Шашылыш кабар:

Сооронкулова: Соттор коркок болуп жатат

Апрель 16th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Сооронкулова: Соттор коркок болуп жатат
Кыска кабар
0

Соттордун тартип комиссиясы өз алдынча орган болгону менен анын курамы туура эмес түзүлгөн. Аталган мекеме 2017-жылы иштебегендиктен бир жылда жети жүздөй арыз чогулуп калган. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, соттордун тартип комиссиясы кылмыш кылган сотторду калкалап алып калып, саясий тапшырмаларды аткарбагандарын кызматтан кетирип жатат. Ал эми Конституциялык палата Ак үйдүн буйругун аткарган органга айланган.

«Соттор чыгарып жаткан чечимдер мыйзамсыз, адилетсиз болуп жатат. Коомчулукта сотко болгон ишеним азайып кетти. Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн кыскартуу туура болгон эмес», — дейт Сооронкулова.

Сотторду тандоо кеңешинде жарандык коомдун мүчөлөрү жок экенин айтып сынга алган Сооронкулова, соттор туруктуулук көргөзө албай, коркок болуп жатканын кошумчалады.

Comments are closed.