Шашылыш кабар:

Ата-энелер эмдөөгө эмне үчүн каршы?

Апрель 24th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Ата-энелер эмдөөгө эмне үчүн каршы?
Ден соолук
0

Дарыгерлердин айтымында баланы эмдөө менен кургак учук, гидроцефалия, диарея сыяктуу ооруларды алдын алууга болот. Бирок маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабай, айрым жагдайларга байланыштуу баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер да бар. Алардын түшүндүрмөсү боюнча баланы эмдетүү тескерисинче анын ден соолугуна доо кетирет. Дени сак балага вакцинаны берүү менен кайрадан аны алсыратат деп каршылык көрсөтүп келишет.


Кыргызстанда 11 жылдан бери Европалык иммунизациялоо жумалыгы өтөт. Быйылкы иш-чара 23-29-апрелге чейин деп белгиленген. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму канчалык түшүндүрүү иштерин жасабасын эмдөө жасатууга каршы болгон ата-энелер да бар. Мисалы, Талгат кызын эмдеткиси келбейт. Анткени сырттан келген вакцинанын курамында эмне бар экенинен күмөн санайт жана аны алган балдар деле ооруп калганын көргөн.

-Мен өзүм эмдөө боюнча иликтеп көргөм. Мисалы Индияда эмдөө жасаткан балдарда мурда болбогон оорулар пайда болгон экен. Анын кесепети оор болгон учурларды окугам. Анын үстүнө вакцинанын курамында эмне бар экени айтылбайт. Бул күмөн жаратат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин көпчүлүк ата-энелер жогоруда айтылгандай себептерден улам, балага эмдөө жасатуудан баш тартарын белгилейт. Бирок ал аларды негизсиз дейт. Анткени бала кайсы бир ооруга карата эмдөө алса, ага чалдыкпайт же жеңил өткөрөт. Маселен, өз убагында календарь боюнча эмдөөдөн өткөн бала кургак  учук менингити, полиомиелит сыяктуу оорулардан оолак болот.

-Ымыркайларга өз убагында эмдөө жасатуу ар кандай ооруларды алдын алат. Маселен, эмдөө алган балдар полиомиелит, кургак учук менингит сыяктуу оорулардан оолак болушат. Эске салсак, өткөн жылдары өлкөдө кызылча оорусу катталган. Алар дагы албай калгандарга жуккан.

Мындан улам быйыл эмдөөгө байланыштуу атайы иликтөө жасалган. Ага ылайык, Кыргызстанда 1% аял балдарды эмдөөгө каршы, ал эми 3% аял чече элек. Изилдөөнү жүргүзгөн топтун адиси Лариса Миңбаеванын айтымында сурамжылоого 2 миң 500 киши катышкан.

Изилдөөнүн максаты эмдөөгө ата-энелер эмнеге каршы болот деген суроону чечүү болчу. Сурамжылоонун жүрүшүндө бардык эле ата-энелер бала үчүн эмдөөнүн маанисин билсе деле, анын ден соолугу үчүн башка жолдорду караса да болот дегендей жоопторду алганбыз. Башкача айтканда алар туура жашоо образы, баланы таза кармоо менен анын ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүн деп жазышкан”.

Респонденттердин басымдуу бөлугү медициналык себептерди жана күтүүсүз реакцияны каршылык көрсөтүшүнө себеп катары көрсөтүшкөн. Ошондой эле бул вакцинаны алганы менен кайра эле ошол дартка чалдыгып калгандар бар экенин айткандар да бар. Бирок бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихт дүйнөлүк практикада эмделген коомчулукта оору аз болгонун айтат.

“Иммунизация дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда. Эмдөө айрым жугуштуу оорулардын алдын алып, алар менен күрөшүүдө эң таасирдүү жана жогорку натыйжа берген чаралардын бири катары кеңири таанылды”.

Белгилей кетсек, иммунизация жумалыгы 23-29-апрелге чейин болот. Анын алкагында жаңы конуштарда 25 көчмө, 22 мобилдик бригадалар уюштурулат. Эмдөө акысыз жасалат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache