Шашылыш кабар:

Сооронколова: Пенсияга чыкканда Конституциялык палатага кайра барам

Апрель 23rd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Сооронколова: Пенсияга чыкканда Конституциялык палатага кайра барам
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын кезектеги коногу Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова болду. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Клара айым, 2015-жылы “Ата-Мекен” партиясынын тизмеси менен ЖКга ат салыштыңыз эле. Аталган партия саясат айдыңында чон сыноолорду башынан өткөрдү. Азыр да ошол партиянын курамындасызбы? Партия лидери учурда камакта. Моралдык оор кырдаалдардан чарчаган жоксузбу же мындай кырдаалдар сизди курчутуп жатабы?

— “Ата-Мекен” партиясында депутаттыкка талкерлердин тизмесиндемин. Бирок чынында саясий иштерге көп аралашпайм. Мамлекеттик кызматта тургандыктан саясатка көп кийлигишкен эмесмин.

— Партияга лидер тарабынан чакыруу болдубу же өзүңүз саясат менен алектенейин деп бардыңызбы?

— Партияга өзүм бардым. Мүмкүнчүлүк болсо тизмеге киргизсеңер деген сураныч менен кайрылдым.

— Конституциялык палатанын судьясы болуп жүргөндө саясатка келем деген оюңуз жок болсо керек ?

— Чынында андай ой жок болчу. Анткени мен өмүр бою университетте иштеп, илим жактоо менен алектенип жүргөм. Докторлукту жактасам деген тилектер бар эле. 2010-жылдан кийин Конституциялык палатага келүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүп калды. 2011-2015-жылдар аралыгында сот болуп иштедим. Бирок ал мизгилде да саясатка баруу тууралуу кыялдануу гана болбосо реалдуу койгон максат жок болчу. Кызматтан алынышым саясаттышып кетти. Ошондо болуп жаткан адилетсиздикке жүрөгүм ооруп, өлкөгө таза саясатчылар келбесе Кыргызстан оңолбойт деген ой кетти. Азырынча так максаттар жок бирок, болуп жаткан окуяларды анализдеп, түшүнүүгө аракет кылып жүрөм.

Конституциялык соттун судьялыгынан биометрика боюнча айткан пикириңизден улам кызматтан кеттиңиз. Күнү бүгүнкүдөй эсте, ЖКда депутаттар кызыл чеке талаш болуп, бир эмес эки жолу карап, сиздин оюуңузду  угуу боюнча да эки анжы пикирлер арбын болуп турду. Кийин  кабыл алган чечиминизге өкүнүп, эл катары айтпай эле иштеп жүрсөм болмок экен деген ой пайда болдубу?

— Кызматтан кеткениме көп кейиген жокмун. Анткени мен үчүн Конституциялык палатадагы атмосфера абдан оор болчу. Себеби чечимдердин көпчүлүгүндө өзгөчө пикир менен калып калат элем. Ошондуктан кандайдыр бир маселелерде кесиптештер менен пикир келиспештик болуп, өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Бир гана өкүнүч, 2011-жылы эки сот Роза Отунбаеванын убагында ЖКдан шайланып өтүп келгенбиз, калгандары Атамбаевдин мезгилинде келишти. 2010-жылы конституциялык сотко терс баа берилген. Биз таза иштейли, оңдойлу, колдон келгенин жасайлы деген маанайда келгенбиз. Конституция менен жашоого өз  салымыбызды кошууну каалаганбыз. Бирок андай болгон жок. Конституциялык палата Ак үйдүн саясий буйругун аткарган орган болуп калды. Өзүңөр да көрдүнөр 2016-жылы Баш мыйзамга өзгөрүүлөр кирип жатканда барын жактап берди.

— Биз билебиз, Аскар Акаев президент болуп турган учурдан бери эле Конституциялык сотко бийликтен көп буйрутмалар түшүп, алардын буйруктарын аткарып келишкенин коомчулук  тарабынан айтылып келет. Сиз кызматта турганда да ошондой билдирүүлөр көп түшчү беле?

