Шашылыш кабар:

Эксперт: Исаков кадрдык системанын курмандыгы болууда

Апрель 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Эксперт: Исаков кадрдык системанын курмандыгы болууда
Күн чекит
0

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагалыгына дайындалды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Болот Сүйүмбаевди берген арызынын негизинде УКМКнын төрага орун басарлыгынан бошоткон эле. Эми анын кайра кызматка дайындалышы коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууга алынууда. Ушул теманын айланасында саясат талдоочу Сейтек КачкынбайКүн чекит” программасына маек курду.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматтан алынган УКМКнын төрага орун басары Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башына келди. Сиз муну кандай бааладыңыз?

Сейтек Качкынбай: Бул жагдайды системалык кризис деп атаса болот. Биринчиден, бизге окшогон кедей коомдордо, кимде-ким президент болуп бийликке жайгашып, алды-артын бекемдеп алгандан кийин кызматтан кетсе деле анын инерциясы бир топко барып токтойт. Азыркы кырдаал экс-президенттин таасири менен кош бийликтүүлүккө окшоп жатат окшойт.

Экинчиден, системалык кризис болуп жактаны ачыктан-ачык көрүнүш. Парламенттик башкаруу орун алган өлкөдө премьер-министр болуп лигитимдүү, шайлоолорду жеңип келген партиянын лидери парламент аркылуу дайындалат. Ошого жараша ар бир министрлик, агенттиктердин жетекчилигине депутаттардын ичинен, элдин добушун алып келген мандаты бар кишилер дайындалышы керек. Бирок тилекке каршы, мунун баары конституцияда жазылбагандыктан бул көпчүлүк учурда президенттердин пайдасына чечилип жатат.

Тагыраак айтканда, президент өзүнө ыңгайлуу болгон адамды дайындап келет. Биздин азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков лигитимдүү, саясий лидер эмес. Ал мурдагы президенттин дайындап койгон кишиси. Ошондуктан ага сигнал берилип, “менин адамымды бул кызматка дайында”..деп айтылды окшойт.

Марал: Премьер-министрдин бул кадамын саясий жактан алып караганда алсыз кадам болуп калды деп коомчулук да кызуу талкуулап жатат. Исаков ката кетирип алдыбы?

Сейтек Качкынбай: Чынын айтсам, 3 күн мурун эле премьер-министр Сапар Исаков канчалык катачылык кетирсе да аны өз мойнуна алып, аракет кылып жатат, эгер мындан дагы начар өкмөт башчы болуп калса кандай болмок деп ага ишеним көрсөтүп жаттым эле. Бирок анын бүгүнкү кадамы мени чындыгында таң калтырды. Жакында эле президент ишеним көрсөтпөй иштен алган кадрды кайра андан дагы жогорку кызматка дайындаганы бир топ эле сокку болду. Бирок менин оюмда, премьер-министр бул системанын курмандыгы болуп жатат. Өзүн-өзү курал кылып бербей эле койсо болмок.

Марал: Болот Сүйүмбаев жөнүндө оюңуз кандай? Ал экономикалык кылмыштар менен канчалык күрөшө алат?

Сейтек Качкынбай: Мен ал кишини жакшы тааныбайм, ошондуктан эчтеке айта албайм.

Марал: Маалыматтар боюнча, Болот Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. 1988-жылы «Кыргызфильм» студиясында актер жана каскадер болуп иштеген экен. 2001-2007-жылдары Ички иштер министрлигинде органдарда кызмат аткарган.

Сейтек Качкынбай: Бул эле эмес Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев да журналист, Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон. Бул эмнеден кабар берет? Компетенттүү адамдарды өзүнүн багыты боюнча дайындоо түшүнүгү жоголуп, өзүнө сүймөнчүк, ыңгайлуу болгон кадрлар дайындалып жаткандыгынан кабар берет.

Марал: Мындан ары дагы кандай дайындоолор болушу мүмкүн?

Сейтек Качкынбай: Шахмат оюну болуп жатканын элестетсек, эми гана “пешкалар” жылып ат ордунан козголду. Алдыда дагы чоң кадамдар жасалат. Баары бир бийлик деген күчтүү болот. Азыр бийликтеги басымдуу күчтүн баары президент тарапка ооп жатат. Ошондуктан премьер-министрдин дайындоолору анча мааниге ээ эмес болуп калат, ал өзү дагы убактылуу киши. Мен президент тараптан жаңы дайындоолор болот деп күтүп жатам.

Comments are closed.