Биз менен байланышыңыз

«Путинден турмуш сабактары» китеби жарык көрдү

Дүйнө | 30 Сен 2018 | 1557 | 0

Британиялык сатирик жазуучу Роб Сиерстин «Путинден турмуш сабактары (Vladimir Putin: life coach)» атуу классикалык өзүн-өзү өнүктүрүү стилиндеги китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу автор Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Автордун айтымында, АКШдагы, Британиядагы жана башка батыш өлкөлөрүндөгү Путиндин күйөрмандары анын чынында эмне кыларын билишпейт.  Роб Сиерс аны кадимки калифорниялык мударистин образында таанытты.

Чыгарманын баш сөзүндө бул китеп өзүн колго ала албаган, тээ мурун эле койгон максаттарына алигиче жете албаган жана башкалар оңой эле колдонуп кеткен адамдарга арналары жазылат. Анда автор китепти чыгараарда бир топко эки анжы ойдо туруп калганын айтат: «Элестеткиле, досунар же коллегаңар, чон энеңер же сүйлөшкөн кызыңар китептен үйрөнүп алып, бир маалда эле «Путин» болуп чыга келсе! Бул коркунучтуу түш эле болуп калбастан, бүткүл планетанын каргашасына айланып кетүүсү мүмкүн да!»,-деп азилге салган.

Китепте өзүнүн чек арасын кеңейтүү жана зыяндуу жактар менен мамилени үзүүнүн ыкмалары Владимир Путиндин мисалында сатиралык түрдө ачыкталган.

«Эгерде сиз ар дайым эле жеңилип калуудан корксоңуз, анда каршылашты өзүңүз тандаңыз. Мисалы, Путин өзүнө добуш берген Миронов, досунун кызы Собчак, качаак масон Богдановдор менен кантип каршылашканын билесиз» сыяктуу кеңештер китептин маңызын түзөт.

Кошумчалай кетсек, Роб Сиерс буга чейин «Трамтын көркөм поэзиясы (The beautiful poetry of Donald Trump)» атындагы китепти жазган. Эң көп сатылган китептердин арасынан орун алган бул эмгек АКШ президентинин ар кайсы жерде сүйлөгөн жана жазган өзгөчө билдирүүлөрүнөн турат. Аталган китеп чыгар-чыкпас автор Путин тууралуу да жазарын айткан болчу.

«Путинден турмуш сабактары» АКШ, Европа, Түштүк Африка жана Жаңы Зеландиянын китеп дүкөндөрүнөн орун алды. КМШ өлкөлөрүнө али чыга элек.

Copyright © 2017 Maral FM