— Ак үйдүн кызыкчылыгы болсо саясий буюртмалар түшүп турчу. Болгондо да ачык, жазуу түрүндө тапшырма беришчү. Кызматтан алынаарда ошол документтерди көрсөтүү боюнча даярдыгым бар болчу. Сотко кийлигишүүлөр болуп жатканын айткым келген. Ал далилдер менин колумда. Ал тууралуу соттордун тартип комиссиясында ачык жарыялап, көрсөтүп бергем. Бирок тилекке каршы ага эч ким көңүл бурган жок. Азыркы күндө да Коституциялык палатада президенттин өкүлү такай отурат. Ушул күнгө чейин аталган кызмат президенттин буйруктарынын конститутциялуулугун текшерген жок. Бирок такай отуруп айлык алат. Бир дагы мыйзамда Конституциялык палатада президенттин өкүлү отурсун деген айтылган эмес.

— Клара айым, Кыргызстанда көз карандысыз, адилет сот жок деп айтып келесиз. Бул сиз кызматтан кеткенден кийин берген бааңызбы же аталган системада иштеп жүргөндө да ушул ой жаралып сизди сарсанаага батырып жүрчү беле?

— Адилеттүү сот такыр жок дегенден алысмын. 400 соттун ичинен таза иштегендер да болушу мүмкүн. Чыккан чечимдердин баарын талдап чыгууга мүмкүнчүлук жок. Көзгө көрүнөөр, элде пикир жараткан иштер боюнча чыгып жаткан чечимдердин бары мыйзамсыз, адилетсиз, негизсиз болуп жатат. Мындай чечимдерден эле жалпы пикир жаралып калат. Коомчулукта сотко болгон ишеним төмөндөп кетти. Конституциялык палатада иштеп келгенде өз көзүм менен көрүп, таң калдым.

— Бир топ жылдан бери соттор Сотторду тандоо кеңеши аркылуу тандалып келет. Демек, бардык рычагдар алардын колунда, андан кийин гана президентке барып тийет эмеспи. Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн кыскарып кетиши реформанын белгиси болдубу же сандан сапатка өтүү боюнча маселе жаралдыбы?

— 2010-жылы Сотторду тандоо боюнча мыйзам кабыл алганда кеңештин мүчөлөрүнүн санын 24 киши деп киргизгенбиз. Анткени сотторду тандоо процесси бага чейин коррупциялык процесс болуп келген. Болгондо да жалаң Ак үйдө чечилчү. Сот болууну кыялданган юристер аз болчу, анткени алар үчүн жабык жол эле. Сотторду тандоо кеңешинде жарандык коом да өкүлчүлүк алсын деген массатта 24 киши мүчө босун дегенбиз. Бирок тилекке каршы, максатыбызга жеткен жокпуз. 24 кишинин сегизи сот болсо, калгандар фракциялардын өкүдөрү болуп кетти. Процесстер саясатташып, сот болчу киши фракциянын өкүлүнүн алдынан өтүшү керек деген эреже түзүлүп калды. Чоң орган болгон соң, ыкчам иштесин деген максатта кеңештин мүчөлөрүн кыскартып коюшту. Бирок бул туура болгон жок, жок дегенде 15-16 киши калышы зарыл эле. Мыйзам боюнча Сотторду тандоо кеңешинде 3 мүчө сот, 6 мүчө коалиция менен оппозициядан келеши зарыл. Коалиция менен оппозиция жарандык коомдун өкүлдөрүн тандашы керек эле. Бирок ал жерде сот реформасына аралашып жүргөн жарандык активисттерден бирөө дагы жок.

— Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлдөрү профессионал экенине ичиңиз чыгабы? Анткени, кеңештин курамында такыр сот болуп иштебегендер да жүрөт. Алар канчалык деңгээлде сот болом дегендерден сынак алып, тестирлөөдөн өткөрө алат?

— Сотторду тандоо кеңешинин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу негиздери өзгөрүп кеткен. 24 киши сот болом дегендерди толук кандуу текшеришчү. Юридикалык сабаттуулугу жоктор кандай текшерээри тууралуу биз да сын айтып келгенбиз. Азыркы мыйзамга ылайык кеңештин мүчөлөрүнүн тажрыйбасы, юридикалык билими болушу зарыл. Бирок талапкерди толук кандуу текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Азыркы күндө булар талапкерлердин документин, декларациясын текшерип маек жүргүзүшөт.

— Соттор кеңешинин алдында тартип комиссиясы бар. Аталган комиссиянын жетекчилери бир топ жолу алмашты. Мунун түпкү себеби эмнеге барып такалышы мүмкүн? Саясий буюртмаларды  аткаруудан баш тартыштыбы же бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш экенин сезип жатышабы?

— 2013-жылда кирген өзгөрүүлөр боюнча тартип комиссиясы көз каранды орган болуп калды, бирок Соттор кеңешине көз карандылыгы жок. Комиссиянын курамы туура эмес түзүлдү. Дагы эле 9 киши болуп, үчөө соттон, үчөө президенттин өкүлү болсо 3 киши парламенттен. Аталган кызмат 2017-жылы бир дагы иштешкен жок. Бир жылда 7 жүздөй арыз чогулган экен. Кеңешке шайланган төрага бир нече ай иштеп, өз ыктыяры менен кызматтын таштап кетти. Менин билишимче ал башынан талап койгон. Иштеп баштаганда басымдар башталган соң кетти өңдөнөт.

— Демек тартип комиссиясынын иши көз карандысыз деп айтуудан алыс экенбиз, туурабы?

— Тартип комиссиясы башынан тарта жакшы иштеген эмес. Анткени мен өз ишимден көрдүм. Кийин дагы булардын ишин анализдеп турдум. Көп учурда кылмыш кылган сотторду калкалап алып калып, саясий тапшырмаларды аткарбагандарды кызматтан кетирип жатышты. Бирок аны соттор айтып чыгышкан жок. Жалпы курамы жалпы соттордон  турчу. Эми  президент өзүнүн 3 кишисин киргизип жаткан соң түшүнүктүү эле.

— Президенттин аппаратынын сот иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси түздөн-түз соттордун чечимдерине буйрук берип турат деген маселе тууралуу айрым соттор менен сүйлөшүп калган учурда айтып калышчу эле. Мурунку судья  М. Оморова кызы тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу билдиргенде ушул маселеге кайрадан дагы бир жолу кайрылды. Демек, бул жагдайлар Кыргызстандагы сот системасында түздөн-түз жогору жактагы бийликтин кийлигишүүсү бар дегенди тастыктайт десек болобу?

— Кийлигишүү бар, ал болгон жана токтобой улана берет. Сотторду тандоодо да, кадр саясатында да бар. Бул көйгөйгө соттор өзү туруктуулук көрсөтө албай жатат. Аларда басымдарга “жок” деп айтууга толук мүмкүнчүлугү бар. Мыйзамда кепилдиктердин баары көрсөтүлгөн. Ошол замат арызданып кой, “келип мага басым кылып жатат” деп, соттук иштерге кийлигишүү үчүн Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик бар. Эгерде мыйзамдуу жол мене арызданып, далилдеп бере турган болсо, эмне үчүн жоопко тартылбайт? Бирок соттордун баары коркок. Ал эми сот системасына коркок кишилер келбеше керек. Сот системасы өз алыданча бийлик болгондуктан соттор бийлигин сезиши зарыл.

— Соттордун арасында тилектештик барбы?

— Бири-бирин жаман иштерден коргоп калганда тилектештик байкалат. Мыйзамсыз иштерде бири-бирин коргоого кийлигишпейт. Менин кесиптешим дагы менин кызматтан алынып жатканымды мыйзамсыз деп баалай калып, иш козголуп, тартип комиссиясынан сөгүш алды.

—  Өлкөдө 4 жүздөн ашуун сот бар экени белгилүү. Алардын ишти кароосу, жүктөмдөрү дайыма ар кандай ойлорду жаратат. Айрым соттор көп иш караса, айрымдары жылына ондой гана иш карайт экен. Айрым жергиликтүү соттор менен сүйлөшкөндө алар  “Конституциялык палатада соттор уктап эле отурушат , ага  караганда  бизде иш көп ” деп калышат . Демек, соттордун ишине толук кандуу реформа зарылбы?

— Жүктөмдөр боюнча айтсак, чындыгында тегиздик жок. Шаардык соттордо чыңалуу абдан көп. Ал эми райондук соттор караган иштер аз. Бирок алган айлыгы шаарда иштеген соттордун маянасына караганда бир топко көп. Бул реформанын көйгөйү, аны оңдоонун жолдору бар. Сотторду адмнистративдик бөлүнүшкө байлабай, аларды округдарга бөлсөк тең салмактуулук сакталышы мүмкүн. Конституциялык палатада иштеп турганда жумасына экиден иш карап, чыңалуу көп болуп турду. Арыккы жылдары каралган иштердин саны кыскарып кетти. Өзүбүз иштеп турганда сурунку Конституциялык сотко сын айтчубуз. Бул мекеме эн көп караса бир жылда 11 иш караган экен. Дал ошол кырдаалды сынга алып, “эч нерсе кылбай отурушат” дечүбүз. Азыркы күндө да Конституциялык палата аз чечим чагарат. Ойлоп көрсөңөр, палата 6 ишти караса, 4 судья эмне иш кылды? Отуз кишиге жакын аппарат дагы бар.

— Бул Конституциялык палатага кайрылуулардын саны азайп кеткендигиненби?

— Көп учурда  ишенбестик болуп, кайрылуулар азайып кетти. Буга менин ишим дагы таасирин тийгизди деген ойдомун. Көп учурда негизсиз кабыл албай коюушат. Саясатка байланыштуу иш болсо, негизи жок эле кабыл албай коюшат. Бул өздөрүн коргоо максатында.

— Сиз иштеп турган 4 жылдын аралыгында сизге пара берүү же жең ичинен сүйлөшүү боюнча кайрылган учурлар болдубу?

— Конституциялык палатада факты маселеси каралбайт. Анда мыйзамды Конституцияга туура келип, келбестиги каралат. Айрым иштер боюнча, айта кетсем кумар оюндары боюнча тыюу салынган мыйзамды карап берүү боюнча сунуштар болгон. Конституциялык палатанын соттору кумар оюндарына тыюу салган мыйзамды ала турган болсо, бул жерде белгилүү да. Бирок Конституциялык палатада мындай көрүнүштөр жок. Мен алардын иштерин дайыма анализдеп карап турам. Анткени чечимди бир киши кабыл албайт.

Соттордогу коррупцияны кыскартууда көпчүлук алардын айлыктарын көтөрүү керектигин айтышат. Айтсаңыз, ушул фактор коррупциянын денгээлин кыскарта алат беле?

— Коррупциянын деңгээлин кыскартпайт. Сотторду каржылоо маселесин карай турган болсок, экс-президент Алмазбек Атамбаев айткандай, каржылоо 5 эсеге көтөрүлдү. 2017-жылы ири көлөмдөгү каражат бөлүнүп берилди. Соттордун айлыктары дарыгерлер менен мугалимдердин маянасына салыштырмалуу көп. Бирок коррупция жоюлган жок.

— Коррупциянын денгээлин түшүрүп, адилет, таза чечим кабыл алуу үчүн кандай рецепт бар?

— Бул жерде үч, төрт чара менен маселе чечилбейт. Биринчиден сотторду тандоо маселеси турат. 400 соттун арасында 50-60 пайызы кынтыксыз иштесе абал өзгөрөт. Жарандар коррупциялык көрүнүштөргө жакынбыз. Эгер коомчулук паракорчулуктан алыстап, мыйзам негизинде чечилсин десек жылыш болушу мүмкүн.

 — Соңку суроону берейин, Конституциялык палатынын судьясы болуп турдуңуз. Сот системасына ностальгия болосуз?  Кийинки конкурстарда кайрадан катышып көрсөм деген ой жаралабы?

— Сот системасынан кынтыксыздык принцибин бузган деген негиз менен кеткен соттор кайра сот системасына келгенге эч кандай жол жок.

-Балким кайрадан  реаблитация болгондон кийин?

-Туура  реабилитация болушу керек. Пенсиялык куракка барганда Конституциялык палатага барып иштесе болот. Анткени аталаган мекемедеги жумуш пенсионерлердин иши. Анализ жүргүзөсүң, көп учурда акыл, тыжрайба керек.

— Маегиңизге рахмат. Ыразычылык.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache