Шашылыш кабар:

Сооронкулова: Башкы прокурордун кызматтан алынуусу шашылыш чечим болду

Апрель 16th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Сооронкулова: Башкы прокурордун кызматтан алынуусу шашылыш чечим болду
Кыска кабар
0

Башкы прокурордун кызматтан алынуусу шашылыш чечим болду. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президентин Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушунда толук негиз жок. Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчётун угуп, ага саясий жана укуктук баа берип, жыйынтыкка жараша Жолдубаевага суроо берилиши зарыл эле.

«Президент кетир десе, ЖК дароо колдоп жатат. ЖКда Жолдубаеваны эмне үчүн кызматтан алынып жатканын сурап, маселе көтөргөн киши жок. Бийликти бөлүштүрүү системасы иштебей жатат. Башкы прокурорду бир гана мыйзам башкарат. Статистикалык маалыматтар Башкы прокурордун ишинде мурунку жылдарга караганда жетишкендиктер бар экенин көрсөтөт», — дейт Сооронкулова.

Ал буга кошумча, сотторду округдарга бөлсө, чыңалуу болбой, тең салмактуулук сакталаарын айтты.

Ошондой эле, соттордун айлыктарын көтөрүү менен бул системадагы коррупциянын деңгээли төмөндөбөй турганын белгилеп, алардын 50-60 пайызы кынтыксыз иштегенде гана абал өзгөрөөрүн кошумчалады.

Comments are closed.