Шашылыш кабар:

Өкмөттүн курамы купулубузга толгон жок (Элдик пикир)

Апрель 23rd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Өкмөттүн курамы купулубузга толгон жок (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында программасы менен тааныштырып, жакынкы убакытта сунуш-пикирлердин негизинде кайра толукталып, бекитилээрин белгилеген. Программада буга чейин макулдашылып ишке аша баштаган долбоорлор улантылаары, кыска жана узак мөөнөттүү программалар ишке ашаары, 2040-жылга чейинки стратегия толукталары белгиленген. Жаңы премьер-министрдин келиши менен Өкмөттүн курамына өзгөртүүлөр кирип, бир катар министрлер алмашкан.

«Марал» радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Өкмөттүн жаңы программасы, курамы купулуңузга толдубу?” деген суроонун алкагында угармандардын пикир менен таанышып көрдүк. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Байланышка чыккан угармандардын 77% Өкмөттүн жаңы курамына канааттанбай турганын айтышат. Алардын пикиринде, кызматка мурда иштеп кеткендер кайра келген. Жаңы команда өзгөртүү жасай албайт, эгер жасашса  кызматта турганда иштешмек.

Ал эми эки угарман калыс пикирин билдирсе, үчөө Өкмөттүн курамы купулга толуп турганын айтып, келечектен көп үмүт артып жатканын билдиришти.

Нурбек:

— Сапар Исаковдун Өкмөтү жакшы иштеп жаткан. Бирок ал эрктүү болуп, саясий чечимдерди кабыл ала алган жок.  Президентке өчөшкөнсүп, кызматтан алган кызматкерди кайра жаңы жумушка койду. Абылгазиев тууралуу алдын ала айтуу кыйын. Бутунан чалынса парламент дароо тынчытып коёт экен, аны көрдүк. Эми бийлик бутактары биргеликте иштешсе экен. Ички иштер министри алмашканы сүйүнтүп жатат. Эски министр эмне кылганы белгисиз болчу. УКМКга жаңы жүздөр келгени сүйүнтөт, үмүт кылалы жакшы иштешсин.

Төрөкан:

— Мурун кызматта иштегендер эми эч кандай өзгөртүү жарата албайт. ЖК чоң саясий катага жол берди. Ишеним көрсөтүлбөгөн адамдын кайра кызматка келгени ЖКда принцип жок экенин көрсөттү. Өкмөттүн жаңы курамы менин купулума толгон жок.

Кубатбек:

— Өкмөт башчы жакшы жерлерде иштеп келди. Таласта күйүүчү майдын баасы 40 сомдон ашты. Муну кантип түшүнсөк болот? Айыл чарба министрлигин эмнеге кабыл алып отурдук.

Замир:

— Сапар Исаков жакшы иштеп жаткан. Өкмөт башчыларды алмаштыруу адатка айланды.

Таалай:

— Өкмөттүн алмашканына каршымын. Исаков бир топ депутаттын мыйзамсыз иштерин сыртка чыгарганы үчүн жыйынга 110 депутат келип, сүйлөшүп алгандай кызматтан алып коюшту. Өкмөттүн азыркы курамына каршымын. Илимдүү жаш кадрлар чет өлкөгө кетүүдө, жалаң ичип-жегендер бийликте отурат.

Жылдызбек:

— Сапар Исаковго мүмкүнчүлук берилди, техникалык Өкмөт түзүлдү. Ишин жакшы баштады. Бирок Исаков мурда аким же башка кызматта иштеген эмес экен. Чет өлкөлүк компаниялар менен келишимдер токтотулду. Айтор Сапардын дооруна кыйынчылыктын баары туш келди. Президент менен өкмөт башча бир колдой иштеш керек эле. Исаковдун идеясын колдойм, бирок кеткени туура болду. Абылгазиев көп тармакта иштеген, бирок кайра эле мурда иштегендерди кызматка алууда. Элдин үнүн эч ким укпайт. Карыз алышат, аны эл төлөйт.  Кайсыл министр болсо да реформа жасаса. Вице-премьер-министрлердин санын кыскартуу зарыл. Оптимизацияга барбайлыбы?

Бүбүсара:

— Премьер-министрлер козу карындай болуп алмашууда. Исаков жакшы иштей албай, программасы ишке ашпай калды. «Сен таза бол. анан мен тазаланам» деген туура эмес.

Бакыт:

— Министлер кабинетине ичибиз чыкпайт. Кызматка дайындоодо депутаттардын ичин эле эмес, сыртты да карайлы. Эмне үчүн акчасы жокторду карашпайт? Эл Өкмөттүн курамына нааразы. Элдин мүдөөсүн аткарып жүргөн депутаттар бар, ошолорду карашсын. Башкалар да иштеп көрсүн. Эми экономика министри Олег Панкратов кыргызча сайрасын.

Угарман:

— 25 жылдан бери бирөө кызмактка келсе, экинчиси кетет. Завод ачып, жумуш орундарын камсыз кылып, элдин келечегин ойлоо жок. Шайлоо менен убарабыз. Чоңдор өздөрүн ойлобосо, балдарын, неберелерин ойлошсун.

— Конституция иштейби, деги? Качан ирээттүү болобуз? Кыргыз эли кыйналып жатканда дагы кимдерге туш болдук? Сапар Исаков башка жагынан кереги тиер. Мыйзамдардын иштебей жатканына капамын.  Президент өзү чарбачыл экенин көрүп, угуп жатабыз. 25-30 жылдан бери кызмат талашкандарды угуп тажадык. Калыстыктын чеги болоор. Кыргыздын чыгаан уулдарын каматып коюшту.

— Сапар Исаков жакшы иштеп жаткан, ага дагы убакыт берүү зарыл эле. Премьер-министрди өз алдынча иштейт деп коюп, ага мүмкунчүлүк беришкен жок. Жаман иштердин баарын Сапарга түртө салышты. Башка кадрларды да алмаштыруу зарыл эле. Депутаттардын санын кыскартып, региондордон шайлаш керек. Премьер-министрлерди 5 жылдык мөөнөт менен дайындайлы.

Венера:

— Өкмөткө канааттанбайм. Себеби алар мурда жеп-ичкен адамдар, ал элге да белгилүү. Депутаттардын баарын жок кылуу зарыл. Жаңы келгендер да бир эки айда кетип калышат.

Мыктыбек:

— Абылгазиев жакшы иштеген, жоопкерчиликтүү адам болсо керек. Өкмөт башчыны 5 жылдай алмаштырбай иштетүү зарыл. Болбосо өзгөрүү болбой, улам алмашып жатат. Исаков өз алдынча иш алып бара албай калды. Азыркы Өкмөттүн курамын тазалоо зарыл. Экономииканы башкаруу кыргыздарга буюрбады, бул кызматка кргыз тилин билген бирөө келсин.

Айбек:

— Сапар акылдуу. Бирок бирөөнүн тили менен иштеп, программасын ишке ашыра албай калды. Мурашев, Жунушалиевдердин мурда да иштегенин көргөнбүз. Жаш болобу, кары болобу кесипкөйлөр кызматка келсин. Абылгазиев жакшы, бирок Өкмөттүн курамы купулума толгон жок.

Максатбек:

— Абылгазиев жакшы, бирок командасы эски. Өкмөттүн курамына канааттанган жокмун.

Гулнара:

— Сапар Исаков жакшы иштеп жаткан. Депутаттар биригип, кызматтан алып салышты. Азыркы Өкмөткө ишенбейбиз.

Эркинбек:

— Өкмөттүн курамына ичим чыккан жок.

Нурсултан:

— Депутаттар Исаковго мүмкүнчүлук берсе болсок. Жаңы өкмөттүн курамы жакшы эле. Эми иштешсе баа беребиз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache