Шашылыш кабар:

Кыргызстанга Тажикстан Эсеп палатасынын өкүлдөрү келди

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстанга Тажикстан Эсеп палатасынын өкүлдөрү келди
Кыска кабар
0

Кыргызстандын Эсеп палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов бүгүн, 16-апрелде Тажикстандын Эсеп палатасынын делегациясын кабыл алды. Бул делегацияны башкы  аудитору Ахмадзода Файзали Зардак жетектеп келди.  Делегациянын мамлекеттик кызматтар менен таанышуу визити 21-апрелге чейин созулат.

Жолугушууда Марипов тажрыйба алмашууга кыргыз тарап ачыктыгын белгилеп, бул кызмат көз карандысыз жогорку бийлик экенин жана анын түзүлүшүн айтып өттү.

Өз кезегинде Ахмадзода кыргыз кесиптештерин Тажикстанга чакырып, кызматташууга кызыктар экенин белгилеп өттү. Бул үчүн эки тараптуу келишим түзүү зарылдыгын билдирди.

Марипов жолугушуунун аягында Тажик кесиптештерин ШКУнун Башкы аудиттеринин июнь айында Бишкекте өтө турган жыйынына чакырды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache