Шашылыш кабар:

Босого: Сабатсыз калкты башкаруу оңой

Апрель 22nd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Босого: Сабатсыз калкты башкаруу оңой
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку коноктору аялдардын «Мутакалим» прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Жамал Фронтбек кызы жана эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти, юридика илимдеринин кандидаты  Жылдыз Тегизбекова менен дин жана демократиянын шартында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгү аялдардын ролу тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Фронтбек кызы:

Орто Азия мамлекеттеринин ичинен кыргызстандык аялдар лидер болушкан…

СССР тарай электе калк жумуш менен камсыз болуп, туруктуу айлык акы алып турчу. СССР тараган соң аялдар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, үй-бүлөнсүн багууга аргасыз болду өңдөнөт. Жерлер, малдар элге бөлүнүп бериле баштаганда айрымдар аны кандай колдонгонду да өздөштүрө албай кыйналды. Ачкачылык башталды. 1993-94-жылдардагы маалыматтарга таянсак, өз жанын кыйган эркектердин саны кескин өскөн. Эркектер арак ичип баштаганы эч кимге жашыруун эмес. Мындай кырдаалда үй-бүлөсүн сактап калуу максатында аялдар жоопкерчиликти өз колуна алды окшойт. Ички жана сырткы миграция күч алды. Аялдар пирожки жасап, көчөлөрдө сата башташты, кыскасы коркунучтуу учурлар өткөн. Аялдар биринчи кезекте балдарынын апасы экенин эске алып ишке киришти. Натыйжада бизнестен олжолуу болгондор да болуп, каражатты үнөмдүү пайдаланууну үйрөнүштү. Аялдар эмгекчил болуп, билим берүү, айыл чарба жана башка тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Өзгөчө Орто Азия мамлекеттеринин ичинен кыргызстандык аялдар лидер болушкан. Роза Отунбаеванын президенттик кызматка келгени буга далил болуп бере алат. Бул аялдар эркектер сыяктуу каалаган максатына жетүүдө тартынбай эмгектенип жатканына мисал. Үй-бүлөлүк да, юридикалык укуктарын да коргоп жатышат.

Мыйзамдар Бишкек үчүн гана жазылып жаткандай сезилет…

Мыйзамда аялдар дискриминацияга учурабайт, башкача айтканда эркектер менен тең укуктуу. Мыйзам эл аралык деңгээлдеги талаптарга жооп берет. Бирок бизде кабыл алынган мыйзамдардын баары толук иштебейт же айымдар мыйзам тууралу көп маалыматка ээ эмес. Алыскы аймактарга барсаң, мыйзамдар Бишкек үчүн гана жазылып жаткандай сезилет. Алсак, айыл жергесинде эрте турмушка чыккандар бар. Өзгөчө жабык коомдордо мыйзамдар иштебейт. Көпчүлүк айымдар Конституцияга караганда жеке жактырдын пикирин угуп, көз каранды болушат. Мындан улам билим алуу, жумушка орношуу саяктуу мүмкүнчүлүктөрү азайып калат. Биз жаш кезде кеңешти аталар берчү. Ал эми учурда небере чоң энесин башкарып, кандай жашоону үйрөткөн жагдайлар кездешет. Ошондуктан жарандарга мамлекетин мыйзамдарын сыйлоого үйрөтүү зарыл. Мыйзамдардан кабары жоктор гана айымдардын орду чектелүү экенин айтып, сынга алышат. Болбосо эркек да, аял да социалдык чечимдерди кабыл алууда, шайлоого катышууда жана башка жерлерде бирдей укукка ээ. Мындан сырткары, тарыхка кайрылчу болсок, айымдардан биринчи Ислам динин кабыл алган Хадича (р.а) Пайгамбарыбызга (сав) жардамчы болгон. Ал бардык байлыгын диндин өнүгүүсүнө сарптаган. Ислам динине инвестиция кылган биринчи айым катары Хадича (р.а) айта алабыз.

Өз убагында күрөшпөсөк, экинчи Афганистанга айлануу коркунучу бар…

Мамлекет динден бөлүнгөнү менен мамлекет динди унутуп койгону — чоң кемчилик. Ооба, дин башкарууга аралашпайт, бирок кандайдыр бир деңгээлде багыт бере алмак. Бул жагдайлар эске алынбагандыктан аялдар дискриминацияга кабылгандай. Кыздардын 11-класска чейин билим алуусун талап кылалы. Анткени окууну таштап турмушка чаккандар болуп жатат. Аны көзөмөлдөгөн мыйзам болгону менен ал бардык жерде иштей бербейт экен. Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жашы жете элек турмушка чыгуу фактыларын жашырып койгону менен жаш кыздар окуянын курмандыгы бойдон калууда. Ар бир айымдын бактылуу жашоосу үчүн күрөшүшүбүз керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Өз убагында күрөшпөсөк, экинчи Афганистанга айлануу коркунучу бар. Кыздар орто билимге толук ээ боло албай жатканда кайдагы жогорку билим, экономикалык көз карандысыздык, укуктардын корголушу тууралуу кеп козгойбуз. СССРдин ыкмалары жетишсиз болуп, деградацияга бара жатабыз. Коомчулукта мыйзамдардын иштешин көзөмөлгө алуу зарыл. Мыйзам тууралуу айтсаң уккусу, ага баш ийгиси келбейт. Соттор да алардын туугандары эмес. Албетте, бул багытта кыздар жабыр тартат. Айрымдар, «аялдарга укуктун кереги эмне, үйдө отурушсун» дешет. Системалуу билим жок. Сабатсыз калкты башкаруу оңой. Бул абдан кооптуу, анткени алар сынап, ой жүгүртө албайт. Алардын терс нерселерди жасабоосуна кепилдик кайда?

Радикакалдык, экстремисттик уюмдарда айымдардын саны өсүүдө…

Кыргызстанда СССР тараган соң дин мамлекеттен бөлүнүп, өз алдынча өнүккөн. Радикалдык ой жүгүртүү ар бир адамда бар. Ал саясаттын, экономиканын, социалдык өнүгүүдөгү радикал болушу мүмкүн. Изилдөөлөргө ылайык, 2009-жылга чейин радикакалдык, экстремисттик уюмдарда айымдардын саны болгону 1 пайызды түзгөн. Ал эми 2010-жылы бул көрсөткүч 20 эсеге өсүп, 23.4 %га жеткен. Мунун негизги себеби интернет өнүгүп, глобалдашуу процессинин жүрүшү. Демократиялуу өлкө болгондуктан турдүү идеология кире баштады. Экинчи чоң көйгөй – билим. Биз глобалдашууну кабыл алууга даяр эмес элек. Түрдүү багытта каржылык колдоолор болду. Бул убакта  да көпчүлүк учурда аялдар жабыр тартты. Бүткүл дүйнө аялдарга радикализмге баруу абдан ыңгайлуу экенин түшүндү. Анткени айымдар белгилүү нерселереге берилүү менен мамиле кылат. Анын үстүнө Кыргызстанда жумушсуздук күч алган. Ички жана сырткы миграция бар. Биз жаш муунду жоготуп жаткандайбыз. Совет доорунда биздин ураан, максат билим алуу эле. Татыктуу жашоону кааласак билим алуу зарыл экенин мектепте да, үйдө да көп айтышчу. Бирок акыркы 20 жылдар тескери иделогия калыптанып калды. Аялдардын билим алууга кызыктар болбой жатканы – трагедия. Учурда көпчүлүк жаштар окуп, билим алууну каалашпайт. Кыздар, “ийгиликтүү балага турмушка чыксам, жолдошум мени бакса, мага окуунун кереги эмне” дешет. Андыктан билим өзгөчө аял заты үчүн маанилүү экенин түшүндүрүүдө мамлекет да иштеши зарыл.

Мечиттерде айымдар үчүн атайын бөлмө ажыратылып, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек…

Бизде имим болгон 2834 мечит бар.  Тилекке каршы ал жерге айымдар бара албайт. Мечиттерде аялдар билим алчу өзүнчө бөлмөлөр жок. Система болбой, ар ким каалаган сабагын үйрөткөн. Экстремисттик уюмдар бул жагдайдан пайдаланышкан. Интернет имамдары чыгып, айымдар арасында эксттремисттик уюмдардын таасири өсө баштаган. Сирияга кеткен аялдардын катталбаганы – биздин ийгилик. Ошентсе да экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү зарыл. Мечиттердин имамдарын “Ыйман” фонду көп жылдан бери окутуп жатат, бул боюнча мамлекеттик концепция бар. Мечиттерде айымдар үчүн атайын бөлмө болуп, диний билимин жогорулатса болмок. Кимдер сабак өтүп жатканын айыл өкмөтү, тийиштүү органдар көзөмөлдөп, жумуш биргеликте бүтмөк. Мунун менен жумуш орундары да пайда болмок. Аялдар менен системалуу түрдө иш алып барбасак, биздин ордубузга башкалар жасайт. Орто Азия мамлекеттеринин жүздөн ашуун айымы Ирактын түрмөсүндө. Абакта канча бала бар экени тууралуу так маалымат жок. Эгер түрмөдөгүлөр Кыргызстанга келсе эмне кылабыз? Бизде кайтып келгендерди реабилитациялоо боюнча программа жок. Өлкөдө эркстремизм жана терроризм боюнча 191 жаран түрмөдө болсо, алардын он экиси аялдар. Демек, аялдар да бар, алар менен да иштешүү зарыл. Көзгө илбей калтырып коюу чоң көйгөй. Ирактагы балдар 6 жашка чыкканда согушка даярдашат экен. Эгер мындай иштер менен эки, үч жыл алектенген бала өлкөгө кайтып келсе, ал жаш бала катары эсептелбейт. Алар менен комплекстүү иш алып баруу зарыл. Болбосо алар келсе, бир армияга айланып кетиши мүмкүн. Сириядагы аялдар, балдар келсе аларды кабыл алууга даяр болушубуз керек. Бул жаатта мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан системалуу программа керек. Ал дароо кабыл алынышы шарт, анкени алар кайтып келгенде калыбына келтирүү үчүн реабилитациялык борборлор болушу шарт. Аларды кабыл алууга да адистерди даярдоо кажет. Менимче, азыр андай адистер жок.

Тегизбекова:

Тарыхта да аялдар саясий, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошкон…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен май айынын үчүнчү жекшембисин энелер күнү катары майрамдайбыз. Мындай майрамдын пайда болгону жакшы көрүнүш. Тарыхта кыргыз аялдарынын ролу улуу болгон. Байыркы кылымдардан бери Умай энени ыйык тутуп келгенибиз бекеринен эмес.  Алсак, Алай ханышасы Курманжан датка, Каныкей, Сайкал сыяктуу айымдар коомдогу саясий, социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошкон. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматты жетектеген айымдар көп. Министр, вице-министр, депутат жана башка кызматтарда иштеген айымдар бар. Аялдар коомчулукта, саясатта позитиздүү роль ойношот. Эгер эркектер 5-10 жылга стратегиялык пландарды кабыл алса, айымдар глобалдык жана күнүмдүк суроолор менен дагы алектенет. Аялдар менен эркектердин ортосунда укук, жумуш орундарын бөлүштүрүүдө аймактын тарыхына, менталитетине көңүл буруу зарыл. Европа өлкөлөрү бизге салыштырмалуу айырмаланып турат. СССР убагында социалдык коргоо жогорку болуп, СССР аларга көп нерсе берген. Өлкөнүн эмгек келишими АКШ жана Европа мамлекеттерине караганда аялдардын укуктарын жакшы коргоп берген. Кош бойлуу аялдарга кам көрүп, балдарды тарбиялоо боюнча билим берилген. Өкмөттү башкаргандардын 30 пайызын айымдар түзгөн. Бул маселе биздин парламентте да каралган. Айым депутаттын мандатын айымдар гана ала алганы да жакшы нерсе. Айылдардын укугун коргоо боюнча Кыргызстандын мыйзамдары Япония мыйзамдарынан алдыда турат. Бул жаатта бир катар улуттук уюмдарга мүчө болуп, мыйзамдары кабыл алганбыз. Активдүү болгонубуз менен айылдык жана шаардык айымдардын ортосунда айырмачылыктар бар.

Айымдарга мектеп, университеттен бекер билим алууга шарт түзүү зарыл…

Бизде мыйзам, каада-салт, диний жөрөлгөлөр  өз алдынча иштейт. Мыйзамдын башкы милдеттеринин бири —  коомдогу мамилени жөнгө салууда адамдарга жардам берүү. Ал эми бизде мыйзам өзүнчө кабыл алынат. Кыз ала качуу бир учурда салтка айланып кеткен. Аны үрп-адат караты кабыл алганыбыз менен мыйзамда ала качууга тыюу салынып, кылмыш катары эсептелинет. Демек карама-каршылыктар бар. Ислам дининде да айрым түшүнүктөр туура эмес кабыл алынып, тааныштырылып калган. Балдардын билим алуусуна маани берип, аларга эмне, кантип үйрөтүлүп жатканын көзөмөлгө алуу кажет. Бул — чоң көйгөй. Биз экстремизмди сырттан күткөнүбүз менен өлкөдө да мыйдай ойго жакын болгон муун жетилип келүүдө. Алсак, бир жогоруку билимдүү айым оронуп, жолдошу менен ажырашып, дааватчыга турмушка чыгат. Ал эркек туугандары менен сүйлөшүп, мамиле курууну жана жумушта иштегенди токтотот. Бул аял: «Нан, азык табуу үчүн көп ибадат, дуа кылуу зарыл», —  деп ойлойт. Кыргызстандын өзүндө эле ушул сыяктуу эркектер жана балдар да бар. Бул улуттук коопсуздук үчүн чоң көйгөй. Жарандардын мындай көз карашы экстремизиге жакын экенин атып түшүндүрүү оор. Мындай адамдар менен психологдор иштешиш керек. Айымдарга мектептен, университеттерден бекер билим алууга шарт түзүп берүү зарыл. Диндин түрлөрү, адам укуктарынын системасы тууралуу билим берүү кажет.

Айылдагы көйгөйлөр көп учурда эркектердин көз карашы менен чечилүүдө…

Комплекстүү көгөйлөрдү чечүүдө укуктарыбызды билип, мыйзамдарга сый көрсөтүшүбүз керек. Эгер убагында алдын албасак, аялдар жолдошу тарабынан ур токмокко алынууну кадимки көрүнүш катары кабыл ала башташат. Көйгөйлөрдү жоюуда укук коргоо органдары да иштеши зарыл. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары аял болсо, көп нерселерди жеринен аткара алат. Учурда айыл өкмөттөрүнүн көпчүлүгүндө эркектер иштешет. Айылдагы көйгөйлөр эркектердин көз карашы менен чечилип жатат. Дааватчыларды да көзөмөлгө алуу зарыл. Ишеним ар бир адамдын ичинде болушу шарт. Аялдардын жашын суроо этикага туура келбеген сыяктуу, бирөөнүн мусулман экенин суроо да туура эмес. Мындан сырткары аялдардын кылмыштуулугу көбөйүүдө. Бул тармакта да иштерди алып баруу зарыл.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache