Шашылыш кабар:

Балдарды бала бакчага киргизүүгө караганда мамлекеттик кызматка келүү оңой (Элдик пикир)

Апрель 18th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Балдарды бала бакчага киргизүүгө караганда мамлекеттик кызматка келүү оңой (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бала бакчага кирүү үчүн 6 миңден ашууна бала элеткрондук кезекте турат. Электрондук кезек «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын негизинде ишке ашырылган.

Мектеп жайгашкан аймактагы балдарды 1-класска кабыл алуу 1-июндан тарта 15-августка чейин уланат. Баланы мектепке киргизүү үчүн ата-эненин арызы, паспортунун көчүрмөсү, окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүмедициналык маалым каттар (Ф-26, Ф-63), жери тууралуу жана баланын мектепке алынып жаткан учурдагы ден соолугунун абалы тууралуу маалым кат керектелет.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Баланы 1-класска жана бала бакчага киргизүү татаалбы жа жеңилби?” деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Рита Мукалаева алып барды.

Байланышкан угармандардын дээрлик баары балдарды 1-класска жана бала бакчага киргизүү татаал экенин белгилешет. Алардын айрымдары элекрондук кезек пайда алып келбей жатканын айтып, нааразы. Кээ бир ата-энелер коррупциянын алдын алуу үчүн балдарды мектеп  же бала бакчага киргизүүдө бирдиктүү тариф бергилөөнү туура көрүшөт.

Whatsapp:

— Ак-Ордо жаңы конушунда баларды мектепке киргизүү абдан оор. Башка мектептен которулган окуучуну жаңы мектепке киргизүүгө 5 миң сом талап кылышкан. 1 жана 3 жаштагы балдарымды бала бакчага киргизейин десем, орун жок экенин айтышты. Ар бир балага 10 миң сомдон берсем орун табылаарын кабарлашты.

— Бала бакчаларда коррупция өнүккөн. Мекеме жетекчиси бир орун үчүн 10 миң сом талап кылат. Коррупция менен курөшүүдө биринчи кезекте дал ушул мекемелер каралышы керек.

— Тааныш болбосо балдарды бала бакчага киргизүү мүмкүн эмес. Демек талаптар оор.

— Балдарды бала бакчага киргизүүгө караганда мамлекеттик кызматка келүү оңой. Азыр бала бакчага кабыл алууда баалар өсүп жатат. Кеминде 10 миң сом сурашат.

— Баланы 1-класска жана бала бакчага киргизүү татаал. Баламды мамлекеттик бакчага киргизүү үчүн 3 жылдай күттүм. Жыйынтык болгон жок. Азыр менчик бакчага барат. Ай сайын 6 миң сомдон төлөйм.

Гүлбарчын:

— Уулум эки жашка толо элек, бала бакчага киргизүү үчүн кезекке туруш керек экен. Мен да алдын ала кезекке туруп койгом. Былтыр күзүндө “өзүбүз чалып кабар беребиз” дешкен, бирок эч ким байланышкан жок. Жообун кызыгып сураганымда алар бир тайпага жетимиштей бала алганын, орун жоктугун айтышты. Учурда балдарым менчик бала бакчага барышат. Ар бирине ай сайын 3 миң сомдон төлөйм. Менимче, кичинекейлерди бала бакчага киргизүү жогорку окуу жайга тапшырууга караганда алда канча татаал.

Мурат:

— Бала бакчалардын жетекчилери мекемеде коррупция жок экенин айтып, ата-энелерден кайрымдуулук кылып, демөөрчү катары 10 миң сом берүүсүн талап кылышат. Мисалы, №57 мектептин жектекчилиги терезелерди алмаштыруу үчүн башталгыч класстын окуучуларынан 1000 сомдон чогултуп жатат. Мекеме жетекчилиги бул иштер ата-энелер комитетинин чечими экенин айтат. Бала бакчадан “силердин балдарыңардын оюнчук жана башка нерселери үчүн” дешсе, ар бир ата-эне уулу же кызы үчүн акча берет да. Андыктан бала бакча , мектепке балдарды киргизүү оңой эмес.

Максат:

— Мен ата-энелер комитети кабыл алган чечимдерге каршы эмесмин. Алар да окуучулардын ден соолугун ойлошот. Эгер мекеме жылуулатылбаса, окуучулар кыш мезгилинде үшүп калат. Мамлекет окуу жайларга жетиштүү каражат бөлбөй жатса, ата-энелер айласыздан чогултат да. Ата-энелер колдон келишинче билим берүү мекемелеринин тетиктерин жаңылоого жардам бериши зарыл. Албетте, бул жерде ата-энелердин социалдык абалын дагы эске алуу кажет. Мектеп, бала бакчаларга кабыл алууда адам факторун азайтып, элетрондук кезек иштөөсү кажет. Аны тийиштүү укук коргоо органдары, Билим берүү министрлиги көзөмөлгө алат. Баланы 1-класска жана бала бакчага киргизүү татаал. Мунун үчтүнөн иштеш керек.

Улан:

— Мектептердин ата-энелерден жардам талап кылганы туура эмес. Баламды 1-класска киргизүү үчүн 6 миң сом төлөдүк. Ушундай эле сумма бала бакчагы кирүүдө да суралат. Бала бакчага кирүү үчүн кезек күтүү реалдуу эмес. Демөөрчүлүк жардам деп акча чогултуу коррупциянын башка түрүндөй эле.

Угарман:

— Электрондук кезек Өкмөттүн отчёту үчүн гана керек. Биз да көп жыл күттүк. Акча бала бакча жайгашкан аймакка жараша суралат. Шаардан четте болсо, 3 миң сом дегендей. Ал эми мектепке киргизүүдө демөөрчүлүк жардам көрсөтпөсөң бала окууга алынбай да калат. Качан гана акча төлөсөң сенин уулуң эң акылдуу болуп, кааган партасына отурат. Эгер ушундай темп менен кетсе, алдыда ата-энелер 100 доллардан чогултуп мектеп да куруп калышабы? Ошондуктан мектепке кабыл алууда жаралып жаткан көйгөйлөрдү жоюш керек. Көп балалуу үй-бүлөөлөр бардык балдарын мекчик мектептерге окута албайт. Жеке окуу жайларга көп каражат кеткени менен мамлекеттик мекемелерде да ай сайын акча чогултулуп, билинбегени менен көп сумма чогулат.

— Неберелерим электрондук кезекке катталып, бала бакчага кире албаптыр. Бул жөн гана эл көрсүн үчүн окшойт. Бала бакчалар мурдагыдай эле акча сурайт. Калп эле электрондук кезек түзбөй, бакчаларга туруктуу бааны белгилеп коюшсун. Акча кайда сарпталаарын да түшүндүрүшсүн.

Талант:

— Борбордогу №28 бала бакчага барсам 10 миң сурашты. Уулумду №102 балдар бакчасына жайгаштырдым. Ал жерде да ушундай эле көрүнүш. Акча берсең орун табылат, болбосо жок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache