Биз менен байланышыңыз

Боронов: Көчмөндөр оюндарына келген туристтерге куда тоскондой мамиле кылышыбыз керек

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 1216 | 0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына карата Балыкчы-Корумду жолунун 70 чакырымдан ашык бөлүгү бүткөрүлүп, конокторду тосуп алууга ылайыкташтырылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оюндун ачылыш аземин өткөрүү үчүн курулуштар башталган. Ат майдандагы кемчиликтер жөнгө салынып, унаа тыгынын болтурбоо үчүн жолдор кеңейтилген.

«Тамчы аэропортунан баштап ат майданга чейинки жолдор оңдолот. Аба майдандын абалы дагы жакшыртылды. Тыгындарды жоюу үчүн айланма жол курулууда», — дейт Боронов.

Маалыматка ылайык, оюндарга келгендер Кырчынга Семенов капчыгайы аркылуу кирип, Григорьевка капчыгайы аркылуу чыгышат. Коопсуздук маселелерине байланыштуу айрым чектөөлөр кириши мүмкүн.

Коопсуздукту камсыз кылууда орус, англис тилин жана Кыргызстандын тарыхын билген кызматкерлер иштешет.

«Келген конокторго чек арадан баштап жакшы мамиле кылуу талабы коюулду. Туристтерге куда тоскондой мамиле кылышыбыз керек. Жогорку деңгээлдеги коноктордун коопсуздугу дагы биздин мойнубузда. Конокторго дагы, жарандарга дагы бирдей мамиле болот», — дейт Боронов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM