Биз менен байланышыңыз

Мамлекет «Коопсуз шаар» долбооруна тыйын коротпойт

Кыска кабар | 22 Авг 2018 | 1175 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы аукциондун баштапкы баасы 2,2 миллиард сом суммасында аныкталды. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрага орун басары Кубаныч Шантемиров  аталган долбоордун бет ачарында билдирди.

Бир ай мурда 30 компания аукционго катышуу каалоосун билдирген. Жеңүүчү онлайн режимде ушул жылдын 23-августунда аныкталат.

Тендердин шарттары боюнча “Коопсуз шаар” долбоорун орнотуу, колдоо жана функционалдаштыруу боюнча чыгымдарды тендердин жеңүүчүсү көтөрөт. Мамлекет долбоордун ишке ашуусуна бир дагы сом коротпойт.

Сынакка жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM