Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жоолугун чечпеген жети кыз мектептен чыкты

Дүйнө | 10 Сен 2018 | 817 | 0

Түркстан облусунун Фердауси айлында жети окуучунун ата-энеси балдарынын документтерин алып кетти, алар жоолук салынган үчүн мектепке киргизилген эмес.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, дагы 10 кыз жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Төрт окуучунун ата-энесине билим берүү департаменти айып пул салган. Калган үч окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

2016-жылы өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер «жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат» деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM