Шашылыш кабар:

Депутат: Орусия ЕАЭБ келишимдерин бузуп жатат

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Депутат: Орусия ЕАЭБ келишимдерин бузуп жатат
Дүйнө кабарлары
0

Белорусия өндүрүштөрүнүн Орусияга киришине тыюу салуу Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдерине каршы келет. Бул тууралуу Белорусия өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко «Беларусь 1» телеканалында билдирди.

Анын айтымында Орусия менен Белорусиянын соода байланышы мурунку жылга салыштырмалуу 23%га өскөн. Бирок Орусияга товарларды алып кирүүдө тоскоолдуктар болуп жатат. Айрыкча, айыл-чарба продукцияларын киргизбөөсү ЕАЭБ келишимдерине каршы келет.

Андрейченко парламентарийлер бул маселеге кайдыгер карабай турганын кошумчалады.

Эске салсак, Орусия жакында эле чочко тумоосун негиз кылып Белорусиянын чочко этинен жасалган продукцияларын алып кирүүгө тыюу салган. Андан соң сыр продукциялары мыйзамсыз кирип жатканын билдирген.

Comments are closed.