Шашылыш кабар:

Ысык тамак бар бирок, шарты жок мектептер

Апрель 23rd, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Ысык тамак бар бирок, шарты жок мектептер
Ден соолук
0

Мектептерде ысык тамак берилгени менен балдар жетиштүү витамин, микроэлементтер менен азыктанбай жатат. Мындай пикирин билим берүү мекемелериндеги тамак-аш көйгөйүн талкуулоо учурунда адистер айтышат. Бул сыяктуу көйгөйлөрдөн улам балдарда көз, йоддун жетишсиздиги, иммунитеттин аздыгы байкалган. Маселен өткөн жылы текшерилген 1 миллиондой баланын 48 миңинде ар кандай оорулар аныкталган.


Борбор калаадагы 121 мектептин 49да ысык тамак даярдоого тийиштүү шарттар жок. Ашканалардагы жабдыктарды алмаштыруу көйгөйү курч. Бул туурасында мектеп жана бала бакчалардагы тамак аш көйгөйүн талкуулоо учурунда айтылды. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн улам, жаңы жетилип келе жаткан организмде йоддун жетишсиздиги, көздүн начар көрүүсү, иммунитеттин төмөндүгү байкалгандыгын адистер кулак кагыш кылып келишет. Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов «мектепте ысык тамак берилгени менен ал тамак канчалык микроэлементтер менен камсыздап жатат ?»деген суроону коет.

Калория боюнча карай турган болсок 20% талапка жооп бербейт. Ошондой эле, канттын көп колдонулганы байкалган. Балдар калория жагынан азык алып жатканы менен, мөмө жемиштен витаминдерди жеткиликтүү деңгээлде албай жатышат. Ооба, балдар тамактанып жатат. Бирок кандай тамактанып жатат деген суроо туулат.

Талапка ылайык билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери 1 айда бир жолу текшерилип туруш керек. Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Нурлан Буйлановдун айтымында жарым жылдын ичинде 30 мекеме санитардык тартипти сактабай жаткандыгы аныкталган. Ал эми тамактардын сапатын ал бөлүнгөн каражат менен байланыштырат. Анткени бала бакча үчүн ар бир балага мамлекеттен 30, ата-энеден 30 сомдон гана алынат.

-Тамактын сапаты бөлүнгөн каражатка байланыштуу болот. Албетте, күн сайын эт бербейбиз. Бирок эттин ордун алмаштыра турган азыктар берилет. Маселен, бир күн эт берилсе, экинчи күн жумуртка.

Санэпид көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Мария Кушубакованын айтымында мектептерде, бала бакчаларда санитардык көзөмөл сакталбагандыктан, тамактан уулануу учурлары катталган. Ал кошумчалагандай тамак-аш менен камсыздоодо борбордогу мектептерден дагы, райондук деңгээлдеги мекемелердеги абал ич жылытпайт. Анткени балдарга берилип жаткан тамактардын тизмесин атайы адистер түзбөйт же жасабайт.

-Бишкектеги билим берүү мекемелеринде кемчиликтер болгону менен абал акыркы 5 жылда жакшырды. Бирок райондун деңгээлиндеги мектептерде абал жакшы эмес. Анткени аларда тамакты атайы адис көзөмөлдөп жасагандар чанда гана.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы текшерүүгө алынган 1 млндой баланын 48 миңден ашыгында  ар кандай оорулар байкалган. Алардын 18 миң көз ооруларына, 10 миңден ашыгында омуртка, 3 миңдей балада угуу жагынан кемчиликтер  катталган. Ошондуктан диетолог Наталья Саломахина: «Мектептен мурда биринчи кезекте баланын ден соолугу үчүн ата-эне кызыктар болуш керек»,- дейт.

Мисалы балдар мектепке чейин эле зыяндуу болгон чипси, тез татым тамактарын жакшы билишет. Жакшы көрүшөт. Демек, аларды мектепке чейин эле ата-энеси көндүргөн. Ошондуктан, бул учурда мектеп же бала бакчаны күнөөлөбөй ата-эне өзү кызыктар болуш керек.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Бишкек боюнча 80 бала бакчага эскертүү берилген. Эрежени бузгандыгы үчүн 77 жетекчи, жооптуу кишилер айыпка жыгылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache