Шашылыш кабар:

Исаков өрт кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында банк жетекчилери менен жолукту

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Исаков өрт кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында банк жетекчилери менен жолукту
Кыска кабар
0

Премьер-министр Сапар Исаков, бүгүн 16-апрелде, коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен жолукту. Бул жолугушуу Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы базарларда чыккан өрт кесепетинен жабыркагандарга көмөк көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда премьер-министр жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн банк жетекчилеринен кредиттер боюнча үстөктөрдү төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, пайыздарды эсептөө мөөнөтүн жылдыруу, жабыркаган ишкерлерге кредит берүү мүмкүндүгүн карап чыгууну өтүндү.

Жолугушуунун катышуучулары жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, 13-апрелде Жалал-Абад шаардык базарда түнкү саат 02:00 чамасында өрт чыккан. Тилсиз жоодон 1 миң 344 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Ушул эле күнү Ош базарында таңкы саат 3:30 чамасында өрт чыгып, 2. 5 миң чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Comments are closed.