Шашылыш кабар:

Ош базарындагы ишкерлерге өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтөт

Апрель 16th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Ош базарындагы  ишкерлерге өкмөт  ар тараптуу колдоо көрсөтөт
Коом
0

Ош базарындагы өрттөн жабыркаган жүзгө чукул ишкер бүгүн өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Ишкерлер өрт коопсуздук сактабаганы үчүн базар жетекчилигин жоопкерчиликке тартып, чыгымды төлөтүү маселесин коюшту.  

Ош базарында үчүнчү жолу орун алган өрттөн жабыркагандар бул жолу өкмөт үйүнө кирип барышты. Жүздүн тегерегиндеги ишкер негизги төрт маселени коюп, өкмөттөн чечип берүүнү  талап кылышты. Ал базар жетекчилигинин шалаакылык мамилесинен улам,  чыгымдарды төлөп берүүсүнөн тартып, алынган насыялардын мөөнөтүн узартып, базарды калыбына келтирүү талаптарына чейин коюлду.

Биздин эч кандай дообуз жок! Сизден бир гана суранаарыбыз базарды тездетип оңдоп бергиле! Эки айдын ичинде ичине кирип  соода кылып калгандай бололу. Башка  мен сизден эч нерсе сурабайм, берсеңер да албайм!  Мага ата-энем да мамлекет дагы ал жерге 5 сом пул берип киргизген эмес!  Кудайым бизге жардам берсе, биз Аллахтын колундабыз, бүгүн 10 сом, эртең 20 сом, бүрсүгүнү 30 сом табам.

Жабыркагандар  премьер-министрдин кабыл алуусунда болушту. Жолугушууда премьер-министр бир жума ичинде өрттөн зыян тарткан соодагерлердин маселеси чечилерин, Ош базары көчүрүлбөй турганын Сапар Исаков айтты. Базар жетекчилиги соодагерлерге эки жылга чейинки мөөнөттө  жеңилдиктерди берүү каралаарын дагы кошумчалады.

Бүт болгон мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, ишти алдыга жүргүзөм. Анан бул биздин акыркы жолугубууз болбосун, дагы мындан ары жолугуп туралы. Мен эң негизги көйгөйлөрдү уктум, түшүндүм. Эң негизги нерселерди, кайсы нерсеге басым жасаш керек, аны да мен түшүндүм. Эми базар жетекчилиги тараптан жеңилдиктерди берүү каралат. Балким бир же  эки жылга… Биз сиздерге иштебесек кимге иштейбиз, бул биздин милдетибиз!

Бирок чыгымдарды  төлөө маселеси боюнча так маалымат айтылган жок. Күйүп кеткен соода базары бир ай ичинде калыбына келтириле турган болду.

Буга чейин жабыркагандардын чыгымын тактоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Маалыматтар Ленин райондук администрациянын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан чогултулууда. Ал соодагерлердин дээрлик баардыгында канча товар болгонун тастыктаган документтери жок болгондуктан,  арыздын негизинде  гана такталып жатат. Өткөн ишемби жана жекшемби күнү эле жалпы  277 ишкер өз арызын калтырганын аталган район акиминин биринчи орун басары Адилет  Малдыбаев кабарлады.

Ош базары боюнча азыркы учурда акимдин тапшырмасы менен комиссия иштеп жатат. Жабыр тарткандардын жалпы тизмеси түзүлүүдө. Дем алыш күндөрдүн жыйынттыгы менен 277 адам документтерин тапшырды. Азыркы учурда комиссия иштеп жатат.

Малдыбаев белгилегендей райондук деңгээлде базар жекетчилиги менен жолугушуу болгон. Анда базарды мурунку калыбына келтирүү милдетин жекетчилик өз мойнуна алган.

Жабыр тарткандар боюнча  маалыматтар толук алынып бүткөн соң гана канча зыян тартканы такталат жана мамлекет  бере турган жардамдын көлөмү бекитилет. Азырынча убада боюнча турат. Эсиңиздерге сала кетсек,  буга чейинки эки жолку өрттөн жабыр тарткан ишкерлерге дагы чыгымдар төлөнүп бериле элек. Бул жагынан баардык ишкерлерге конпенсация бирдей өлчөмдө төлөнүп берилиши керектигин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аманов айтат. Анын пикиринде күлгө айланган товардын так көлөмүн аныктап чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бюджеттин чөнтөгүнө жараша төлөнүп берилиш керек.

Бул жерде ишкерлер товарын  көбөйтүп же азайтып көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошол себептен баарына бирдей компенсация бериш керек. Себеби муну так даана далилдеш кыйын болот. Эгерде өкмөттүн алы жетсе, 500 миң сом берсе жакшы болмок.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон.  Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын «Берекет» базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш иши козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache