнөт бүтөт, андыктан иштеп элге көрүнүш керек. Эми азыр көпчүлүгү оппозиция болот, мурункудай болбойт. Анткени баары кылган иштерин эл алдында айткысы келет. Кызык эми башталат, го.

— “Республика-Ата-Журт” фракциясынын көпчүлүк коалицияга кошулушунун себебин көрдүңүзбү?

— Азыркы Өкмөттүн стабилдүү болушу болду көрүнөт. Анткени төрт партия көпчүлүк коалицияда болсо, бир партия чыгып кетсе да,  көпчүлүк коалиция сакталып кала берет деген принциптин негизинде болду окшойт. Анткени Өкмөт көбүрөөк иштеп берсе деген үмүт болду өңдөнөт.

— Бул тилек “Республика-Ата-Журт” фракциясынын өзүнөн чыктыбы же бийликтен айтылган ниет болду беле?

— Менимче, өздөрү каалашса керек. Анткени бийлик айтса эле алар оңой менен өтө бербейт, өздөрү да кызыктар болду көрүнөт.

— Бизнестин адамдары ЖКга келгенде сүйлөгөн сөзүндө, кыймыл аракетинде өтө этият болушат экен. Сиз да ишкерсиз, мунун себеби эмнеде экен, анализдеп, байкап көрдүңүзбү?

— Эң биринчи нерсе өлкөдө адилеттүү соттун жоктугу. Анткени бийликке каршы сүйлөсөң, ал каалагандай жол менен сага кылмыш ишин козгоп коё алат. Бул нерсени бийлик ар дайым колдонот.

— Мурунку президент Алмазбек Атамбаев иштеп турганда эмне үчүн айткан жоксуздар?

— Бул нерселер айтылып жатты. Бирок сот реформасы болуп жатканы менен жыйынтык чыкпай жатат. Бул жерде эл аралык нормалар, тажрыйбалар колдонулушу зарыл окшойт. Сот системасын оңдобосок, укук коргоо органдарындагы, жалпы эле коррупция менен күрөшүү кыйын. Сот адилеттүү болсо ишкерлер да коркпойт.

— Сот системасындагы реформалардын аксап жатканын кантип алдыга жылдырса болот? Бизге эмне жетишпей жатат, кандай рецепти сунуш кыласыз?

— Бир нерсе талап кылаардан мурда аларга шарт түзүп бериш керек. Соттордун айлыктарын көтөрүү зарыл. Ойлоп көрсөңүз, 15-20 миң сом айлык менен иштеп жаткандардын бала-чакасы бар, бул жетпейт да. Курулушта иштеген жөнөкөй кызматкерлер 30-40 миң маяна алышат. Соттордун иши элдин көзөмөлүндө болуп, керек болсо камера коюгон оң. Сот процессин түз эфирден интернет аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп койсо да болот.

— ЖКнын айрым депутаттары Сапар Исаковдун отчетун угуп жатканда сот системасындагы кадрдык баш аламандыктар тууралуу айтып өтүштү. Өзгөчө президенттин аппаратындагы бөлүмдүн жетекчилигине карата сын пикирлер айтылды. Бул жагдай кайрадан талкууланып уланабы же токтойбу?

—  Бул маселе токтобойт, ар дайым көтөрүлө берет. Адилетсиз нерсе болсо ЖКда кайрадан айтылат.

— Тармактык комитетте, ЖКда бири-бирине окшош мыйзамдар кабыл алынып жаткандай таасир калтырат. Кээде бир мыйзам экинчисине каршы келет. Бардык мыйзамдарды кайрадан ревизиядан өткөрүү зарылчылыгы барбы?

— Ишкердүүлүккө байланыштуу миңден ашуун эреже, токтом, мыйзамдар бар экен. Мыйзам азыраак болсо элге жакшы болот. Мыйзамдарды азайтып, баарын кайра иштеп чыгуу зарыл. Бизде өтө көп мыйзам кабыл алынат. Кээде эки же үч сөз менен да келе беришет. Ага убакыт кетет. Конституция жаңы кабыл алынып, көп нерселер өзгөрүүдө. Парламентаризмде экинчи чакырылышта эле иштеп жатабыз, тажрыйба аз. ЖКнын аппараты да профессионалдуу деңгээлге жете элек. Бирок өсүү бар.

— Сиздин шаардык кеңешке депутат болуп, тажрыйбаңызды эске алганда айыл менен шаардын бюджетин бекемдөө, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жакшы билесиз. Кыргызстанда айылдардын 80% дотацияда турат. Алар бюджетке абдан чоң оорчулук келтирип жатат. 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Айтсаңыз, кантип өнүктүрө алабыз?

— Децентралдаштыруу саясатын жүргүзүш керек. Албетте, айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин депутаттарында эч кандай укук жок болсо алардын деңгээли төмөн болот да. Кызматка билимдүү балдар барбайт. Айыл өкмөт башчыларына, айылдык кеңештин депутаттарына көбүрөөк укук, жоопкерчилик берсек болот. Айылда мектеп, оорукана курулуп, жолдор салынууда. Алардын тендерин Бишкекте отурган адам чечет. Эмне үчүн тендер өткөрүүнү айыл өкмөтүнө, мектеп директоруна бербейбиз? Эгер алар компанияны өздөрү тандаса, эгер сапатсыз болуп калса эл өзү сурап алат. “Мектептип полу чирип жатат, келип оңдо” деп мекемени курган компанияга барып айтат, алар Бишкекке келип айта албайт. Укук берилсе татыктуу, билимдүү, кызмат кылам дегендер иштейт. Экинчиден укук коргоо органдарын айыл өкмөттөрү текшерүүнү токтотушу шарт. Качан гана жергиликтүү бийлик өз алыданча иштеп, көйгөйлөрдү чечүүгө кызыктар болгондо өнүгүү болот.

— Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюш керекпи же аларды кармап туруунун зарылчылыгы барбы?

— Айыл өкмөттөргө көбүрөөк укук берсек, балким акимдердин да кереги жок болуп калат. Бул өтө сезимтал маселе. Айыл өкмөттөрдү бириктирип жатканда уруу жана башка маселелер көтөрүлүп кетет экен. Мындай караганда шайлоо бүткөндө тез арада кылыш керек экен. Анткени шайлоонун алдында бийлик дагы жаман көрүнгүсү келбейт. Губернатор институнун кереги жок. Мүмкүн болсо либералдык экономика кылып, мамлекет кийлигишпей тургандай кылуу зарыл. Бизде эл өзү менен өзү эле болуп калды. Ишкерлер уруксат кагазын алуу үчүн жылдап чуркашат. Адам ресурсуна көңүл бурган маанилүу.

— Сиз бул көйгөйлөрдөн сырткары жаңы муундун билим алуусуна кызыктар болуп, күйүп келе жатканыңызды билем. Айыл менен шаардагы окуучулардын билим деңгээли теңелип калдыбы?

— Өтө чоң айырма бар. Билим деңгээлин карабасак мамлекеттин келечеги күмөн. Бирок айрым нерселерге чоң каражаттын кереги жок. Мисалы, Финляндияда биздегидей эле эски мектепте окушат. Бирок ал жерде окуучуларды эки нерсе менен тарбыялайт экен. Биринчиси – ишеним, экинчиси – сүйүү. Ар бир балага өзүнчө программа түзүлөт, аны түзүүгө окуучунун ата-энеси, класс жетекчи, мектеп директору, психолог жана бала өзү катышат экен. Окуучу кызыккан сабактарын тандап окуйт. Иштерди аткаруунун 70 пайызына мыйзамдын кереги жок, адамдын каалоосу зарыл. Мугалимдердин деңгээлин көтөрүү кажет. СССР убагындагы китептерден үйрөнгөн билим талап болбойт.

— Парламентте эл өкүлү болбой калсаңыз бизнеске кетесизби же билим берүү тармагындагы ишиңизди улантасызбы?

— Бала бакча, мектеп, университет ачуу кыялым эле. Ишкерлер менен чогуу Ош шаарына бала бакча курдук. Ал жерде 3 жаштан тарта англис тилин үйрөтөбүз. Түштүктө күчтүү университет жок. Эсктремизм, Сирияга кеткендер ошол жактан чыгып жатат. Анын тамыры билим берүү деңгээлинин төмөндүгүнөн. Жараткан өмүр, ден соолук берсе билим берүү жаатында иштейм.

 — Маегиңиз үчүн рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache