Шашылыш кабар:

Прокуратуранын кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Прокуратуранын кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыска кабар
0

Башкы прокуратура башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын жетекчиси бүгүн, 16-апрелде 200 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Comments are closed.