Шашылыш кабар:

Кылмышка шектелгендердин жанынан 12 капчык табылды

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кылмышка шектелгендердин жанынан 12 капчык табылды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 16-апрелде Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектелген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандарды текшерүү учурунда 12 капчык табылды. Анын ичинде 6 айдоочулук күбөлүк, 4 техникалык күбөлүк, 9 банк картасы, 3 телефон, 6 ишеним кат (доверенность) жана беткаптар табылган.

Кармалгандар эки айга убактылуу кармалуучу абакка киргизилди. Алар жалпысынан 15 уурулук кылмышы боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, 13-апрелде маршруттук таксиде капчыгындагы 18 миң сомун жана документтерин жоготкон жаран милицияга арыз менен кайрылган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жогорудагы жарандар кармалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache