Шашылыш кабар:

Жөө жүргүнчүнү КамАЗ сүзүп каза болду

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жөө жүргүнчүнү КамАЗ сүзүп каза болду
Кыска кабар
0

Бүгүн, 16-апрель күнү 60 жаштагы Д.А. аттуу КамАЗ айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, жабыркаган адам ошол жерден көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя Ауэзов көчөсүнүн түндүк тарабында саат 18.00 чамасында болгон. Каза тапкан 20-25 жаштардагы азият улутундагы айым жөө өтмөктөн өтүп баратканда кырсыкка учураган. Күбөлөрдүн айтымында, тез жардам келгенче ал дем алып жаткан. Бирок тез жардам кызматы 40 мүнөттөн ашык убакытта келгенче каза тапкан.

Учурда аталган жерде ЖКККББнын инспекторлору тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Comments are closed.