Шашылыш кабар:

Жаңы-Тилек айылында калктын 80% кооптуу аймакта жашайт

Апрель 18th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Жаңы-Тилек айылында калктын 80% кооптуу аймакта жашайт
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Чий айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Тилек айылынын маселеси талкууланды.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта сел көп жүргөндүктөн айылдын кайсы бир бөлүгү кооптуу аймак деп аныкталган. Бизге келген билдирүүдө бул аймакта жашаган тургундарды башка жакка көчүрүү, жер маселеси актуалдуу көйгөй экени айтылган. Айылдын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмек Айыпов:

— Сел каптоо жана саздын көтөрүлүшү чоң көйгөй жаратып келет. 2010-жылдын 17-июнунда ӨКМ тарабынан Жаңы-Тилек айылы кооптуу деп табылган. Элге жер берип, көчүрүү маселеси каралган. Быйыл 8 жылдын жүзү болсо да бул маселе чечилбей келет. Бир жылда тийиштүү документтерди топтоп, азыр даярдадым. Жер кыртышы чопо болгондугуна байланыштуу жааган жаан жерге сиңбей, коктуну көздөй барып, элди каптайт. Убагында оңдоп-түзөө иштерине 50 миң сомдон колдоо көрсөтүлгөн. Кийинчерээк катуу жабыркаган үйлөргө  200 миң сомдон берилген. Айтылган маалыматтарга караганда, мындай жардамдар 2015-жылдан бери берилбей калган. Калктын саны жыл сайын өсүп да жатат. Айылда курулуш иштерине да тыюу салган. Үй-бүлө кургандар Жаңы-Тилекке там сала албай, борборду көздөй кетип жатышат. Аталган айылдын калкынын 80% кооптуу аймакта жашашат. 78 түтүн, тагыраак айтканды 639 киши кооптуу жерде турат. Өткөн жылы сел келгенде ӨКМдин кызматкерлери келип көрүп кетишти. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. 147 га жер эки айылдын ортосунда турат. Ошол жерге көчүрөлү деп документтерди даярдап жатабыз. Ата-балаларыбыз мурда эле Ак-Тилек деп атын койгон экен.

Аймакта орточо эсеп менен жылына 3 жолу ири сел жүрөт. Майда селдер жаан жааган сайын келет, көнүмүш адатка айланып бара жатат. Анткени суунун нугундабыз. Үйлөрдү камсыздандырсак, өкмөттөн жардам алмакпыз. Эгер жер трансформацияга кирип калса, башкы планга ылайык, медпункт, 2 мектеп, 4 бала бакча курулмак. Азыркы аймакты сел каптап турса, жаңы объекти куруунун кереги жок. Элди көчүрүүгө каралган жаңы жер тилкесинде сел коркунучу жок. Жааган жаан жерге синип кетет. Айылды өнүктүрүү окуучусуна шарт түзүү менен башталса жакшы. Жайыт кодекси чыккан соң жайыттар катуу бааланып калды. Бул туура болду, болбосо менчикке берилип кеткен болчу. Жерди тургундардын өмүрүнөн жогору коюп жатышканы тынчсыздандырат. Бул жер пайдаланууга берилсе да жайыт жетиштүү болот, эч кандай коркунуч туулбайт. Жайыт жердерди трансформацияга киргизүү оор экен. Документтерди мамкаттоо кызматына берем. Эл жаңы жерге көчүүнү колдойт. Жер берилсе эле там салууга даяр турган жарандар бар. Нарында жер кеңири, эл аз. Ошондуктан облуска жараша жерлерди өз-өзүнчө баалашса.

Айылдык кеңештин депутаты Анара Жанаева:

— Тургундар Ак-Тилек деген жаңы конушка көчүрүлүш керек. Жаңы жерди эртерээк бөлүштүрүп беришсе экен. Азыр турак жайларды кармыздандырганга да болбойт. Жаңы объектилерди куралы десек ага да уруксат жок. Айылда атайын курулган медициналык борбор жок. Бир мекеменин 2 бөлмөсүн медпункт катары пайдаланып келебиз. Сел үйлөрдү каптап, полдорду чиритип, тамдар кулап жатат. Чоң жарака кеткен үйлөр бар.

Жаңы-Тилек айылынын тургуну Нияз Калпаев:

— Жаан жааган сайын сел жүрөт. Жаштар там сала албай жатышат. Элди көчүрүүгө каралган жер убагында бөлүнбөй жаткандыктан жаштар башка жакка көчүп кетүүдө. Райондун борборунан тарта айылга чейинки  жолдун абалы начар, суу чыгып, сазга айланууда. Айыл эли мал багып, жер айдап жан багат. Күйүүчү май, техника, үрөн тартыш. Жалгыз комбайн иштейт. Жаңы конушка көчүп калсак жакшы болмок. Өкмөттөн үмүт чоң.

ӨКМдин Ак-Талаа райондук бөлүм башчысы Улан Кулназаров:

— Ак-Тилек айылында 107 түтүн жашайт. Аларга мамлекет тарабынан ссудалар берилген. Атайын комиссия 2011-жылы бул айылда табигий кырсык болуп кетүү коркунучу бар деп тапкан. Жер тилкеси трансформация болбой, көйгөйлөр ошого барып такалууда. Жаңы курулуш имараттарын салууга болбойт. Жер тар болгондуктан эл да батпайт.

Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров:

— Бул аймакта коркунуч абдан чоң. 2015-жылы сел жүрүп, үйлөрдү каптап кеткен. Айылдуу коопсуз жерге көчүрүү боюнча ӨКМдин буйругу бар. Көйгөйлөр жерди трансформациялоого келип такалат. Райондук деңгээлде документтер такталып, даярдалып бүттү. Бул маселе ЖКда да талкууланат. Өкмөт көңүл буруп, тез арада чечип берет деген ойдобуз. Бул жылы трансформация маселесин чечип алсак, 2019-жылдын жарымы менен жаңы жерге үй салып баштоо зарыл. Жергиликтүү депутаттар менен таза суу, электр энергия жана жол маселесин талкуулдык. Таза суу боюнча долбоорго кирдик, алдыда жаңы айылдагы суу маселесин чечели деп турабыз. Жайыт маселеси боюнча көйгөй жок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache